Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында Талантбек Батыралиев саламаттыкты сактоо министри болуп шайланды. Анын талапкерлигине 91 депутат «макул», 1 депутат «каршы» деп добуш берди. 23 жылдан бери Түркияда кардиолог болуп эмгектенип келген Талантбек Батыралиев КСДП фракциясынын квотасы боюнча министрлик кызматка сунушталган. Ал 1960-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева Батыралиевдин Түркияда канча айлык алганына кызыкты. «10 миң доллардан кем эмес маяна алчумун. Мен Кыргызстанга акча үчүн келген жокмун, элиме кызмат кылуу үчүн келдим»,- деди жаңы министр. Андан сырткары Түркияда 23 жыл жашап-иштеп келсе да, ал мамлекеттин жарандыгын албаганын айтты.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg