«КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕ ЭМНЕГЕ ВАРИКОЗ ЖАРАЛАТ?»

– Буттагы варикоз аялдарда көп учурайт жана көп учурда аял кош бойлуу кезде пайда болот дешет. Эмне үчүн? Алдын алса болобу?

Сезим, 29 жашта, Бишкек

-Ар бир бутта 2ден вена кан тамыры (веналар – канды ылдыйдан өйдөгө ташуучулар) жайгашкан. Бирок аял менен эркектин анатомиялык өзгөчөлүгү бар. Анткени аялдардын буттарындагы вена кан тамырлар жатынга барып кошулуп, бир кан тамырга айланат. Айым кош бойлуу кезде ичтеги бала чоңойгон сайын баягы венага күч келип, кысылат. Мындай кезде буттардан өйдөгө аккан кандын агымы жайлайт. Эгер аялдын салмагы керектүү салмактан ашыкча болсо жана аз кыймылдаса, анда агымы жайлаган кандар бутта туруп калып, веналар көөп чыгат. Бара-бара варикоз жаралат. Андыктан кош бойлуу аял варикозго чалдыкпоо үчүн ашыкча тамак ичпей, көбүрөөк кыймылдап, бутка ванна жасап турушу кажет.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙБЕК БАЙСЕКЕЕВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aruuzat88
2014-11-10 10:43:16
Боюнда жок болсо деле чыгат варикоз,эмне себептен экен э?
+1
sher90kgz
2014-11-10 20:44:41
aruuzat88, варикоз оор жук котторгондон чыгат ,жылкынын этин жесе ошол жакшы жана варикоз да чыкбайт...
0
aruuzat88
2014-11-11 01:22:00
sher90kgz, рахмат мен кенешиниз учун.
0
Dalina22
2014-11-10 14:38:30
Varikoz chykandan kiin darylasa kalybyna kelebi?kantip darylasa bolot?
+1
tilek88.88kg
2014-11-10 16:44:06
Келинчегимдин боюнда бар бутуна варикос чыгып кобоюп кетти аз басса азайып коп басса кобоетко кандай чара, кандай крем колдонуш керек жана башкасын кенири жазсанар баары билсин .
+7
aruuzat88
2014-11-11 01:29:58
tilek88.88kg, Сизге кенешим аптекадан троксевазин гель сатылат аны алыныз жана бандаж да сатылат,бандаж боюнда бар аялдарга атайын чыгарылган ичин ойдо которгонго комок берет,бутуна куч келууну азайтат,жана аптекада чулки да сатат гельди бутка сыйпап алган сон кийип алуучу.Соонун жардам берет.
0
Zarema94
2014-11-10 18:16:51
Кенен жазгылачы
0
Zamknutaya92
2014-11-10 20:34:50
Супер инфо жамааты менин суроомо да жооп алып берип коесуздарбы? Бойдон тушуу боюнча да кененирээк маалымат жазгылачы.
0
admin_superstan
2014-11-11 10:15:21
Zamknutaya92, саламатсызбы!
Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
0
abdykadyr
2014-11-15 19:49:43
Zamknutaya92, Бойдон түшүү организмге цинктин жетишпегендигинен болот.Ошондуктан организмди цинк менен толуктап туруу керек.
0
aminali
2014-11-13 14:21:52
Torobogondordo delle bolot varikoz.
0
ota.88
2014-11-13 21:48:18
Урматтуу Супер Инфо мен суроо жоното албай жатам кантип жиберсем болот. Kenesh.superkq аркылуубу?
0
admin_superstan
2014-11-14 10:47:22
ota.88, саламатсызбы!
Ооба, kenesh@super.kg дарегине өзүңүздүн электрондук даректен кат жөнөтөсүз.
0
Kitaioza
2014-11-14 00:22:43
Варикоз учун атайын гетры бар 3 жылга таасири тие берет,и ревматизм,полиартритке эн сонун жардамы тиет,50дон ашык чоп жайгашкан,лечебный.Медицина болугундо менин тел ном бар байланышсанар болот.
0
Aijash90
2014-11-16 20:43:31
ии тообо семиз болсо варикоз болот дегенге ишенбейм анткени менин кайын синдим арыыык 47 кг айылда эрте менен 6 7 де туруп ааламдын ишин кылып кечки 12де жатат буту варикоооз
0
Aijash90
2014-11-16 20:44:19
мен семиз болсом деле варикозум жок кудай сактасын
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан