Жакында эле Чүй облусунун Москва районунда катталган кандуу окуя көпчүлүктүн үрөйүн учурду. Бир тууган ага-карындаштын катышуусундагы адам өлтүрүү фактысына ортодогу аласа-бересе себеп болгон.
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Чоң Чүй каналынын Чүй облусунун Москва районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы бөлүгүнөн саат 13:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз айымдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганы тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, маркумдун колу-буту айымдар көтөрүүчү сумканын боосу менен байланып, сууга ыргытылганына күбө болушат. Сумканын ичинен чөнтөк телефондун эки даана SIM-картасы жана эки даана таш табылган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында маркумдун өздүгү такталып, ал 1960-жылы туулган Калбү (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) аттуу айым экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, көп узабай кылмышка шектүү катары бир тууган ага-карындаштар – 50 жаштагы Айгүл жана 58 жаштагы Муратбек аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркум сабалып өлтүрүлгөнү маалым болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусунда, кандуу окуя 18-октябрь күнү Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан өздөрүнүн үйүндө болгон.
«МЕН ӨЛТҮРДҮМ, АГАМ ЖАРДАМДАШТЫ»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү АЙГҮЛ окуя кандайча болгондугу тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Мен Калбү менен мурдатан тааныш болчумун. Андан 140 миң рубль карызга алгам. Карызды ушул жылдын октябрь айында кайтарып беришим керек эле. Бирок кайтарып бере албай калдым. Ошол күнү Калбү карызын доолап келди. Ортодо чыр-чатак болуп, жыйынтыгында аны мен эт туурагыч менен чаап өлтүрүп алдым. Анан кылган кылмышымды жашыруу максатында агам экөөбүз маркумдун жансыз денесин арабага жүктөп барып сууга ыргытып жибердик. Агамдын аны өлтүрүүгө тиешеси жок, болгону мага жардамдашты.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА»
Жогорудагы окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси НУРБЕК ТОКТОСУНОВ буларды билдирди:
– Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 246-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана жасоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр Айгүл жана анын агасы Муратбек тергөө абагында. Алар кылган кылмышын моюндарына алышты. Мындан тышкары кылмышка шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда кочкул-жашыл түстөгү баңгизатына окшош жыттанган 35,5 килограмм белгисиз зат табылган. Ал зат азыр экспертизага жөнөтүлүп, эмне экендиги аныкталып жатат.
«Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары маркум тааныштарына жардам берем деп, тилекке каршы, алардан ыраазычылыктын ордуна минтип ажал таап отурат. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү акыйкат жаза күтүп жатат деген ишенимдебиз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg