Акыркы кезде эл аралык сотто Кыргызстандын аты байма-бай угулууда. Бирде «Центеррадагы» акцияларыбыздын арестке алынганы, бирде Валерий Белоконго 16 миллиондон ашык долларга доого жыгылганыбыз айтылып, айтор, көп суроолор пайда болду. Мына ошол суроолорго жооп алуу үчүн юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов менен баарлашып кайттык.
– Жакында эле «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларынын 60 пайызы арестке алынды. Токон Мамытов «өкмөттү 8-9 компания сотко берип жатат, коркунучтабыз» деп тынчсызданууда. Кыргыз өкмөтү улам бир сотто утулуп, бир нече миллиондорго жыгылып жатат. Эмнеге?
– Кезинде Максим Бакиев шериктери менен ар кандай эл аралык ишканаларга биздин кен-байлыктарыбызды кармата беришкен. Кийинки бийлик ал лицензияларды алып койгон. Кыргызстандын чет жерде бир гана «Центеррада» акциялары бар. Ошондуктан сотко бергендер «Центеррадагы» активдерибизге көз артып жатышат. Себеби мурунку бийликтин чечимдери бар да. Мисалы,
ЦАРИИ деген мамлекеттик орган түзүп алышкан. Аны Максим өзү башкарып, бардык күмөндүү чечимдерди ушул орган аркылуу чечип турушкан. Анан эл аралык стандарттар боюнча мурунку бийликтин тушунда чыккан чечимдер аткарылыш керек деген түшүнүк бар. Бирок биз мурунку бийликтин иштерин улантпайбыз. Негизи ошол активдерибизди Кыргызстанга алып келип алсак, сотко берүүнүн натыйжасы жок болмок да, мындай көрүнүштөр токтомок.
– Акыркы учурда эл аралык соттордо Кыргызстандын «жылдыз» болуп кеткендиги кыргыз өкмөтүнүн юридикалык жактан чабалдыгынан эмеспи? Же көшөгө артында башка оюндар жүрүп жатабы?
– Сотко берди деп эле коркуунун кереги жок. Эл аралык сотто биздин да айта турган сөзүбүз, тийиштүү дооматыбыз бар. Байлыктарыбызды, элдин ырыскысын чырылдап эл аралык соттордо коргошубуз керек. Анан сотко берет экен деп коркуп кен-байлыктарыбыздан ажырап калалыбы!? «Жер-Үйдү», «Манас» банкты, «Куттуу-Сайды», «Мегакомду» берип салалыбы? Менимче, өкмөт ошол шылуундардын колунан лицензияларды алып койгону эң туура болгон. «Куттуу-Сайдын» байлыгы «Кумтөрдүкүнөн» көп. Ал жерде жаңы технологияларга пайдаланылуучу заттар чыгат.
– Эмнеге биз биринчи болуп ошол эле Максим Бакиев, Валерий Белоконь, Евгений Гуревич, Михаил Надель дегендерди эл аралык сотко берген эмеспиз? Алардын Кыргызстанда мыйзамсыз жасаган иштерин эринбеген саясатчынын баары айтып жүрөт го?
– Булардын баары эл аралык издөөдө жүрөт. Коррупциянын ана башында турган Максим Бакиев болгон. Мына Максим Бакиевди экстрадиция кылуу боюнча Англияга билдирүү жөнөткөнбүз. Бирок алар мыйзамына таянып Максимди берүүдөн баш тартып, бербей жатышат.
– Анан сырттан соттоп коюп эле кала беребизби?
– Өзүбүз барып кармап келе албайбыз. Ал Англиянын аймагында. Ал жерде мыйзам ошондой. Биз аны экстрадиция кылуу боюнча иш-чараларды токтотпойбуз. Быйыл экстрадиция боюнча билдирүү жибердик, эмки жылы да жиберебиз. Максим ал жерде деле жөн жүрө албай, кайсы бир афёра боюнча кармалат.
– Кепти Конституцияга бурсак. Президент тараптан дагы, оппозиция тараптан да Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгелер айтыла баштады. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү залалдуу жыйынтыктарга, жарандардын мыйзамдарды сыйлабай калышына, «ар ким өзүнө ылайыктап өзгөртүп алса болот» деген түшүнүккө алып келип койбодубу?
– Президент Конституцияны кийинки мөөнөткө барайын деп, же жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өзгөртөйүн деген жок. Сот системинин реформасын алга жылдыруу үчүн бир аз өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Тактап айтканда, сот системине Жогорку Соттун президиуму деген түшүнүктү киргизүү боюнча демилге. Бул туура. Конституцияга бул түшүнүк кирбей калган. Мисалы, бир эле мыйзамды соттор ар кандай талдап алышат. Мына ушундайда президиум ал мыйзам боюнча жол көрсөткүч болот. Түшүнүксүз жагдайларды жөнгө салып турат.
Ал эми оппозиция «Конституцияны өзгөртсөк биз жакшы жашоону алып келебиз» деп элдин көңүлүн бурганга аракет кылып жатат. Биздин менталитетке парламенттик систем эң туура келет. Президенттик башкарууда аябай маданияттуу, интеллигент адам деп Аскар Акаевди шайладык, андан соң мындан өткөн өндүрүшчү таппайбыз деп Курманбек Бакиевди шайладык. Бирок президенттик башкаруу биздин менталитетке туура келбестигин тарых эки ирет тастыктады. Сөзсүз түрдө үй-бүлөсү, жакын санаалаштары бийликке аралашып, кландар пайда болот экен. Регионализм күчөп кетет тура. Негизи маселени жамааттык көпчүлүк менен чечүү кыргыздын жан дүйнөсүнө жакын. Парламенттик систем жемишин берүү үчүн 4 жыл аздык кылат. Салыштырып караганда, парламенттик систем суу куюлган кумурадай, формасы, түзүлүшү жакшы, эми ошону булганбаган таза булактын суусу менен толтурушубуз керек. Бизде азыр ичиндеги суу бүдөмүк болуп жатпайбы.
– Парламент бүдөмүк суу болсо, өкмөтчү?
– Мен мындай баалайм. Элдин саясий маданияты кандай болсо, парламент ошондой болот. Парламент кандай болсо, өкмөт ошондой болот. Эгер элдин саясий-укуктук маданияты жогору болсо, жогорку деңгээлдеги парламент түзүлөт. Жанагы мен салыштырып жаткан суу тазаланат. Ал суу канчалык таза болсо, элдин жашоосу ошончолук жакшырат. Биздин элден айланса болот, акырындап саясий маданияттуулук жактан өйдөлөп келатабыз. Демек, туура жолдобуз. Бул тарыхый процесс.
– Өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан сиз «Кумтөр» боюнча жаңы келишимге кол койбой койдуңуз эле. Позицияңыздан кайта элексизби?
– Өзгөргөн жок. 50/50 пайыздык үлүштөн турган келишимде күмөндүү жактары бар. Мисалы, биргелешкен ишканада башкаруу кеңешинде кыргыз тараптан 5 киши болот деген менен, сатып алуу жана башка бир катар иштерди «Центерра» өзү жасайт деп жазып алышкан. Өз көмөчүнө күл тарткан келишим болуп калып жатат. Позициямдан кайткан жокмун.
– Алмамбет Насырканович, кепти саясат, кызмат багытындагы сөздөрдөн алыстатсак. Сурайын дегеним, жеке өзүңүзгө байланыштуу, эгер сиз жумушуңузда да, үйүңүздө да жок болсоңуз, демек, сиз кайдасыз? Ошондойдо сизди кайдан тапса болот?
– Андайда, же жумуштан келе жаткан болом, же жумушка бара жаткан болом. Кыскасы, жолдон тапса болот.
– Паспорт боюнча 45 жашта экенсиз. Жан дүйнөңүздөчү?
– Менин жан дүйнөм менен биологиялык саатым бирдей эле болуш керек. Жан дүйнөмдө деле кырк бештемин. 45 жаш карылык да эмес, жаштык да эмес. Бул күч-кубатка толуп турган убак. Кытайда жетекчилик кызматка 50 жашка толгондо коюшат экен. Ушул жашта адамдын болгон потенциалы толуп бүтөт дешет. Бирок карып калгыча эмес, 70 жашка чыкканда кызматынан узатышат.
– «Кызмат адамды өзгөртөт» деп коюшат. Кандай болуп өзгөрдүңүз?
– Кызмат адамды өзгөрткөндө текебер, өзүн өзгөчө алып жүрүп калат. Өзүмө-өзүм баа бергеним туура эмес. Кызматка келип, 180 градуска бурулуп, өйдөдөн ылдый карап калышкан адамдардын «мени кызмат өзгөрткөн жок» деп мактанып маек бергенин деле көрүп жүрөбүз. Бирок мага жанымда жүргөн санаалаштарым, коомчулук өз баасын бергени туура болот. Коомчулук бул – күзгү, ага карап түздөнөбүз.
– Маегиңиз үчүн рахмат!
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg