Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мурунку жетекчиси Чыңгысбек Узакбаевди сот «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп тапты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-ноябрдагы чечими менен экс-министрди 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Соттук иштердин аягына чейин күнөөсүн моюнуна албай келген Ч.Узакбаев жыйынтыгында жогорудагы берене боюнча күнөөлүү деп табылды.
Узакбаевге кылмыш иши 2014-жылдын март айында ачылган. Ал министр болуп турганда бир тууганы С.Узакбаев жетектеген «Бапа» дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес. Ч.Узакбаев Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаевдин бир тууганы.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg