Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратура тараткан маалыматта: «Эл өкүлү Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөн. Анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., «Б.» ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар кирген.
Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы колдонулуучу негизги препараттардын жана дезинфекциялык каражаттардын санын жогору кылып көрсөтүшкөн. Ал препараттар менен дезинфекциялык каражаттарды «Б.» ишканасы алып келип берет деп көрсөтүшүп, бюджеттен бөлүнгөн акча ишкананын эсебине которулуп турган. Кийин ал акча каражаттарын Урмат Аманбаева жана топ мүчөлөрү өз ара бөлүп алып турушкан. Мындай коррупциялык көрүнүш 2009-жылдан 2013-жылга чейин жүрүп келген. Анын кесепетинен мамлекет
17 миллион 263 миң 500 сом зыян тарткан»,- деп жазылат.
Бул иш боюнча депутат бир канча жолу прокуратурага чакырылып, бирок басып келбегенин билдирет Башкы прокуратура. Маалыматтарга караганда, Урмат Аманбаева учурда «Ош-Кардио» медициналык борборунда дарыланууда. Кылмыш иши прокуратуранын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Кылмыш ишине шектелип жаткан башка жарандардын ысымдарын Башкы прокуратура азырынча жарыялай элек.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg