«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

ХҮРРЕМ АЖАЛЫН ЭҢ БАНАЛДУУ ТУМООДОН ТАПКАН

Секелегинде хан сарайга алынып келинген күң шайырдыгынан улам султандын «Хүррем» деген ысымына арзыйт. Кырк жылдай хандын жанынан чыкпай жашаган Хүррем өз адамдарынын жашоосун бейишке айлантып, душмандарын тозокко салган. Бул баяныбыз анын табышмактуу өлүмүнө арналат.

 

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
131-133-сериялар:

ХҮРРЕМГЕ КЫЯМАТ КЕЛЕТ
Селим менен Баязиддин тирешүүсү Нурбанунун кийлигишүүсү менен курчуйт. Нурбану Дефне аттуу күңгө «Баязиддин жүрөгүн багындырып, менин айтканымды аткарасың» деп тапшырма берип, аны Күтахьяга жөнөтөт. Дефне Баязиддин жүрөгүнөн түнөк табат жана анын ак сарайында болуп жаткан сөздөрдү Нурбануга жеткирип турат. «Баязид Селимден күчтүү. Атаандаштын көзүн тазалоо керек» деп өз алдынча бүтүм чыгарган Нурбану Дефнеге Баязидди ууландыруу тапшырмасын берет. Бирок ханзаада жардамчысы Атмажа таап келген дарынын жардамы менен аман калат. Бутуна турган соң ууландыруунун артында ким турганын сүрүштүрүп отуруп, кызуу кандуу Баязид кошуунун ээрчитип Селим башчылык кылган Манисага келет.
Уулдарынын душманга айланып бара жатканын, атүгүл кан төгүлүп кетиши мүмкүн экенин уккан Хүррем жолго чыгат. Сапар бою Хүрремди ийинине чыккан жарасы кыйнайт. Ошондой эле көзү ачыктын түшүн жоруп берип жатып «Ар бир адамдын өлүмү анын кыяматы. Сиздин кыяматыңыз келиптир, султаным» деген сөздөрү Хүрремди санаага бөлөйт. Манисага жетип келген соң ал ага-ини ортосундагы салгылашууну токтотот. Хүррем Стамбулга кайтат, анын оорусунун айыккыс экенин дарыгерден уккан Сүмбүл окуянын чоо-жайын Сулейманга айтат.
Султан мен-мен деген шыпаагерлерди чогултуп, дартка даба табууну буюрат. Жараны көргөндөр баары бир ооздон аны айыктыруу мүмкүн эместигин айтышып, Бурсадагы дарылык касиети бар булакка барып көрүүнү сунуш кылышат. Бурсага келген Сулейман Мустафанын күмбөзүнө барат, ал эми Хүррем Махидеврандан кечирим сурайт. Хүрремдин «билем, кымындай акым жок, бирок мен баарын жайгарып коюп кетким келет» дегенине Махидевран «мен сени кечирдим» деп жооп кылат. Андан ары Хүррем Сулейманга «Балдарыма кабар жөнөт. Мен ажалды сенин кучагыңда, жакындарымдын курчоосунда тосуп алайын. Мен даярмын» дейт.

«СУЛЕЙМАН, СЕНИ СҮЙӨМ, ТҮБӨЛҮК СҮЙҮП ӨТӨМ»
Так маалыматтар жок болсо да, бешенесине ханыша болуу жазылган күң болжолдуу түрдө 1506-жылы туулуп, 1558-жылы каза тапкан. Жолдошу Сулейман султан аза-кайгынын чеңгелинен чыга албай жүрүп, 8 жылдан кийин көз жумган. Султан айым Сулеймандан да бийликти көбүрөөк жакшы көргөн деп айтылат. Бирок ал уулу Селимдин хан таажысын кийгенин көрбөй кеткен. Расмий булактар боюнча, Хүррем сасык тумоолоп калып, дене табынын ысыгы түшпөй бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал жүрөк оорулуу да болгон, өмүрүнүн соңунда көпкө төшөктө жатып калган. Душмандарынын көптүгүнө байланыштуу Хүррем ууландыруудан улам набыт болгон деген версия да бар.
Султан айымдын сөөгү Сулеймание мечит-комплексиндеги күмбөзгө коюлган, жанында Сулейман султандын күмбөзү жайгашкан. Хүррем жаткан күмбөз дээрлик дайыма жабык турат жана мунун айынан туристтер нааразычылыгын көп айтышат. Күмбөздүн чокусу султандын буйругуна ылайык, жубайынын жакшы көргөн зымырыт таштары менен кооздолгон. Атүгүл Сулейман кайтыш болгондо жакындары султандын жакшы көргөн асыл ташы лаал экенин унутуп коюшуп, күмбөзүнүн чокусун зымырыт менен кооздошкон делет.
Хүрремдин акыркы сөзү Сулейманга арналып, ал султанга «сени сүйөм, түбөлүк сүйүп өтөм» деп айткан. Дагы бир уламыш, а балким, факт: султан айым менен коштошууда аалам падышасы Сулейман баарынын көзүнчө мөгдүрөп, элден ыйын жашырган эмес. Жубайынын өлүмүнөн кийин Сулейман Ирандагы шаарлардын бирин Хүрремабад деп атаган, ал калаа бүгүн да бар.

Туулган жери делген Украинанын Рогатин шаарына султан айымдын эстелиги 1999-жылы орнотулган.

ХҮРРЕМДИН БЕШИК ЫРЛАРЫ
«Даңазалуу кылымда» жаңырган саундтректерди аттап өтүү болбос. Айрыкча Хүрремдин алдейлеген бешик ырларын... «Ой, лю-люли, люли, налэтилы гули» деп башталган бешик ыры, эстедиңизби? Ал «алдей, алдей, турналар учуп келди» деп которулат. Эски славян тилинде болгону үчүн славяндардын баарында эле ушундай бешик ыры бар. Сериалда бул ыр Хүрремдин ролун аткарган Мерьем Узерлинин үнү менен жаздырылган. Айрым маалыматтарга караганда, актриса фонограммасы жок, серияны тартуу учурунда жандуу аткарган. Тарых барактарында Хүрремдин шыңгыр үндүү болгону айтылат.
Элдик ырды сериал үчүн кайра иштеп чыгып, «Лули» ырына Йагзан Бойоглу деген ырчы жан берген. Неосоул, альтернативдик рок стилинин аткаруучусу пианинодо да ойнойт. «Даңазалуу кылымдан» башка сериалдардагы саундтректери да эл оозуна алынган.
Жалпы сериалдын композиторлоруна келсек, алар – Сонер Акалин, Айтекин Аташ жана Фахир Атакоглу. Акалин менен Аташ анчейин белгилүү эмес, Атакоглу эл аралык деңгээлде таанылган композитор. Саундтректерди жазууда Сулейман султандын тушунда хан сарайда угууга мүмкүн болгон музыкалык инструменттер чогултулган. Сонер Акалин сериалдын башталышындагы жана аягындагы музыканын, ошондой эле жүрүш учурундагы композиция, Ибрагим менен Хатиженин романтикалык темадагы музыкасынын жаратуучусу. Композитор Айтекин Аташ мындай дейт: «Сериалдын жүрүшү тез, ылдамдыкта уланып жатты, ага карабай музыкалык коштоо кооз жасалышына талап коюлду. Кээде бир күндүн ичинде бир, эки же үч композиция чыгарууга туура келди. Жазып чыккандан эки күндөн кийин эле көрүүчүлөр угуп жатышты».

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Patrik
2014-11-10 09:40:56
Ой лю лю ли деген ыр мага да жагат.
0
Topchubai
2014-11-10 10:28:35
Админ сураныч ушул кинонун музыкалары барбы порталда?Болсо шилтемесин берип койгулачы сураныч!
0
admin_superstan
2014-11-10 10:33:27
Oceana
2014-11-10 13:33:46
Men uwul kinönu chok chok sevýorum. :D ))
0
Deniza88
2014-11-13 11:44:44
Oceana, кыргызча эле жазбай бы эми, ушу биз особенно кыздар, бир эки турк тааныш болсо эле туркчо суйлоп калабыз, тескерисинче аларды кыргызча суйлоткондун ордуна
+2
Eldos-kg
2014-11-10 18:41:02
Кана эми кыргыздар да оздорунун тарыхын сериял кылып тартканга кудирети жеткенде.
0
belka
2014-11-11 12:52:21
Биздин эски кинолор жакшы тартылган,азыркы кинолордогу актёр,актрисалар жасалма суйлоп кинону бузушат.
+2
aali-90
2014-11-16 23:34:44
суперди бул сериал байытыда. тугонойун дедиби каармандар супер?
+1
aali-90
2014-11-16 23:36:35
мындай сериалды кыргызстан чыгарыш колунан буга чейин келбеген будан кийин деле келбейт!
0
aali-90
2014-11-16 23:39:54
башка олконун таарыхый сериалдарына суктанып отуп кетесинер ха ха ха
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан