Наталья Варлей: «ЫСЫК-КӨЛ МЕНИ ДАРЫЛАГАН»

«Спортсменка, комсомолка и просто красавица!» Нина эсиңиздедир. Ал «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасынан улам таанымал. Бул образды жараткан актриса Наталья Варлей борбор калаабыз Бишкектеги Орус драма театрында адабий-музыкалык кечесин өткөрдү. Убакыттан пайдаланып биз да маекке чакырып калдык.

ЦИРКТЕН ТАСМА ТАЛААСЫНА
Варлей Наталья Владимировна 1947-жылы 22-июнда Румыния мамлекетинин Констанца шаарында жарыкка келген. Жаштайынан таланттуу, музыкага жакын өскөн Наташа үй-бүлөсү менен 3 жашында Москва шаарына көчүп келет. «Эсимде, бир жолу апам мени циркке алып барган. Кассанын жанында «11-13 жаштагы улан-кыздарды машыктырууга алабыз» деген жарнама илинип туруптур. Менин курагым жарыядагы талапка жооп бергендиктен эртеси үйдөгүлөргө айтпай барып, циркте жүрүп жаткан тандоодон өтүп кеттим. Жыйынтыгында Орус мамлекеттик цирк жана сахна искусствосу боюнча училищени аяктадым. Кийин циркте иштеп жүрүп «Күн желесинин формуласы» («Формула радуги») деп аталган тасмага тартылгам. Тилекке каршы, ал чоң экранга чыкпай калды. Мага атактуулукту алып келген тасма, албетте, «Кавказ туткуну» болду. Ага мен 500 кыздын ичинен тандалып алынгам. Анда мен 19 жашта элем, жыйырмага чыкпай туруп Советтер Союзунун жылдызы болгом» деп эскерет актриса.
«Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасы жарыкка чыккан соң Натальяны Владимир Тихонов сүйүп калат. Ал атактуу актриса Нонна Мордюкова менен «Жаздын 17 ирмеми» тасмасындагы Вячеслав Тихоновдун уулу болчу. 1971-жылы экөө баш кошушат. Жеке турмушу жөнүндөгү эскерүүлөрүндө Наталья жолдошу тууралуу мындай дейт: «Владимир мени аябай сүйгөн, мага жетүү үчүн 4 жыл бою эртең менен жумушка баратканымды көрөм деп мен жашаган көп кабаттуу үйдүн чатырында түнөп жүрдү. Үйлөнгөндөн кийин ал мени ар бир дарактан кызганып айламды кетирчү».
Түгөйлөр 1972-жылы уулдуу болгон соң эки ажырым жолго түшүшкөн. Ага чейин Наталья Николай Бурляев аттуу чыгармачыл мырза менен 3 жыл жарандык никеде жашаган. Актриса азыр жеке турмушун эл көзүнөн жаап-жашырууну туура көрөт. Коомчулукта «Актрисанын тун уулу Владимирден эмес, атактуу актёр Аркадий Райкинден төрөлгөн. Ал Владимирди жөн эле алдап турмушка чыгып алган» деген кептер айтылып келет.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • «Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары» тасмасына тартылуу үчүн купальникчен тасма талаасына чыгууга макул болгон.
  • Аталган тасмадагы трюктарды өзү аткаруу үчүн ал режиссёрду «мен каскадёрмун» деп алдаганын айтат.
  • Наталья: «Мени Нинанын образына байланып калганым кейитет. Бул роль мага атактуулук алып келгени менен, кийинки карьерамдын жолун тосуп койду»,- деп көп айтат.
  • Актрисанын атын жамынып бай кишилерден «мен Наталья Варлеймин» деп акча алган айымдар бир учурда аябай көбөйгөн. Жадакалса айрым алданган мырзалар чыныгы Натальяны кармап алып, «карызыңды бер» деп коркутушкан учурлар кездешкен.

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖАРЫК ӨЧҮП, ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛДА КАЛТЫРГАН»
Наталья Варлейдин Бишкекке алгачкы жолу келиши эмес, мурунку келгениндеги окуяларды эстеп бизди да күлдүрдү.

– Куш келипсиз, буга чейин Бишкекке качан келдиңиз эле?
– Мен Бишкекке көп эле келдим. Мындан 3 жыл мурун Бишкекте бир топ актёрлор болуп спектакль койгонбуз. Эсимде, мен спектаклден кийин уйкум келип, дароо эле мейманканадагы бөлмөмө барып уктап калгам. Калгандары тамактанууга кетишкен. Саат түнкү 12 болгондо жарык өчүп, байкуштар 12-кабатка темселеп араң чыгышыптыр. Биз Бишкекте жарык өчүп турарын билбептирбиз (күлүп).
Андан мурун Мар Байжиевдин «Нөшөр» тасмасына тартылганы келгенде Ысык-Көлдүн кереметине катуу суктангам. Анда менин жан дүйнөм жабыркап турган эле, көлдү көрүп бүт көйгөйлөрүмдү унутуп кеткенмин.

– Бишкектин театр сүйүүчүлөрүнө кандай баа бердиңиз?
– Мисалы, москвалыктар искусствого тоюп калышкан. Аларды бир нерсе менен таң калтыруу кыйын. Сахнада туруп алып кара терге түшүп аткарсаң да «дагы эмне болуп кетет экен?» дегенсип эмоциясыз отура беришет. Бул жерде болсо залда отургандар актёр менен чогуу бир толкунда болушат экен. Ыйласа ыйлап, сахнадагы болуп жаткан окуяга аралашып кетишет тура. Мага көрүүчүлөрдүн маанайы жакты.

– Биз тарапка дагы келесизби?
– Ден соолугубуз чың болуп, жол жүрүүгө күчүбүз жетип турса, далай келебиз.

Актриса спектаклде ойноордо күн бою тамактанбайт экен. Ошого байланыштуу бизден кечирим сурап «тамактанайын, өтө кеч болуп кетти» деп коштошуп, жолун улады.

Актриса 2-уулу Алексей кимден төрөлгөндүгүн ушуга чейин жашырып келет.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кавказ туткуну Нина SUPER.KG`ге маек курду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Apsi
2014-11-10 15:56:11
татынакй болуп карыптыр
0
belka
2014-11-11 12:45:12
Прическасын озгортпоптур го.
0
mani
2014-11-11 15:24:04
Кыйла картая тушуптурго.
0
xperia_kg
2014-11-12 13:16:26
Эхх Нина Нина...
0
Ariet7
2014-11-13 04:41:40
Шурик м.н Нинанын кинолорун тажабай бат баттан кором))))капырай прическасы илгерки бойдон гоо
0
bunka-94
2014-11-13 22:52:51
jashtygynda kanday bolso azyr da oshondoy,supsuluugo.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан