5-ноябрда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: «Жогорку Кеңештин депутаты КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ дарылануу үчүн ооруканага жатты»,- деп айтты. Эл өкүлүнө карата өткөн аптада кылмыш иши козголушу мүмкүн экени айтылган болчу.
Өлкөдө 2014-жылдын август-сентябрь айларында каза болгондордун 51 пайызы КАН АЙЛАНУУ системинин бузулушунан көз жумгандар.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВ 95 жашка чыккандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара 6-ноябрь күнү Улуттук филармонияда болуп өттү. Ага өмүрүнүн аягына чейин 20 миң сомдук стипендия чектелди.
«Нарын жылуулук берүү» ишканасынын директору Улан Айтиевдинайтымында, Нарын шаарына биринчи жолу БАССЕЙН курулат. Анын узундугу 25 метр, туурасы 6 метр, тереңдиги 2 метр болот. Бассейнди 2015-жылдын 1-июнуна колдонууга берүү пландалууда.
Орусиянын «РОСНЕФТЬ» ААКсы «Бишкек нефти компаниясы» ЖЧКсын 39 миллион долларга сатып алды. «БНКнын» Бишкек шаарында 23 май куюучу станциясы бар.
«ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» ААКсынын башкы директору болуп Таалайбек Толубаев дайындалды. Буга чейинки директору Абдылда Исраилов ишкананын бир катар кызматкерлерине кылмыш иштери козголгон соң арыз жазып жумуштан кеткен.
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиеванын айтымында, НИКЕ АГЕНТТИКТЕРИ элдин башын айлантып, топ-топ кылып чет жерге жөнөтүүдө. «Сыртка чыккан ар алтынчы кыз соода буюмуна айланып жатат»,- дейт ал.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин маалыматы боюнча, сырттан сатылып алынган ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫН баасы 1 киловатт-сааты үчүн 5 сом 13 тыйынды түзөрү пландалып жатат.
АЛМАТЫ шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Сеит Убукеев: «Алматы, Тараз жана Шымкентте 60 миңдей кыргызстандык эмгектенет»,- деди.
Өлкөдө ИНТЕРНЕТ кызматын берүү укугуна ээ 21 компания бар. Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташевдин айтымында, 3 компания 2015-2016-жылдарга карата Кыргызстанды бирдиктүү шакекчеге бириктире турган систем курат.
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгына Мирлан Каниметов жетекчи болуп дайындалды. Анын мурунку башчысы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ ИИМдин 10-башкы башкармалыгын жетектөөгө кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.