«Боз салкын» тасмасы убагында кандай дүң болгону эсиңиздеби? Айрым актёрлор бир киного тартылып, анан жок болуп кетет эмеспи. Ал эми аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан Асема талантын андан ары өркүндөтүп, кинолордун көркүн ачып келет. Ал гана эмес кинорежиссёрдун тамагынан да ооз тийип, «Көк жал» фильмин кино сүйүүчүлөргө тартуулады.
– Кандайсың, Асема? Жакында чыккан «Көк жал» тасмаңдын сценаристи, режиссёру да өзүң болдуң. Андагы ачык кадрларды өзүңө ылайыктап жаздың беле?
– Жакшы, рахмат. Мен тасмада ачык кадрлар жок деп ойлойм. Сценарий жазылып жатканда бөлмөдө мындай буюмдар турат, мындай кыймыл-аракет болуш керек деп майда-чүйдөсүнө чейин баяндалбайт. Окуяны тарта келгенде ойлорум, пландарым көп өзгөрдү. Негизи, башында сценарий Болот Тентимишовго ылайыкталып жазылган. Ал кишинин башка съёмкасы башталып калып, «бир жума күтө тургула» деди, биз кинону баштап алган элек, күтө алган жокпуз. Ордуна Азат деген башка актёрду тарттык.
Ал эми кыздын ролун мен эмес, башка ойномок. Фильмди тартууга киришип Стамбулга барганыбызда каражат жагын үнөмдөө үчүн өзүм ойнойм деп чечим кабыл алгам. Кино тартам деп кандай гана кыйынчылыктарга кезикпедим. Түркияда керек болсо отургучтарын, бак-дарагын тартууда да мамлекеттин уруксаты керек экен. Ошондой тоскоолдуктар көп болуп, Түркиядагы эпизоддорду деле Кыргызстандан тартууга туура келди.
Ачык эпизоддор орун алган деп жатпайсызбы, башкы каарман жигит негизи сөзү, көз карашы, баскан-турганы менен айымга болгон сезимин билгизиш керек эле. Бирок олбурлуу Азаттан (кинодогу ысымы Умар) мушкердин образы жакшы чыгарын байкадым. Ошондуктан берейин деген оюмду көрөрманга даана, так жеткирүү үчүн айымды так көтөрүп алган, сылап-сыйпаган жерлерди кошуп жибергенбиз. Анын үстүнө кол кармашуу, кучакташуу деген көрүнүштөр кинолордун баарынан эле кезигет, кадимки эле көрүнүш эмеспи.
– Мындай эпизоддорду кайын журтуң, жолдошуң кандай кабыл алды?
– Жолдошум кинонун продюсери катары баштан-аяк жанымда жүрдү. Биздин кыйналып жатканыбызды көрүп, бул жерин мындай кылып салалы деген идеяларын айтып жардам берип жатты. Кайын журтум ачылыш аземинде болушту, алардан мактоону гана уктум.
Баарынан да өзүмдүн атамдан коркуп кыжалат болдум, анткени ал катуу киши. Ачылышында Асема деп бирдеме айтайын деп келе жатканда эле ар кайсыны шылтоолоп, азыр деген боюнча качып кетип жаттым. Бирок ыйлап отурганын көрүп, кубанычтын ыйы го деп койдум. «Дагы көрсөтчү» дегенинен алып бардым, көрүп алып дагы ыйлады.
– Өзүңдү-өзүң тарбиялап, кылган ишиңе байкоо саласыңбы?
– Ооба, өзүмдү-өзүм тарбиялаганга устамын. Алгачкы тасмам «Боз салкынды» экрандан көргөндө уялып, ата-энемдин бетин карай албай жаман болгом. Кийин ушул сапаттан арылуу үчүн өзүмдү тарбияладым. Бирөө жарым «гезитте жүрөсүң, киноңду көрдүк» десе да толкунданбай калгам. Дегеле шоу-бизнес мени сырттан карап, өзүмө-өзүм баа бергенге, өзүмдү тарбиялаганга үйрөттү.
Бир жолу мен ырларын угуп чоңойгон эле эже буркуратып чылым чегип, сен ким элең дегендей керсейген мүнөзүн көрсөттү. «Мындай турчу» деп түртүп да кетти. Дагы бир жолу шоу чөйрөдөгү эле кызга бир кечеден жолугуп калсам, «сен дагы эле тирүүсүңбү?» деп жатпайбы. Ошондо унчукпай эле кала бергем. Мындай сөздү азыр уксам «ооба, сенин маанайыңды чөгөрүп дагы деле тирүүмүн» демекмин. Азыр баягы Асема жок. Өзүмө-өзүм тура алам, коргой алам.
– Дүйнөлүк киноиндустрияда актрисалар төшөк аркылуу башкы ролдорго бекитилет деген сөз көп айтылат. Кыргыз киносунда ушундай көрүнүш барбы?
– Кыргыз киносу Голливуд эмес. Төшөк аркылуу ролдорго бекиген кыздарды өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин айта албайм. Беш кол тең эмес, ар кандай адамдар болушу мүмкүн.
Өзүмдүн жашоомо кайрылсам, мен акмын, ошондой иштин аркасынан ролго жетип, атымды жасаган эмесмин. Бирок көбүнчө үй-бүлөсү бар, жашы улуу режиссёр агаларыбыз жаш актрисаларга көз артышат.
– Сен ошондой жагдайга туш болдуң беле?
– «Боз салкын» тасмасынан кийин атагым чыгып кетти. Андай болот деп күткөн эмесмин. Анан эле чыгармачыл адамдар менен көп аралаша баштадым. Аты элге таанымал, үй-бүлөлүү, атамдай болгон адам сүйүүсүн арнап, ойго келбеген кадамдарга барган. Анын аялы билип калып, сүрөттөрүмдү өрттөп чоң жаңжал салган күндөрү да болгон. Мен азыр ал адамдан алыс жүргөнгө аракет кылам. Бир чөйрөдө болгондон кийин жолугушуп калат экенбиз, ошондо көрмөксөнгө салсам деле болбой, «ай, эмне учурашпайсың?» деп чакырып алат.
– Бойдок кезде кыздарда тандоо көп болот эмеспи. Жолдошуң Акжолдун кайсы сапаты көңүлүңдү имерди эле?
– Ушул кезге чейин мен тааныбаган эле жигиттердин «Асема менен жүргөм» деп мактанганын угуп келем. Мындай кептерди угуп калып, тобо деп жакамды кармайм. Эркектер ашык болгон айымына жетпей калса ушундай адамды жийиркенте турган сөздөрдү чыгарышат экен.
Жолдошум Акжол экөөбүздүн ортобузда өтө чоң сүйүү болгон. Сүйүү болсо эч нерсени деле аңдабай калат экенсиң.
– Үйдө бийлик кимде? Акжол таарынбастыр, эмнегедир сенде го деп ойлоп жатам...
– Мүмкүн, менин энергиям ашып-ташып турат, ошон үчүн мен башкаргандай көрүнөттүрмүн. Бирок бийлик жолдошумда. Чыгармачылыгымдабы, башка иштердеби «мындай кыласың» деген сыяктуу үй-бүлөлүк мыйзамдарды жолдошум чыгарат. Мен баш ийип, айтканынан чыкпаганга аракет кылам.
– Ырчы, актриса катары көп иш-чараларга барасың, ошондо балдарды ким карайт? Мисалы, тамакты ким жасайт, үй-бүлөлүк жашоо аксап калбайбы?
– Үйдөн көп чыкпайм. Бир чыксам көп иштеримди бүтүрүп алам. Үйдө эжем бар, ошол киши каралашат. Негизи үй жумуштарына тың элемин. Тиякта-биякта көп жүрсөм эле айрымдар талаалап эле жүрөт деп ойлошот окшойт (күлүп).
– Сүйүүнү сугарып туруш керек дешет, сен сугарасыңбы?
– Жолдошум экөөбүз көп учурда чогуу болбой калабыз, ошол нерсе бизди өтө жакындатып коёт. Ал командировкага көп чыгат. Жолдошум Ошто болгондо мен ошол тарапка баратып аэропорттон жолугуп кетем. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай, сүйүүбүздүн күчүн жоготпогонго аракет кылабыз.
– Маегиңе рахмат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg