ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-ноябрдан 16-ноябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Абалдын оордугуна карап, маселени чечүүгө эркиңиз жетпей отура берсеңиз, мүмкүнчүлүктү коё берген болосуз. Буга кошумча жакындарыңыз да кебин айтып, сизди айнытышы мүмкүн. Бирок белди бекем бууп, ишти колго алсаңыз, ийгилик жаратышыңыз күтүлүүдө. Аны улай апта ичинде жаңы адамдар менен таанышуу, жолугушуулардын күбөсү болосуз. Апта соңунда таарынышып кеткен адамдарыңыз болсо, алардын көңүлүн таап, элдешесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жаңы иш баштоону каалап, бирок ал тармакта тажрыйбасыз болгондор иштин көзүн билгендерден кеңеш алганы оң. Бул чыгымга дуушар болуп калуунун алдын алат. Ал эми жеке мамилелерге келсек, тааныштар менен пикир келишпестиктер орун алуусу мүмкүн. Ачууга алдырбай, тилди тиштин артына жашырсаңыз, ашыкча нервиңиз да коробойт жана маселе жеринде чечилерин эске түйүңүз. Сүйүү жаатында арзуусун арнай албай жүргөн бойдоктор чечкиндүү кадам таштаса, кыялдарына жетишет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында кыжырыңызды кайнаткан ушактар сизди алагды кылып, кызыктырган көп нерседен кур калтыруусу мүмкүн. Андыктан тергөөчүлүктү аркалабай, өзүңүздү колго алып, абалды жөндөп кетүүгө тырышыңыз. Бейшембиде акча, баалуу буюмдарыңызга сак болуңуз, уурулардын укуругуна илинип калуу коркунучу жогору. Апта соңунда таарынышкан түгөйлөр табышса, бойдоктор жүрөгүнүн ээсин кезиктириши мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ызы-чууга күбө болуу менен башталат жана ага аралашуудан алыс болуп, нейтралдуу пикирди карманыңыз. Болбосо айланаңыздагылардан өзүңүзгө каршы пикир жаратып аласыз. Шаршембиде күтүүсүз жерден материалдык байлыкка ээ болосуз. Жума күнү денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу чоң болгондуктан, өзүңүзгө этият болуңуз. Аптанын соңу жасаган ишиңизде каалаган жыйынтыкка жете албай, көп убара тартасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Каражатты ашыкча сарптап, керексиз нерселерге жумшоону токтотуңуз. Антпесе капчыгыңыз бош калып, карызга да таппай кыйналасыз. Жумушта так жана жоопкерчиликтүү иш алып барбасаңыз, жетекчиликтин сөгүшүнө туш болосуз. Ал эми жаңыдан жандап жүргөн түгөйүнө кымбат белектерди алып берүү менен жагынып, көңүлүн алууну көздөгөн бойдоктор бул ойдон кайтканы оң. Себеби айрым арстандардын ойлогону оңунан чыкпай, кайрадан жалгыздык аралына түшүп калуусу мүмкүн. Апта соңун утурлай кээ бирөөлөр алыска сапар тартуусу күтүлөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ак көңүлдүккө салып башкалардын да жүгүн мойнуңузга артынбай, өзүңүз үчүн чуркаңыз. Кошумча киреше булагы табылып, капчыгыңызды кампайтууга жетишесиз. Бизнес менен алектенгендер жаңы өнөктөштөр менен пайдалуу макулдашууларга жетишишет. Бирок капчыктын кампайганына кубанып жүрө бербей, саламаттыгыңызды унутта калтырбаңыз. Сасык тумоолоп, сыркоолоп калууңуз мүмкүн. Бул аптанын дем алыш күндөрү жакындан тааныш адамыңыз сизге болгон жактыруу сезимин ачыктоосу менен эсте калмакчы.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ашыкча түйшүк курчабасын десеңиз, зарыл ишиңиз болсо да керектүү адамдарга кайрылып, кыжырын кайнатпай күтүүгө мажбур болосуз. Келишимдерди түзүү керек болсо, аны кийинкиге жылдырыңыз. Бирок мындай учурда таянычы жок калбайсыз. Болгону убакыт керек. Апта соңун утурлай жагымдуу окуялар орун алып, жашооңуз кубанычтарга бөлөнөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Пландап койгон иштериңиздин жыйынтыгы чыкпай убара тартпайын десеңиз, жылдыздар аларды кийинкиге жылдырууңузду суранышат. Иште кетирген кемчиликтериңизди мойнуңузга ала билсеңиз, жакшы натыйжасын берет. Түгөйлөр ортосунда кызганычтан улам чыр чыгып, ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Андыктан ачууга алдырбай, акыл менен аңдап, кадам шилтеңиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз күткөн күн келип, тилектериңиз орундала турган апта. Ашыкча күч жумшабай, максатыңызга оңой жетесиз. Бирок иш аткарууда кара өзгөйлүккө жол бербей, башкалардын да бар экенин унутта калтырбаңыз. Бейшембиде көпчүлүктүн көңүл чордонунда болосуз. Бойдоктор түгөйлүү болуусу күтүлүүдө. Жума күнү жаңы мүлккө ээ болосуз. Эс алуу күндөрү маанилүү окуяны өткөрүп жибербейин десеңиз, бардык ишке кунт коюңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Айланаңыздагыларга жоопкерчиликтүү жана кең пейилдүү мамиле жасаганга тырышыңыз. Бул сиздин ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болот. Ошондой эле сүйүктүүсүнө сезимин ачыктап, ага жетүүнү самагандар ушул эле принципти кармануусу зарыл. Ал ортодо буга чейин чечилбеген маселенин жолун таап, араздашкан же таарынышкан эки тарапты жараштырууга себепкер болосуз. Апта аягында достордун кучагында эс алуучу жайга баш багасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күнү санаага салган маселе менен башталып, бирок кийинки күнү баары өз ордуна келет. Шаршембиде сиз күтпөгөн жагымдуу жаңылыкка ээ болосуз. Жума күнү акчага байланышкан иштерди жыйыштыра турганыңыз оң. Болбосо чыгымга дуушар болуп калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралып, таарынышуулар келип чыгат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жаралган маселеде шашылыш чечим кабыл албаңыз. Болбосо анын арты жагымсыз жагдайга кептеп коюшу мүмкүн. Керек болсо белчеңизден карызга малынып да калуу коркунучу бар. Ошондуктан бир ишке киришсеңиз, аягына чыгып, андан соң башкасына өтүңүз. Ал эми түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Ар бир сөздү ойлонуп сүйлөбөсөңүз, ооздон чыккан сөзүңүздүн кулу болуп каларыңыз жадыңызда болсун.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан