Өкмөт 4-ноябрда көмүрдүн баасына 90 күндүк мамлекеттик көзөмөлдөө киргизди. Көмүрдү казып алуу жана сатуу рыногундагы бааны текшерүүгө алуу, базарларда баа өсүшүн токтотуу максатында премьер-министр
Жоомарт Оторбаев токтомго кол койду. Ага ылайык, кыска убакыттын ичинде ишке аша турган бааны мамлекеттик көзөмөлгө алуу механизми түзүлөт. Ар бир район үчүн көмүрдүн баасынын эң жогорку чеги аныкталып, ортомчулардын санын кыскартууга, ошондой эле көмүр баасына негизсиз кошулган акчаны кыскартууга мүмкүндүк жаралат.
Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай
Тайлаковдун айтымында, агенттик жакынкы 2 апта ичинде 100дөй көмүр казып алуу ишканаларынын көмүргө болгон өздүк баасын бекитет. «Андан ары ишканалар көмүр казып алгандыгы үчүн баага 10 пайыздан ашпаган сумма кошуп, сатуучуларга чыгарат. Дүңүнөн сатуучулар көмүрдү сатып алган баадан сатыкка кошкон баасы 10 пайыздан ашпашы керек. Кийинки майда соода түйүндөгүлөр, чекене сатуучулар көмүр сатууда алган баасына 5 пайыз кошумчаны гана кошо алышат. Ошону менен көмүрдүн өздүк баасына бардыгы болуп 25-30 пайыз гана кошулушу керек. Ал эми азыркы тапта соодагерлер көмүрдүн наркына 50-70 пайыз кошуу менен жарандарга сатышууда»,- деди Тайлаков.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg