ЖЫЛАН МЕНЕН БАЛЫК

Жылан менен балык ынак достордон болчу. Бир күнү жылан балыктан минтип өтүнөт:
– Досум, мени жонуңа мингизип алып, деңиз сүздүрчү?
– Жарайт,- дейт балык. – Бирок бекем отур,- деп жонуна жыланды отургузуп, деңиздин тармал толкундарын аралай сүзүп жүрдү. Жылан кулап түшпөйүн деп балыктын денесине
чырмала оролуп алды. Бир кезде жылан ийнедей учтуу тишин балыктын жумшак этине матыра баштады. Денеси  ооруксуган балык:
– Кокуй, бул эмне кылганың, жылан дос?- деди.
– Мен жөн эле...
Дагы арыраак сүзө башташты. Бирөөнү мингизип алып, сүзүп жүрүш балыкка деле оңой иш эмес да. Аңгыча балыктын денеси дүр деп кетти. Анткени жылан балыкты кайрадан чагып алган эле.
– Тиштебесең боло, бай болгур!- деди балык. – Ооруганынан жаным чыгып кете жаздады.
– Башым айланып кетип, тиштеп алдым окшойт,- деп жооткотту жылан.
Арадан анча деле көп убакыт өтө электе жылан баягы адатын дагы карматты. Балык шордуу бул жолу ыйламсырап үнүн өктөм чыгарды:
– Сен жакшылыкты билбейт экенсиң. Бул эмне деген душмандык?!
– Душмандык эмес, бул жыландардын ата салты,- деп жооп кайтарды жылан ышкырып.
Канча жолу тиштеп, анан «ата салтым» деп жайма-жай айтканы балыкты аябай капа кылды. Акыры ал дагы тигинин мамилесине жараша жооп берүүгө аргасыз болду.
– Эмесе, жылан дос,- деди балык кабагын бүркөй. – Менде да ата-бабадан калган бир салт бар.
– Ал кандай салт экен?- дегиче балык суунун эң терең жерине сүңгүп кирип кетти. Андай тереңдикти көрбөгөн жылан тумчукканынан жонунан кулап түштү.
Ошентип достукка кастык кылган жылан сууга чөгүп кеткен экен.

Замира Рахманбердиева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mani
2014-11-11 22:42:18
Жакшы жомок экен.
0
Ainura_kg85
2014-11-12 12:41:39
Жакшы жомок экен. Балдарга тарбия бере турган.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан