– Эжем жакында төртүнчү баласын төрөдү. Мурун эле буттарында варикоз бар болчу. Төрөөргө жакын калганда ооруганынан ооруканага алып барганбыз. Ошол жактан кулап кетип, врачтар ага тромбоэмболия деген диагноз коюп, операция жасашты. Ал эмне болгон оору?
Элиза, 32 жашта, Кара-Балта
-Буттагы варикоздо уюп калган кан (тромб) үзүлүп, канга кошулуп жылып өпкөгө барып, андагы кан тамырды бүтөп калуусу тромбоэмболия деп аталат. Бүтөлгөн кан тамырдан ары кан барбаган органдар жабыркап, адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат. Уюган кан адам секиргенде, чукул кыймылдап жибергенде жана башка учурда үзүлүп кетет. Белгилер: булчуңдардын тырышып диртилдеши, дем ала албай эстен тануу. Андай учурда хирургдар дароо УЗИ менен текшерип, үзүлгөн кан кайсы жерге чейин барып калганын аныкташып, ошого жараша чара көрүшөт. Чатка жете элек болсо, анда чаттагы венага медициналык фильтр коюшат. Үзүлгөн кан ага барып кептелет да, врачтар берген дары-дармектин таасиринен эрийт. Эгер кан чаттан да ары жылып кеткени белгилүү болсо, анда бөйрөктүн алды жагынан венага фильтр коюлат.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.