Алтын акциялар: ТОБОКЕЛЧИЛИКТЕРДЕН КУТКАРУУ

Алмазбек Атамбаев «Центерранын» акцияларына арест салынышынан улам «чечкиндүү чаралар көрүлсүн» деп коркутту. Ал ортодо канадалык инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүү аша чабууларсыз эле өлкөнүн алтын активдерине кызыккан башка оюнчулардын жолуна бөгөт коё алмак. Тараптар сүйлөшүү процессин тездете жана «Кумтөр» долбоорун реструкташтырууну мөөнөтүндө бүтүрө алышабы? Маселенин баары ушунда...
«Кыргызалтындын» «Centerra Gold Ink» компаниясындагы 60 пайыздык акциясына Кыргызстанга каршы инвестициялык талашты утуп алган «Stans Energy» компаниясынын талабы боюнча убактылуу арест коюлушу жөнүндө кооптуу жаңылык өлкөнүн жетекчилигин шаштырып койду. Онтарионун Жогорку Сотунда алтын актив менен ар кандай операция жасоого тыюу салынуусуна жетишүү менен инвестор мына ушундай жол аркылуу «Куттуу-Сай II» кенин иштетүүгө андан тартылып алынган лицензия үчүн ага соттун чечими менен берилген 118 миллион долларды республикадан өндүрүп алууга аракеттенүүдө. Азырынча «Stans Energy» компаниясы мамлекеттик машина менен күрөштө жеңүүчү позициясында калууда. Өткөн жумада канадалык сот «Центерранын» акцияларынын камакка алынуу мөөнөтүн узартты. «Кыргызалтындын» топ-менеджменти жана өкмөттүк чиновниктер коркунучтуу абалдан жоготууларсыз кантип чыгып кетүүгө баш катырып жатышкан учурда өлкөнүн президенти эң мыкты коргонуу – чабуул жасоо принциби боюнча аракет көрүүдө. Болуп жаткан иштерге Алмазбек Атамбаев кескин билдирүү менен көңүл бурду. Анын олуттуу өзөгү өз активдерин коргоо үчүн чечкиндүү чараларга барууга даяр туруу болуп калды.
– «Кумтөр» долбоорундагы, дүйнөдөгү эң ири алтын кендеринин биринен ар кандай ыкмалар менен пайданын чоң бөлүгүн алып чыгып кетишкен компаниядагы биздин улуттук байлыгыбыздын тагдыры Канаданын сотторунда чечилүүсүн жокко чыгаруучу, мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чечкиндүү чаралар керек. Канададагы соттордо Кыргызстан үчүн пайдасыз чечимдерге алып келүүчү
«Centerra Gold Inc» компаниясынын акцияларынын айланасындагы ар кайсы оюнчулардын кызыл кулактыгы «Кумтөрдү» – Кыргыз Республикасынын гана менчигин иштетүүгө мамилени кайра аңдап билүүнү талап кылат. Байкалган тенденция өкмөт алдына Кыргызстандын активдерин коргоонун дагы таасирдүү механизмдерин пайдалануу жана болочокто мындай коркунучтарды болтурбоо милдетин коёт,- деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Ырас, ал коргоо механизмдери дегенде эмнени түшүнүү керектигин тактаган жок.
Бирок варианттар бар экени түшүнүктүү. Кескин чаралардын бири – чет элдик инвестор менен макулдашууларды бир тараптуу үзүү жана ири бюджет түзүүчү ишкананы улутташтыруу. Бул чечимдин тобокелчиликтери да, кесепеттери да эксперттер тарабынан көп жолу анализделген. Ошондой эле ал экономиканын төмөндөшүнө жана инвестор менен көп жылдык соттук талаш-тартыштарга алып келе турган эң начар варианттардын бири экени көп жолу белгиленген.
2014-жылдын январында бирдей үлүштүк катышуу менен биргелешкен кыргыз-канадалык «Кумтөр» ишканасын түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлуу менен мындай сөздөр жок болот деген үмүт пайда болгон. Бирок андай сөздөр парламентте кайрадан күч алды. Акыркы окуялар кыргыз тараптын «Центерранын» өкүлдөрү менен татаал сүйлөшүүлөр процессинде мурда жетишилген бардык келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу коркунучу пайда болду. Ал эми иштин жагымдуу аякташы эми көп жагынан өкмөттүк сүйлөшүүчүлөр жана «Кыргызалтындын» топ-менеджменти республикага финансылык дооматтарды койгон башка чет элдик инвестор менен конфликтти канчалык тез жөнгө сала алгандыгынан көз каранды.
Кыргызстандын ары-бери урунбай, ишти аягына чыгаруу жана анда жашыл сызыктын ары жагында өлкөнүн бүтүндөй экономикалык секторунун үмүтү, тиреги жана анын алтын активдери болгон гигант алтын кен ишканасы ар кандай чабуулдар үчүн жеткиликсиз болуп калган буфердик зонаны түзүү үчүн эрки жана сергек ой жүгүртүүсү жетиштүү болобу?
Ойлонууга убакыт калган жок, себеби кечеңдетүү кымбат баага турмакчы: учурдагы кызматташуу берген миллиарддарды жоготуу жана болочокто мамлекеттин ачык жана жоопкер саясатында гана мүмкүн болуучу инвестициялык агымдардын колдон чыгарылышы.

Жаныбек Абдраев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-11-19 14:59:20
негизи ЖКдагы коп адамдын лоббилери учун биздин бюджет менен эл кыйналат. куттисай деле акыркысы арнамыс менен кытайлардын иши. эмнеге ошондойлорду жоопкерчиликке тартпайбыз?
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан