(Башталышы өткөн сандарда)
Балдарым менден чочуп, Баян мага таптакыр жат адамдай мамиле жасап калганына чыдай албадым. Канча аракет кылсам да, Баяндын сүйүүсүн кайтарып ала албагандан кийин анын жанында тирүү сөлөкөт болуп жашоого намысым жол бербеди. Ошол күнү кечке чейин балдарым менен ойноп, сабактарын көзөмөлдөп, жуунуп-тазаланып алып Баяндын жумуштан келишин күттүм. Балдарымдын бактылуу күлкүсүнө тоюп, ар бир кыймылдарын эстеп калганга аракет кылып жаттым. Биринчи кабатка түшүп, ашкананын алдында аялымдын ар бир кыймылын тиктеп тура бердим. Мен аны ушунчалык сагыныптырмын. Бакырайган көздөрүн, күлгөндө пайда боло калган уячаларын, апакай жүзүн, ийкемдүү колдорун жалдырап карап тура бердим. Ал мени көргөн жок, бир убакта гана башын көтөрүп мени байкады да, оңтойсуздана кетти.
– Кел, тамак азыр бышат,- деди ал күнөөлүүдөй.
– Экөөбүз сүйлөшөлү дедим эле...
– Угуп жатам...
Менден көзүн ала качып, жакындагысы да жок. Жүрөгүм ачышып, ушинтип эле жат болуп кетебизби деп жаттым. Дароо эле ичким келе баштады. Бирок акыркы күчүмдү жыйып, сүйлөшүп туруп кетишим керек эле. Ошентип аялы-күйөөсү болуп мындан аркы тагдырыбызды чечкенге отурдук.
– Сени, балдарды кыйнап жибердим. Мен кетишим керек, үй, машина, бизнес, баары сага калат. Балдарды жакшы тарбияла. Сенден суранарым, алар кийин кайсы бир убакта мени издеп табам дешсе тоскоолдук кылба. Мен сага канча кайгы алып келдим билбейм, эгерде күчүң жетсе күйөөң катары эмес, адам катары мени кечирип кой.
– Сени эч ким кубалаган жок, кетпей эле кой. Ичпесең баары жакшы болот.
– Ичпесем сен мага кайтасыңбы?
– Жок!
– Баян, мен кетейин, башым ооруп кыйналып турам, баары бир кала албайм. Эми бизге сөздүн кереги жок.
Эмне кылсын бечарам, башын жерге салган боюнча отуруп калды. Мен кийимдеримди алган соң чыгып кете албай кыйнала бердим. Босогодон бут кийимимди кийип жатсам төрт балам тең чыгып мени карап калышыптыр. Бир нерсе күтүшкөндөй. Периштелерим, силерде эмне күнөө? Бардыгынын чекелеринен өөп коштоштум да, Аманатка келгенде муунум титирей түштү. Балбылдаган көздөрү менен Назик карап тургандай сезилип кетти. Чөгөлөй отуруп калдым.
– Ата, сиз эми келбейсизби?
– Келбегеним дурус, балам.
– Ата, мен сизди баары бир күтөм,- деди Аманат шыбырап, быйтыйган колдору менен көзүмдөгү жашты аарчып. Экинчи жагымдан Адам келип кучактап калды.
Кекиртегиме туруп калган жашымды жутуп, сыртка чыгып кеткенче шаштым. Өх, мына, баары бүттү! Эми мен көчөдө калдым. Мындан кийинки жашоомду айтмак тургай, эстегим да келбейт. Ичип, жинди болуп жүргөндө мени эсиме келтирген кабар Баяндын турмушка чыкканы тууралуу болду. Ошондо чындап өлөйүн деп ойлодум. Мага андан башка жол жок калгандай туюлду. Мындан ары мага жашоонун кереги жок, акыркы чекитим ушул эле...
(Окурман, көп нерселер сизге түшүнүксүз бойдон калгандыр. Андыктан түшүнүктүү болуш үчүн окуяны кайрадан Баяндын баяндоосу менен улантабыз).
– Баянымды улантайынбы?- Баян мага суроолуу карады.
– Уланталы, мага бул окуя эмне менен бүтөрү кызык. Анан да Аманаттын тагдыры, аны кантип кабыл алганыңызды билгим келип жатат,- дедим мен.
– Шашпаңыз, бардыгы өз убактысы менен болот,- деди ал сырдуу жылмая. – Унутпаңыз, бул менин эле баяным эмес, үч курбунун, кийин душманга айланган, бирок жүрөгүндө дагы да болсо үлбүр жылуулук бар үч аялдын тагдыры.
Канчалык жек көрсөм да мен Назикке өлүм каалаган эмесмин. Ошол борошолоп жааган карлуу түн азыр да эсимде. Өзүмдүн да толгоом жакындап, тынчым кетип турган учурум эле. Кимдир бирөөнүн бакырып ыйлап, эшикти такылдатып жатканын уктум. Ал Жанара экен. Көзүнөн талаалаган жаш агып, мага келип кучактайын деди окшойт, жүткүнүп келип, бирок батына албай туруп калды. Дубалга сүйөнө эрдин тиштеп турду да, акырын шыбырады.
– Баян, ал... Назик өлүп калды.
– Эмне-е?
– Назик дейм, ал төрөттөн каза болуп калды. Биздин Назигибиз эми жок, Баян, Назик өлдү!
Алдыман жер көчүп, башым тумандап кетти. Эсимди жоготуп бара жатып апамдын, балдардын чырылдаган үнүн бир эшиттим. Ошол боюнча төрөтканадан эсиме келдим. Эртеси күнү уул төрөдүм. Уулум Дастандын көчүрмөсү. Улуу уулум Тилек, кызым Бермет да мага окшош эле, бул атасынын көчүрмөсү. Буга же сүйүнөрүмдү, же күйүнөрүмдү билбейм. Дастан уулуна келген жок, анын колунда ымыркай менен калгандагы акыбалын айдоочубуздан уктум.
Дастан колуна Аманатты көтөрүп кирип келгенде жүрөгүм дирт эте берди. Мына, жашоомдун жарымы болгон, жүрөгүмдү сууруп алган, курбум менен чыккынчылыкка барган, сүйүүмдү тебелеген күйөөм! Колунда башка аял төрөп берген наристеси... Мен ушул учурда Баян болуп жаралып калганыма, өзүмдүн алсыздыгыма, элдин аялдарындай болуп ажылдай албаганыма өкүндүм. Ордумда башка бирөө болсо эмне кылмак, аны да элестете албайм. Үн ката албадым. Алсыз гана жүрөгүм дир-дир деп жатканын туйдум.
Жымжырттыкты ымыркайдын ачуу үнү гана бузуп жатты. Эмнеге ыйлап жатат, курсагы ач окшойт деп ойлоп жаттым. Ушул учурда таң калычтуу окуя болду. Бала ыйлаган сайын ийип, сүтүм өзүнөн өзү агып жатты. Акыры чыдай албай, Дастандын колунан алып эмизип баштадым. Ач экен байкушум, жалмалап эриндерин бүлкүлдөтө эмип кирди. Ансайын эмчегим сыздап ийип, көзүмдөн жаш буурчактайт. Миң өлүп, миң тирилип жатканымды менден башка бир жан билбеди.
Ошол мүнөттөн ушул мүнөткө чейин Аманатты өз балдарымдан бөлө албайм. Бул сыйкырдуу күчтү мен айтып жеткире албайм, түшүндүрө албайм, мен үчүн түшүндүрүүнүн деле кажети жоктой. Биз ушинтип эне-бала болдук. Эмип бүтүп уктап калган чүрпөнү тиктеп отура бердим. Наристеден тараган жылуулук бүткөн боюмду ысытып жатты. Тагдыр кызык экен да, мен үчүн бул баланы кабыл алуу өтө оор эле, бирок ал дагы мага окшогон тагдырдын курмандыгы болчу.
Кош бешикте уктап жаткан эки баламды тиктеп бир сүйүнөм, бир жаным ачышат.
Аманат аябай чыргоо болду, эмнегедир төрөлгөндөн баштап тагдырына нааразыдай муңканып ыйлачу. Дастан балдарга жологондон качар эле. Бир күнү экөөнү тең колуна алып, көпкө тиктеп отурду. Балдар торолуп, күлүп, таанып калышкан эле. Оор үшкүрүп алды да, акырын үн катты.
– Баян, менин күнөөм тоодой, мени кечирбейсиң, аны билем. Баары бир кечирим сурайм, өмүрүм өткөнчө кечирим сурайм, Аманат үчүн да...
– Аманат сен үчүн да, ал үчүн да күнөөлүү эмес. Ал менин уулум! Эми меники...
– Туура, аны эми сенден эч ким талаша албайт...
Дастандын канчалык жаны ачып, чын дилинен кечирим сурап турганын билсем да, кечире албай койдум.
Экөөбүз эки башка киши катары жашап жаттык. Мен мындан ары балдарым үчүн жашашым керек эле, жашоо менен күрөшүүм керек эле. Мага бул жаатта Алмаз жардам берди...
(Уландысы кийинки санда)
Асия Алиева