Кыргызстандан башка өлкөлөргө кетип, тиричилик камын көрүп жүргөн мигранттарыбыздын саны өтө эле көп. Алардын айрымдары гана окуп, билим алуу максатын көздөп барышса, басымдуу бөлүгү колго тийген жумушту кылып, каражат табууга багыт алышкандар. Арасында майда, бирок маанилүү иштери менен ийгилик жараткандар да жок эмес. Бүгүнкү маектешим Эмил Мукашов «Менин жумушум катардагы эле жумуш. Айырмачылыгы – орустардын маданият жаатында иштеген инсандарынын арасында эмгектенем» дейт. Ал Орусиянын кино индустриясын, кыргыздардын ал жактагы жүрүм-турумун, тагдыр-таскагын баяндап берди.
МУКАШОВ ЭМИЛБЕК КУМАРБЕКОВИЧ
Билими – жогорку
Кесиби – инженер-гидротехник
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 30-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл айылы
«ЭЧ КАЧАН «ЭЧ КАЧАН» ДЕП АЙТПА»
– Москва шаарына келгениме 2 жылга жакындап калды. Бул жакка досумдун чакыруусу менен келгем. Орусияга келерде «башкасына иштесем да курулушта иштебейм» деп өзүмө сөз берген элем. Анткени орустардын «Наша Раша» деген юмордук шоу программасындагы мигранттардын үстүнөн аша чапкан тамашалар эсиме түшө берчү.
«Эч качан «эч качан» деп айтпа» дейт го. Бул сөз мага окшогондорго айтылгандай. Дегеним, Москвага келип, так курулуш объектилеринде иштөөгө туура келди. Максаттарымдын быт-чыты чыгып, келгениме өкүнүп жүрдүм.
Бир күнү мен иштеген объектинин короосуна бирөөлөр келип, ар түрдүү шаймандарды орнотуп калышты. Кызыгып карап турсам кадимки камераны жылдырчу рельстер, штатив, кран, жарык берүүчү шаймандар, айтор, жаңы дүйнөгө баш баккандай болдум. Колумдагы курулуш шаймандарын ыргытып ийип, бир күн кечке ошол процессти карап отурдум. Анткени менин бала чагымдагы кыялым кино жаатына аралашуу болчу.
«МЕНИ КИНО ТАРМАГЫНА ДОСУМ АЛЫП КЕЛДИ»
– Ошентип бир айдай курулушта иштедим. Баягы кино тартуучулардын аянтта иштеп жүргөндөрү көз алдымдан кетпей койду. Бир күнү Кыргызстанда оператор болуп иштеген классташыма жолугуп калдым. Ал Москвага ВГИКке (Бүткүл Орусиянын мамлекеттик кинематография университети) тапшырганы келиптир. Досум менен табышып калганыма сүйүндүм. Тилекке каршы, ал окуу жайга өтпөй калды. Экөөбүз тааныштар аркылуу кино жаатында иштеген кыргыз балдар менен жолуктук. Алар аркылуу тартуучу топтун администрациясына жардамчы болуп ишке орноштум.
Кино тартылуучу аянтта режиссёр, операторлорго шарт түзүү, мониторлор коюлуучу столдорду орнотуу, ошол мониторлорду карап, кадрларды көзөмөлдөп отурган топтун мүчөлөрүнө отургучтарды коюп берүү – менин милдетим. Анан компьютер, принтер, интернетти кошуу, эгер кино ачык асман алдында тартылып жатса, тартуучу топко жайылма чатыр тигип берүүнү да мен аткарам. Кыскасы, мен баштамайынча режиссёр да иш баштабайт. Албетте, жалгыз эмесмин, бул жалгыз кишинин колунан келчү иш эмес да.
Мен бул жакка келгенде бир жарым жылдын ичинде ар башка тартуучу топ менен 10дон ашык долбоордун үстүндө иштедим. Кино жаатында эмгектенген кыргыз балдар жалпысынан 100гө жакынбыз. Бири-бирибиз менен таанышып, чет жакта жүргөндүктөнбү, ынтымактуубуз. Мындан улам бир нече жылдан кийин Орусиянын кино тармагын кыргыз балдар багынта алат деп ишенип кетем.
Орусиянын бир топ эле атактуу режиссёр, актёрлору менен иштешип, сериалдарды тартууга катыштым. Арасынан «Анжелика» аттуу телесериалы эсимде калды. Анда биздин жердеш, «Ашкана» («Кухня») телесериалына катышып, Орусияда белгилүү болуп калган Жаңыл Асанбекова да эпизоддук роль жаратты. «Мосфильмде» жана «Мектеп» («Школа»), «Баары өлөт, жалгыз мен калам» («Все умрут, а я останусь») кинолорунун режиссёру, белгилүү Гай Германика жетектеген тартуучу топто да иштедим.
«КЫРГЫЗДАРДЫ КӨРӨ АЛБАСТЫК АКСАТАТ»
– Орусияда мени көп нерсе түйшөлттү. «Тыйындын эки бети бар» дегендей, кол сунуп жардамга келген кыргыз балдары бар экенине сүйүнүп келе жатсаң, алдыңдан бутун тосо коюп көмкөрөңдөн жыккан көрө албас мекендештер да четтен чыгат. Кыргыздын жигиттери коомдук жайларда өздөрүн алып жүрө албай көзгө илинип калышат. Орустарда деле маданиятсыз, кайрымсыз, ишке так эмес, жалкоо адамдар толтура. Алар менен жөн гана мамиле түзбөй, иштешпей коюп гана кутулуу керек. Ал эми мен иштеген топтор жалаң чыгармачыл адамдар болгондуктан, баары жылуу мамиле кылышат. Орустарга жумушуңду так аткарып, жоопкерчиликтүү болсоң болду, мактап башына көтөрүп алышат.
«ҮЙДҮ САГЫНГАНДА ЭЧ КИМГЕ КӨРСӨТПӨЙ ЫЙЛАП АЛАМ»
– Москвага келгени мекенди, ата-энени баалоону үйрөндүм. Бул жактан кыргыздарды көрсөм кубанып, жаңы келгени болсо жардамдашканга аракет кылам. Кыргызстанга барып, кайра келген балдар кыйла агрессивдүү болуп келишет. Отурган жерде саясатты сүйлөшүп, бийликке нааразычылыгын айтып, түндүк-түштүк маселесин козгоп, ар кайсыга кыжырданып жагымсыз талкууларды жаратышат. Ансыз деле мекенди сагынып жүргөн бизге мындай көрүнүштөр жакпайт.
Ата-энемди, мекенимди сагынганда эч кимге көрсөтпөй ыйлап алам. Буюрса, 3-4 жылдан кийин мээримин төгүп, мени күтүп жаткан Ысык-Көлүмө барсам деген тилегим бар.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg