Өткөн аптада Дайыр Исмадияров өкүл ата болгонун сүйүнчүлөп, интернеттеги жеке баракчасына улам-улам сүрөттөрдү жүктөп жатты. «Балдарымдын тою 7 күндөн бери болуп жатат» деп жарыя кылган ырчынын сүрөттөрүнө «кокуй, үй-бүлөлүү адам гана өкүл ата болуп шайланат, шоуңорду койгула» деген пикирлер жаады. Ошолорго жооп кылганыбы, ырчы «балдарымдын өкүл апасы» деп буга чейин өзү менен көп жетелешип жүргөн бийкечтин сүрөтүн илип койду. Дайыр күйөрман кыздарынын бүйүрүн кызыткысы келдиби же чын эле сүйүүгө кабылганбы? Азырынча ырчы мырзаны коштоп жүргөн кызыл көйнөкчөн бийкеч ким болду экен деген суроого ачык жооп жок. Бир билгенибиз, бул бийкеч бир жылдан бери Дайырдын жанынан карыш жылбай жандап жүрөт.