Евгений Ваккер, веложарышчы: «Менден кийин профессионал веложарышчы чыкпай калабы деп корком»

Өлкөбүздү алыска таанытып, беделдүү мелдештерден байгесиз кайтпаган спортчуларыбыз саналуу гана. Алардын бири – кыргыз спортун алыска тааныткан, өз ишинин дасыккан чебери Евгений Ваккер. Ал жакында эле болуп өткөн «Инчхон-2014» Азия оюндарында да ийгилик жаратып, күмүш медалга арзыды. Кыргыз спортунун тарыхындагы эң олжолуу спортчулардын катарына кирген веложарышчы өмүр-таржымалы тууралуу төкпөй-чачпай гезитибизге баян куруп берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Евгений Ваккер
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 16-апрель
Улуту – немис
Жетишкендиктери – 4 жолку Азия чемпиону, Азия оюндарынын 6 жолку медаль ээси (5 күмүш, 1 коло), 3 жолу Олимпиада оюндарынын катышуучусу
СССРдин спорт чебери, Эл аралык категориядагы спорт чебери, КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы
Учурда Германияда жашайт

«ВЕЛОСПОРТКО КЕЛИШИМ»
– Мен 1974-жылдын 16-апрелинде Фрунзе шаарында кадимки советтик үй-бүлөдө туулгам. Велоспортко 15 жашымда келдим. Ал кездеги көпчүлүк жаш балдардай эле мен да кичинекейимден тарта футбол ойночу элем. Бир күнү Сергей Вокун аттуу машыктыруучу келип, велоспорт секциясына чакырып калды. Жаш балдарга кандай ой келмек эле, «велосипед тебебиз» деп эле жазылып алганбыз. Ошентип, «Буревестник» деген клубда машыгып калдым. Ал жактан спорт интернатка которулуп, азыркы машыктыруучум Эркен Акранов менен таанышкам. Бул агайдын машыктыруусу алдында 2-3 жылдан соң улуттук курамдын мүчөсүнө кире алдым.

 

«АЗИЯ ОЮНДАРЫ МЕН ҮЧҮН ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛУП КЕЛЕТ»
– Спорттогу чоң карьерам 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн Азия оюндарында башталды. Бул Кыргызстандын эгемендүү тарыхында алгачкы ирет катышып жаткандагысы эле. Анда 1-орунду алган спортчудан 0,2 секундага артта калып калгам. Ызаланганымды айтпа. Жыйынтыгында күмүш медаль. Кантсе да башталышы жаман эмес болду.
Андан кийин «Бангкок-1998» Азия оюндарында күмүш, «Пусан-2002де» коло, «Доха-2006да» күмүш байгеге илиндим. «Гуанчжоу-2010» Азия оюндарына 2 жумадай калганда ооруканага түшүп калдым. Анда акыркы даярдыктарды көрүү үчүн Кыргызстанга жаңы эле келген күнүм болчу. Келерим менен ичим катуу ооруп баштады. Алгач бул учакта жүргөндүктөн го деп маани деле берген эмесмин. Эртеси машыктыруучум ооруканага алып жөнөдү. Анын бир тууганы хирург эле, ал бизди дароо кабыл алды. Сокур ичеги экен. «Операцияга даярдагыла» дегенде «бул жолку Азиада менсиз өтөт экен» деген ой келди. Бул мен үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени бул оюнга даярдыктар жана машыгуулар үчүн каражаттар сарпталган. Капаланып турсам, операция жасаган хирург «олуттуу деле эч нерсе болгон жок, 3-4 күндөн кийин эле велосипед тебе аласың» деп кубантты. Ошентип, 20 күндөн кийин Гуанчжоудон күмүш медаль тагынып келдим.
Ал эми быйылкы жылы «Инчхон-2014» оюндарында 42 чакырымдык жекелик жарышта казакстандык жарышчы Луценкодон гана артта калып, дагы да күмүш байге алып калдым. Бул менин 6-Азия оюндарындагы 6-байгем.

«ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУ АР БИР СПОРТЧУНУН КЫЯЛЫ»
– Олимпиадага катышуу ар бир спортчунун кыялы болсо керек. Бактылуумунбу же мага ийгилик жылмайдыбы, айтор, мен бул оюндарга бир эмес, 3 ирет катыштым. «Атланта-1996», «Сидней-2000» жана «Афины-2004» оюндарына катышып, тилекке каршы, медалга илине алган жокмун. Азия чөлкөмүндө Олимпиадага тандап алуу жекеликте эмес, командалык жарыштарда болот. Кыргызстандын атынан жалгыз эле мен болгондуктан, бул абдан эле татаал. Бирок кандай болсо да «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиада оюндарына лицензия алуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм.

«МАШЫГУУЛАРЫМ ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТӨТ»
– Унаа менен жүрүү жакшы, бирок велосипед тебүү андан да жакшыраак. Машыгуулардан мен кадимкидей эргүү алам. Дүйнөнүн канча бурчунда болдум, бирок Ысык-Көлдөгүдөй машыгуучу жер таба албайсың. Ал жердин укмуштуудай жаратылышынын кучагында машыкканга эмне жетсин?! Дал ушул жерде мен өзүмдү суудагы балыктай сезем. Олуттуу мелдештерге акыркы даярдыгымды Ысык-Көлдө өткөрүп келем.

ӨЛКӨДӨГҮ ВЕЛОСПОРТ ТУУРАЛУУ
– Азыр Кыргызстанда маунтинбайк (тоо-ташта велосипед тебүү) өнүгүүдө десем болот. Ал эми классикалык велоспорттун жагдайы оор абалда. Велоспорт – эң кымбат спорт түрлөрүнүн бири. Ошол эле велосипед, экипировка үчүн миңдеген АКШ доллары жумшалат. Мындан сырткары машыгуулар, атайы чогуу жүргөн унаа керек. Өлкөдөгү велоспорт сүйүүчүлөр арасында гана болууда. Менден кийин профессионал веложарышчы чыкпай калабы деп корком. Мен «могикандардын» акыркысымын десем болот. Жакшы спортчуну тарбиялоо – бул өзүнчө чоң түйшүк. Мамлекет тарабынан да колдоо болсо, спортчунун ийгиликке жетишине чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
– Учурда үй-бүлөм, ата-энем менен Германияда турабыз. 2 уул жана 1 кыздын атасымын. Таң калычтуусу, кызым уулдарыма караганда велоспортту жакшы көрөт. Мен көбүнчө машыгууларда, мелдештерде жүрүп, үй бетин көп убакыт бою көрбөй калам. Балдар менен көбүнчө апасы калат.

«КЫРГЫЗСТАН – МЕНИН МЕКЕНИМ!»
«Биздин өлкөбүздүн атынан чыгып бер» деген сунуштар көп эле түшкөн. Бирок мен Кыргызстанда туулгам, ушул өлкөдө спортчу болгом. Демек, бул өлкөнүн атынан чыгуу мен үчүн милдет. Кыргызстан – менин мекеним.

«Инчхон-2014» Азия оюндары. Евгений Ваккер жекелик жарышта күмүш медаль ээси.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Patrik
2014-11-10 09:31:01
Азамат экенсин. Немец болуп туруп КРны суйгон чыныгы патриот экенсин.
+2
restreppo
2014-11-10 16:18:10
Азамат Евгений чыныгы патриот экенсин немец болсон да,бар бол
0
Begai.93
2014-11-10 19:55:43
Молодец , бар бол, жана ийгилик
0
azamat7386
2014-11-10 22:52:56
Биз сиз менен сыймыктанабыз!!!
+1
mani
2014-11-11 15:33:18
Мен вело жарыштарды калтырбай кором кызыгам бирок Бул спорт боюнча машыктурчу зал тренерлер жок кантип байланышса болот?
0
mani
2014-11-11 15:34:51
супер инфо ушул боюнча малымат бериниздерчи
0
admin_superstan
2014-11-11 15:44:35
mani, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
Велоспорт федерациясына кайрылууну сунуштайбыз.
0
barpy1
2014-11-12 15:17:07
Улуту кыргыз болбосо да, Кыргызстанда жашабаса да Кыргызстандын намысын коргоп желегин желбиеткен Евгений Ваккер менен миллиарддаган футбол куйорманына Кыргызстанды таанытып ушул олконун окулу арбитр Бахадыр Кочкаровдун эмгегин, Кыргызсан учун кошкон чон салымын эске алып окмот квартира берсе болоор эле буларга... Кыргызстандын патриоту болуп атын дуйного жар салган мындай адамдар саналуу, колдо алтындые баркы жок болбой баалайлы. Чондор кайсы эмгегине особняк салат да буларга квартира жок?!!
+2
Eliza83
2014-11-12 18:33:07
Калпак кийгени эле озунчо бир сыймык го!
0
ggvatua
2014-11-13 12:32:11
Азамат,ушундай жигиттер коп болсо экен.Кыргызстандыкмын дегенде журогу тез-тез соккон жигиттер кобойсо экен.Ошондо уй-булонун,бала-чаканын,мекендин кадырына жеткен касиеттуу муун жаралмак.
0
beki.kg
2014-11-13 14:34:16
чыныгы патриот
0
lolalola
2014-11-14 00:58:11
Okmot tarabynan syilyk berilishi kerek!!!
0
K.Batken
2014-11-15 23:25:40
Бар болунуз!сизден алтын медал кутобуз!ийгилик!
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан