Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, экс-премьер Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевге карата тыңчылыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Ал 1-ноябрь күнү «кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу» беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын УКМК билдирди. Аткаминердин кайсы мамлекетке Кыргызстандын жашыруун сырларын сатканын УКМК азырынча айта элек. «Дело номер» гезити Алтынбек Муралиев коңшу мамлекеттерге жашыруун маалыматтарды сатып турган деген жоромолун жазып чыкты. «Аткаминердин жасап жүргөн ишинин кесепетинен узак убакыт бою даярданып жүргөн кыргыз расмий делегациялары кошуна мамлекеттер менен катаал сүйлөшүүлөрдө көбүнчө ийгилик алып келбей турган абалда калып калышчу. Анткени жашыруун маалыматты алган тарап сүйлөшүү учурундагы кыргыз тараптын көзүрлөрүнөн алдын ала кабардар болуп алышчу»,- дейт гезит.
Учурда «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Амангелди Муралиев 1999-2000-жылдары премьер министр, 2010-жылы июль айынан декабрга чейин «техникалык» өкмөттүн биринчи вице-премьери болуп турган. Уулу Алтынбектен башка дагы 2 кызы бар. «Баары күтүүсүз болду. Айраң-таң калып отурам. Эмнени ойлонушумду да билбей жатам. Уулум чоң киши. Бизден бөлөк жашачу. Өзүнүн үй-бүлөсү, жашоосу бар. Ошондуктан азырынча анын кармалышы тууралуу эч нерсе дей албайм»,- дейт атасы Амангелди Муралиев.
Алтынбек Муралиев азыркы кызматына 2012-жылдын 11-октябрында дайындалган.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg