Ноябрдан тартып көгүлтүр оттун баасы кымбаттайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирүү таратты. Аны ишкана доллардын наркынын көтөрүлүшүнө байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Газдын 1 метр кубу калк үчүн 60 тыйынга кымбаттап, 13 сом 53 тыйын болот. Өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдарга газдын баасы 68 тыйынга жогорулап, 16 сом 29 тыйынды түзөт.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Кыргызгазды» орусиялык «Газпром» сатып алган. Инвестор Кыргызстанды жаратылыш газы менен толук камсыздап, баасы арзандайт деп убада берген. 1-октябрдан тартып көгүлтүр оттун тарифи 20 пайызга арзандаган. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагы апрель айында Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койгондон бери көгүлтүр отсуз отурат.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg