«ЭЛДИН СӨЗҮНӨН УЛАМ ЖУБАЙЫМДАН АЖЫРАДЫМ»

«АТАМДЫН ЖОЛУН ЖОЛДОБОЙМ ДЕЧҮМҮН»
Ажырашуу, атасыз өсүү эмне экенин жон терим менен сезип чоңойдум. Атам кызыл эт кезимде таштап кетиптир. Апам башка турмуш курган жок. Канчалык жеңилин жерден, оорун колдон алганым менен, апама бала катары гана ордумду көрсөтө алам. Көрсө, турмушта ар кимдин өз орду бар тура...
Атамды мектепти аяктап жатканымда тааныдым. Кичинемден мээримине бөлөнүп, ата жытын жыттап, акылын угуп чоңойбогон соң салкын мамиледе болуп калат экенсиң. Экөөбүздүн ортобуз жылып, ата-бала сезимибиз жанданып кетпеди. Жөн гана бейтааныш адамдардай көргөн жерде саламыбыз түз. Эч кимге айтпасам да өзүмө-өзүм «атамдын жолун жолдобойм, анын катасын кайталабайм» дечүмүн.
Мектепти аяктаган соң Бишкекке окууга тапшырдым. Апама салмагымды салбайын деп таежемдин чакан ишканасында иштеп, өз арабамды өзүм тартып окуумду аяктадым.
Иштеген жерибизге жакын дүкөн бар эле. Бир күнү кирип барсам жаңы сатуучу кыз келиптир. Көркөмү көзгө толгон сулуу кыз экен. Соодамды кылып чыгып кеттим. Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кабынан козголгондой болду. Бир көрүп сүйүү дегенге ошондо ынандым. Ал дүкөнгө күндө кирбесем көңүлүм жай албайт. Таанышуунун амалын таппайм. Ашыкча сөз айтууга дареметим жетпей чыгып кете берем. Бир күнү «таанышам» деп өзүмө сөз берип кирип бардым.
Кандайсыз, чоң кыз? Атыңызды сурабайм, сизди «Сулуу кыз» деп айтайын,- десем бетиндеги уячаларын чыгарып жылмайып койду. Мага ушул жылмаюудан өткөн жооптун кереги жок болчу. Сүйлөшүүнүн эбин таппай, ар кайсы сөздүн башын айтып жаттым. Бош болсом да, жумушум болсо да жыйыштырып, дүкөнүнө бара берчү адат таап алдым. Ошентип жылдызыбыз келишип, кыз-жигит болдук.

«САБАЙ БЕРИП КЕЛИНЧЕГИМДИ КОРДОП ЖИБЕРДИМ»
Бир күнү мен ага сүйүүмдү билдирип:
– Мен сени бактылуу кылам!- дедим.
– Чын элеби?
– Чын.
– Кантип далилдейсиң?- деди ал. Бетинен акырын гана сүйүп, кулагына «мен сени сүйөм» деп шыбырадым. Адатынча унчукпастан уяң карап күлүп койду. Махабаттын табына эрип кеткендей болдукпу, никесиз байланыша баштадык. Мен ал үчүн биринчи эмес экенимди билсем да аны таштап кете алган жокмун.
Мезгил өз тизгинине жетеленип билинбей 3-4 ай өтүп кетиптир. Ал арада сулуум кош бойлуу болуп калганын айтты. Үйдөгүлөргө үйлөнөрүмдү айтсам, баары колдошту. Жаза басып ката кетирсек да, ата салтын кылып баш коштук. «Эл оозунда элек жок» дегендей, биз баш кошкондон кийин аялымдын мурунку жашоосун изилдегендер көбөйдү. «Жалгыз бала эле, апасынын мээнетин актабады. Чеке тердетип чай берер келин алып берсе болмок» деген сыяктуу кыңыр кептерди угуп жан дүйнөм жешилмей болду. Апам болсо үн катпайт, «эл караган бетимди жер караттың» деп башында эле айткан. Жамандыкты издесең чыга берет тура. «Кар жаады, из басылды» болот го деп чыдап жүргөм. Бирок андай болгон жок. Аялымдын мен билгенден дагы башка сырлары ачыла берди. «Бакыттын аялы мурда эки жолу турмуш куруптур, баласы дагы бар турбайбы» деген сөз айылга желдей тарады. Каным кайнап, чыдамым түтпөй калды. Үйдөгүлөрдүн дагы кабагы салыңкы. Айыл жери ошондой эмеспи. Эки адамдын башы бириксе эле биз тууралуу кеп кылышат.
Мен сүйгөн сулуу жүдөп, кыйналып кетти. Аныгын айтуусун талап кылсам, бардыгы эл айткандай экен. Көрсө, мен туманда адашып тапкан сулуум эки ирет турмуш куруп, 3 жашта баласы бар экен. Мунун баарын өз оозунан укканда ачууга ууланып, жубайымды сабап салдым. Иренжип, бара-бара мамилебиз сууй баштады. Мурункудан да сөздөр күч алып, «кыз калбагансып жубанга күнү түшүптүр» деген кептер көкөйдү кести. Кыжынып сабай берип келинчегимди кордоп жибердим. Кыскасы, турмушум өз нугунан чыгып кетти. Бир күнү «төркүнүңө кет» дедим да, шаарга кетип калдым. Менин артымдан үйдөгүлөр төркүнүнө жеткирип беришиптир.
Азыр шаарда иштеп жүрөм. Жүрөктөгү жакшы нерселерди бир заматта кара так басканына өкүнүп, каңырыгым түтөйт. Жакында ата болом. Балам дагы мен баскан жолду басат. Кимди ата дейт, кандай тарбия көрөт? Эң негизгиси, ата мээримин көрбөй өсөт. Ата жолун баспайм деген мен ушул жолго бардым. Атам кетирген катаны мен дагы кайталадым. Көрсө, тарых кайталанат деген чын тура... 

Бакыт
Абды Кадыров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
mig
2014-11-14 14:28:00
Ayaldy alsyz je arsyz erkek urat. Anyn da bakytka akysy bar, el bolso daiym tabat kimdi ushaktashty, balanyn ubaly kimge?
0
sher90kgz
2014-11-14 21:37:29
аял граната кармаган маймыл деген соз туура экен.озунун жашоосун айтып баланы жолотбой койуш керек эле.уч ээрден кур калды бирок бешене да кудайым бактысын ачат АЛЛАга ишеничи кенири болсо...
0
juma--li
2014-11-14 23:29:32
куно озундо. иликтештирип туруп анан алышын керек эле. сулуулугуна кызыкансында бала. баланы калтырып болбойт эми кеч алышына туура келет.
0
Venus_22_02_86
2014-11-15 15:38:43
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт эл эмнени гана айтпайт эркек 3 нерсени талкуулабашы керек 1-аялын ал оз тандоосу 2-баласын ал озунун каны 3-озунун уйун аны озу курган.
0
faha
2014-11-15 16:45:45
Chyndygynda kunoonun baary ayalynyzda eken. Birok, ech surashtyrbay, ech nersesi jonundo bilbey turup uylongon sizde da kunoo jok emes. "Enesin korup kyzyn al" dep bekerinen aytylbagan elibizde. Menin oyumcha al sizdi azgyryp jurgon. Bolboso aytpayt bele bashta. Demek sizge okshogon dagy biroonu azgyryp ala alat. Siz apanyzdyn jalgyzy bolgon son bir gana apanyzdy oylonuz. Apanyz emne dese oshony jasaganynyz jakshy. "katyn joldo, bala belde. Al emi ene biroo" chechim ozunuzdo...
0
Feruzahan
2014-11-15 21:23:33
Chynygy erkek ech kachan "Аялзатына" kol kotorboit. Sizdi men aitaar elem,"Алсыз"erkektin birisiz.Omurluk jubaiynyn murunku jashoosuna kyzygyp emne kylat? Balaluu bolgucha bilbegenden kiiin.Otkon ish ottu-ketti.Okunup emne kylat? Biroonun bashy menen ishteit okshoit menimche.Erkek ozunun turmushun ozu chechip. Chechkinduu bolgonu jakshy emesbi???
0
Feruzahan
2014-11-15 21:31:20
Egerde, ushul adamdyn orduna ozumdu koup koroun. Men, ui-buloomdu tandap, kandai kyiynchylyk bolso dagy chydaganga araket kylyp. Ozumcho ui-bulom menen jashamakmyn. Maga anyn okon omurunun kyzygy jok. Antkeni,Kudaiym bizdi jaratkan eken adam kylyp. Adam bolup torolgondon kiiin, adam bolup jashagym kelet. Bul omurdo tubolukko turkuk bolup kalbaisynda. Baaryn jurogundun kaaloosu menen jasasan bolot emesbi? Men kechiret elem.
0
Orka
2014-11-16 00:05:22
At baspaim degen jerin min basat. Bir 4eti ekoonorgo ten jakwy boluptur eldin sozun ugup oilonup juro berbei.
0
X-peria
2014-11-16 00:12:55
Баарыбыз ушундай абалда болуп калышыбыз мумкун...Аллах сактасын дейли баарыбыз...
0
meerim95
2014-11-16 00:13:58
Кыз башында жашырып туура эмес кылыптыр. Ажырашып бири аял алат, бири турмушка чыгат эртен эле, байкуш ортодогу балага эле кыйын болот атанын же эненин мээримин корбой.
0
kuba1985
2014-11-16 00:54:54
кызга бергис жубан бар дейт..... кыз алып деле ажырашып кетип атышпайбы
0
alpekova
2014-11-16 16:39:38
Ээ адамдар каида баратабыз.
0
benera
2014-11-17 00:16:26
Алсыз эркек турбайсынбы, бул деген сенин жашоон элдер суйлоп суйлоп кала берет, элдешип жашасан гана баарын женесин. Экинчисин кыз алсан ал сага кыйын бп сен уйлонгонсун балана барба деп айта берсе не болосун ал дагы кызганат ортодо чайналасын. Биринчин мн жашай бер баарыбызга ыйман берсин.
0
koiluev-m
2014-11-25 18:19:27
ехх турмуш не деген сынолор ее
0
aselichka
2015-02-12 12:14:33
Азыркы учурда мындайлар коп эл айта берет эн негизгисин сен озун чеч себеби сенин уйундогу жашоону эч ким билбейт да бир уйдун жарыгы экинчи уйго тийбейт деген соз бар эмеспи ошого ойлонуп анан бир чечимге кел аялынды жону жок сабай бербе.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан