Башкы прокуратура премьер Жоомарт Оторбаевге электр энергиясы жана жылытуу боюнча тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам бузууга күнөөлөнүп жаткан кызматтык адамдардын жоопкерчилигин кароо көрсөтмөсүн киргизди.
Башкы прокуратура сентябрь, октябрь айларында өкмөттүн 1-сентябрдан тартып 3 фазалуу абоненттерге 1 киловатт-сааты үчүн 1 сом 20 тыйындык тарифти киргизүү боюнча токтомун карап чыккан. Прокурорлор жогорудагы токтомду кабыл алууда Энергетика жана өнөр жай министрлиги, өкмөт тарабынан нормативдик укуктук акттар жана электр энергия тууралуу мыйзамдын талаптары көзөмөлгө алынган эмес деген жыйынтыкка келген.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын райондор аралык соту электр энергиясы менен жылуулук энергиясынын тарифтерин кымбаттатуу боюнча өкмөт кабыл алган токтомду мыйзамсыз деп тапкан. Өкмөт бул боюнча апелляциялык арыз менен кайрылып, азыркы тапта иш Бишкек шаардык сотунда каралууда.
3 фазалуу абоненттерге 1 сом 20 тыйындык тарифти бекитүүдө Осмонбек Артыкбаев энергетика жана өнөр жай министри болуп турган. Ал 9-октябрда энергетика тармагына коюлган бир топ дооматтардан кийин отставкага кеткен.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg