Арстанбек Абдылдаев, «Эл үчүн» партиясынын лидери, коомдук ишмер: «УЛУУ КЫРГЫЗ – ЖЕР ЭНЕ МЕНЕН КӨК ТЕҢИРДИН ОРТОСУНДАГЫ АДАМЗАТТЫН ТИЛМЕЧИ»

«Ата-энени сыйлаган да – жан дүйнө, бекерпоздун беделин түшүргөн да – жан дүйнө, кыздын бактысын байлаган да – жан дүйнө, турмушуңду талкалаган да – жан дүйнө, өзүмчүлдүн өмүрүн жазалаган да – жан дүйнө, адамзатты ооруткан да – жан дүйнө, мазар, арбай кызматын бекемдеген да – жан дүйнө, жашоо жандырмагы жан дүйнөңөрдө.

ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ
Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, учурдагы эл массасынын оор акыбалы, сырдуу кубулуштар, табигый кырсыктар, жыл мезгилинин өзгөрүшү, аты-жөнү аныкталбаган оору-сыркоолор, адамзаттын жырткыч мүнөзгө өтүшү, көзү ачыктардын көбөйүшү, улуттар аралык, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктер бул — Теңирдин буйругу менен ылгоо, өткөөл мезгилдин ачык белгилери болуп саналат.
Адам ата, Обо эне өз урпактарына жаңы заманда жашоо үчүн Теңирдин буйругу менен үзгүлтүксүз түз аяндарды, сунуш, тапшырма, кабарларды түшүрүп, бурулуш, ылгоо мезгилин эскертип, адамзатты табигый мыйзамга ылайык жашоого, наристедей карапайым мүнөзгө өтүүгө, ыйман, pyx өстүрүүгө чакырат. Көкө Теңирдин, өз Эгеңердин айтып бүткүс кызматына, кароосуна, камкордугуна көңүл бургула.
Чыккан күнгө, аткан таңга, мейкиндиктеги жылдыздарга, түгөнбөй аккан сууга, табияттын кооздугуна баа берип, шүгүрчүлүк келтирип, ыраазычылык менен каниет кылып өмүр сүргүлө.
Жылдагыдай кайталанма жашоону токтотуп, чукул мезгилде өзүңөрдү таразалап алгыла! Жаңы заман мыйзамдары кыргыз жергесине Теңирдин ооматы менен түшүп жатат. Ар бир адамды, пенделерди эмне деген улуу адам тегинин рухтары, мазар ээлери, ата-бабалардын арбайлары түш – аян аркылуу ыйманга чакырууда.
Учурдагы түш – ар пенденин келечегин, кемчилигин, багытын, милдетин, ордун көрсөтүп туруучу периштелердин тарбия сабагы. XXI кылымда астрология өзгөргөнүнө (парад планет) байланыштуу түш жоруулар жана жылдыздар төлгөсү да өзгөрдү. Эскиче түштө аял шайтан делсе, жаңыча аял Обо эненин, периштелердин ишараты. Эскиче наристе түштө оору делсе, жаңыча наристе өзүңдүн жан дүйнөңдүн кайра жаралышы, жаңыча көз караш тутунганың, ата-бабалардын түшкө кириши, коштогону, колдогону жана башка толук түш жорулуш табигый китептерде.
Адамзат азыркы учурдагы түштү, аяндарды, кабарларды кабылдап талдап, аткара албаса, ыйык сыйкыр күчтөрдүн кароосуна алынат, энергия кысат, оор тагдыр берилет, жаны күйүп жазаланат. Ар бир пенде акыйкаттын чыркыраган чындыгына шек келтирбөөгө милдеттүү.
Теңирдин буйругу менен Теңир күчтөрү (жан алгыч) пенделерге өлүм ыйгарганда, сөөгү Жер энеге, табият койнуна бекитилип, руху, жан досу ааламга андан аркы дүйнөлөргө карай өсүп, эгер өз багыты менен өөрчүгөн болсо, ааламдык кызматка дайындалат. Пендечилик жашоо – бул эволюциянын эң алгачкы өсүү баскычы, алсыз мажирөө, аң-сезимден турат. Пендечилик жашоодогу өлүм – бул жок нерсе, жөн гана өз ыйманынын, дилинин өскөнүнө карай руху жогорку дүйнөлөргө которулат. Ата-тегибиздин арбайлары (рух) эки дүйнөнүн ээси болушат. Ал эми өз алдынча максатсыз жашоочулар оо дүйнөгө жетпей, тозок отуна кабылат.
Оо, жаңы заман пенделери! Эмне деген силер сезбеген, айта алгыс, түгөнбөс өмүрлөр бар. Жалган дүйнөдөгү 60-100 жылдык өмүрдү пир тутпагыла. Бул дүйнө – ылгоочу дүйнө, жан дүйнө өсүүчү дүйнө, ыйман өстүрүүчү дүйнө. Алты катар ааламдын чындыгын табият кооздугунан, ай-күндүн (күн-түн) өзгөрүүсүз бир калыпта кайталануусунан, заман бурулушунан, кайталанма жашоодон эле баамдап алсаңар болот.
Теңирдин өтө зор сыйкыр касиети менен Аалам, Жылдыздар, Күн, Ай, Табият, Адамзаттын жашоосу кармалып турат. Акыр заман (бурулуш) аталган ХХI кылымда жырткыч мүнөз пенделер ылганып отуруп, чыныгы инсандар же ыйманы менен жашаган эң жөнөкөй карапайым адамдар гана жашап калат.
Жети дүйнө — бул дүйнөдөн Нур дүйнөлөргө чейин эсептелет. 7 дүйнө: 1. Пендечилик жашоо. 2. Арбактар (маркумдар) дүйнөсү. 3. Жаннат (бейиш) дүйнө. 4. Соңку дүйнө. 5. Нур дүйнө. 6. Ааламдык кызматка даярдык. 7. Сыйкыр касиетке жетишүү (арбай болуу).
Акыйкатты, ааламдагы 6 катар дүйнөнү пенде кутучага (дене дос) жайгашкан эки көз аркылуу көрө албайт. Аба көзгө көрүнбөйт, бирок жашообузга секунд сайын керек. Ыйык күчтөр көзгө көрүнбөй улуу саясатын жүргүзөт. Көөдөндөгү көз менен көрсө болот. Көөдөндөгү көз качан гана ыйман нуктуу өсүп, Теңирдин купулуна толуп, пендечилик жашоону өз орду менен сезгенде гана ишке кирет. Көөдөндөгү көз иштеш үчүн ыйман, таза дил, табигый илим керек.
Адамзатка жаңы доордо жашоо жол-жобосун Кудайдын кудуретин, табият кызматын, Теңирден кийинки аял турпатын кийген, Нур сыйкыр касиетке жетишкен, улуу кызматтагы периштелер баяндоодо.
Адамзаттын илим жана техникасынын жетишкендиги менен ааламдагы сыйкыр күчтөрдү аныктап, алардын сырларын, өсүүсүн, иш ордуларын тактоого мүмкүн эмес.
Пенде затынын өз алдынча өсүүсүнүн түбөлүгү жок, нечен өрчүгөн илимин, техникасын пенде бул дүйнөдө гана пайдалана алат. Ал эми ааламдык күчкө жетишүү үчүн ыйман менен гана өнүгө алат. Ааламда, алты дүйнөдө жыл мезгили, турмуш куруу, тамактануу, дин, улут, аял-эркек, ысык-суук, үй-бүлө тутунуу жок. Кудуреттүү Көкө Теңир пенделерди жаратканда эле ыйман отун көөдөнгө тамызып коёт. Адамдын көөдөн руху өз алдынча изилденбесе, умтулбаса, тилек кылбаса, улуулукка баа бербесе, ааламдын алдында пендезатынын алсыздыгын сезбесе, чындыкты баалай албаса сыйкыр, ыйык күчтөрдүн (параллельный мир) кароосу менен ар тараптан кырсыгат.
Теңирден кийинки бүткүл пендезатын тейлөөчү, жазалоочу ааламдагы нурдан бүткөн сыйкыр күчтөр, рухтар (жан), арбайлар, периштелер ушул эле жерден өсүп чыккан. Ар инсан пендечилик жашоодо табигый мыйзамдын нугу менен жашаса, түбөлүктүү дүйнөлөргө которулат.
Замандаштар! Силерди, бизди жараткан Теңир кудуреттүү, боорукер, кечиримдүү. Ар пенде бул курулай, кайталанма жашоодон жыйынтык чыгарса, табият койнунда ордун таба алса, ошол күнгө чейинки жасаган күнөөсүн талдаса, кайтпас жолго аттанып тобосуна жанса, ошол күндөн тартып ал пенде кайра жаралганга барабар. Ар дайым Теңирдин, Теңир күчтөрүнүн кечиримдүүлүгүн, карапайымдыгын, эстен чыгарбагыла. Көкө Теңир чыныгы ыйман, таза дил менен жашап өтүүгө сиздерди чакырат.
Көкө Теңир өспүрүм курактан баштап, өлүм алдындагы карылардын чын ыклас тилегин баалап, ар дайым кечирет. Теңирдин айта алгыс чоң кызматын баалагыла! Пенде заты ар дайым Теңирден кийинки күчтөрдүн (арбайлардын) кароосунда, курчоосунда экениңерди эстен чыгарбагыла. Кыргыздын «Кудай-арбай колдосун», «Кудай арбайга койдум» дегени бекеринен эместир. Денебиз өлүп, жаныбыз ааламга барганда ата-бабалардын арбагынын алдында эмне деп жооп беребиз, баарыбыздын барар жерибиз бир. Жетимдер кыйналганда түшүнө ата-тегинин арбайы кирет, маселеси чечилет, пендечилик жашоодо жардам кыла албаганы менен, ааламдан колдойт. Жетимдин башынан сыла, мээрим төк, ата тегинин арбайын сыйла.
Жаңы заман кабарлары – түбөлүктүү, табият койнундагы табигый мыйзам. Теңирдин жана анын кичи кызмат ээлеринин билдирүүсү менен жаңы заман талабын аткарып, ХХI кылымда, ак төөнүн карды жарылган заманда Теңирдин мээримине бөлөнүп, Жер эненин койнунда жан дүйнөнү өстүрүү эң биринчи милдет, парзыңар экендиги баса белгиленет.
Теңирдин, кызматчы периштелердин сунушу – адамзатка жаңы заманда жаңыча жашоону, башкача бак-таалайды, өчпөс өмүрдү, ыйман касиетти, таза дилди, ишарат кылат. Бекер сөз деп жокко чыгарсаңар, жаныңарга чындап ээ боло албайсыңар.

ПЕНДЕЗАТЫНЫН БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛУ ЖАНА ИЛИМИ, ЖАҢЫ ЗАМАН АЯНДАРЫ, ЖОЛ ЖОБОЛОРУ
Адамзат жаралгандан бери(алмуздактан) бүткүл адамзаттын жашоосу ХХI кылымга чейин ааламга, Кудайга жарактуу толук өнүккөн эмес. Ушул заманга чейинки пенделер сыйынган, чокунган, ар кандай диндер, пир туткан улуу касиеттүү, ыйык аталган пайгамбарлар, Муса, Иса,
Мухаммед (элчи) жана башка болгон. Ошол учурдагы эволюциялык өсүүнүн багытына жарактуу болгон.
Көкө Теңир, Кудай — пайгамбарларга өзүнүн купуя сырын, акырет жүзүн адамзаттын жашоо жол жобосун өтө кыска, аң сезимдин эң төмөнкү тиби менен түшүнүк берген. Кудай кырсыккан чөйрөлөргө дин түшүргөн. Ислам, христиан, буддизм ж.б. Мисалы, темир доордун башында 1400 жыл мурун араб элине араб тилинде дин түшкөн. Ал убакта пенделер караңгы, сабатсыз болгон. Андан бери нечен суулар акты, күндөр өттү. Адамзат темир доорун, техника доорун басып өтүп, азыр теңдик доорунун астанасында.
Ар бир доордун улуу илими болобу? Ар нерсенин убагы болот, улуу илими болот. Себеби аалам да, адам да тынымсыз, чексиз өсүп касиет күчүнө кирет, элге эркин өсүү буйрулат, бурулуш болот, доор алмашат. Адам ааламдык жашоого жарактуу жан дүйнөгө ээ болот.
Пайгамбарлар жашоосу менен Алтын доордун айырмасы кандай? Пайгамбарлардын кабарлары бурулушка 2000-жылга чейин өз чөйрөсүндөгү элди Кудай жолуна, ыйманга кармап келген касиеттүү адамдар. Алтын доордо ар бир инсандын табигый илим менен ички жан дүйнөсү иреттелип, гени жетилип, дээр сезими аркылуу аалам менен байланышчу өзөк пайда болот. Алтын доор – ааламдык жашоо.
Эски заман 1999-жылы бүттү. Жаңы заман 2000-жылдан башталып жана өткөөл, ылгоо, чоң бурулуш экендиги ар тараптан аныкталат. Бул заманда бүткүл пенде, табигый илим менен өсүү багытына түшүүсү өтө зарыл.
ХХI кылымда Теңирдин буйругунун, Адам атанын шартынын негизинде дайындалган, өзгөчө кызмат орду бар тилмеч (жарчы) көрсөтүлдү. Тилмечтин касиети – сыйкыр кубулуш көрсөтүү эмес. Милдети – ааламга жарактуу, табиятка шайкеш келген жол-жобону баяндап, пенделерди акыретке өсүү багытына үндөп, ааламдын астында пенде затынын алмуздактан бери алсыздыгын, адамзаттын жашоого жаралуу максатын, табияттын, ата-бабалардын арбайларынын кызматын адамзатка жеткирип, Теңирге, оо дүйнөгө, инсандын жан дүйнөсү, руху, өзөгү гана жарактуу экенин баяндоого, адамзатты жетектеген элдик кызмат ыйгарылды.
ХХI кылымда айтылуу Акыр заман — Алтын доор башталды. Ар бир пенде табигый мыйзам менен жашоосу керек.
Теңирден кийинки периштелердин кызматынын негизинде, ХХI кылымдын сырлары, жол-жоболору, көрсөтмө сунуштары адамзатка ачык баяндалат. Ааламдан түшкөн табигый мыйзамдарды адамзатка таркатуу, түшүндүрүү иштери да сыйкыр күчтөрдүн көзөмөлдөөсүнүн негизинде алып барылат.

21-КЫЛЫМДАГЫ ААЛАМДАШУУ ИЛИМИНИН КАСИЕТИ ЖАНА ЖАРДАМЫ

Касиети:
Ар инсан чын дилден ийилип, илим тереңине сүңгүп кирип, өзүн-өзү тейлесе, терс сапатын жойсо, каалаган максатына жетет, турмушу оңолот, ден соолугу жакшырат, жашоодон ордун табат, оомат тизгинин кармайт. Кудай колдоосуна ээ болот.

Жардамы:
Көкө Теңир — адамды эмнеге жаратканын, ыйык милдетин, касиетин, табияттагы ордун, ар кандай кыйнаган суроосуна илимден терең маанилүү жообун таап, өз эркиндигин, түш тартибин жана адам, аалам, табият сырларын чечүүгө, эки дүйнөдө кантип жашоо эрежесин эркин түшүнө алат.
Көкө Теңир – бул өзүнүн буйругун ишке ашыруу максатында, адамзаттын айласын кетирип, кырсыктатып, табигый илимге ар түрдүү багыт аркылуу алып келет.
Ден соолугунан, ишинен, бактысынан, төрөтүнөн, түшүнөн, аң-сезиминен, бала-чакасынан, мал-пулунан, пикир келишпестиктен, түрдүү табигый кырсыктан, ичкиликтен, турмушунан, мүнөзүнөн, байлыгынан, бийлигинен сыртына жараат чыгат, дене мүчөсүн жарым жандуу (операция), өңүн өтө суук көрсөтөт, колунан берекеси кетет, себепсиз чоң чыгымга дуушар кылат, сөзүн кунсуз, өтүмсүз көрсөтөт, кээ бир адамдын көзүнө касиеттүү күчтөрдү көрсөтүп эскертет. Кээ бир адамдардын белгисиз үндөр көңүл тынчын алып, тынч жашоосу бузулуп, өзүнүн өзгө күчтөрсүз алсыздыгын, көз карандылыгын баяндап, ылгоо, өткөөл мезгилди даана көзгө сайып көрсөтүп турат. Буга да өзөгү такыр өспөгөн, адашкан пенде заты кырсыктан, эскертүүдөн тыянак чыгарып бурулуш жасабаса, табият койнунан орду тез жоюлуп, кайтпас каардуу тозок отуна кабылат. Илим алып өзүн-өзү таанып, тобосуна жанган адам жаңы жашоодо жакшы жашай алат, жолун табат.
Арбайлардын касиети, кызматы кандай?
Жан дос руху Ааламга көтөрүлүп, дене дос өлгөндөн кийин рухтар бийик сезимге ээ болушат. Пендечилик жашоо рухтар үчүн өтө мажирөө аң-сезимге ээ болгондуктан, жан дүйнөлөрүн өстүрүү үчүн инсандарды ар дайым түштөн, көрүнүштөн Теңирдин улуу илимине чакырат. Рухтар жердеги тууган-туушкандары туура жолдо болбосо кырсыктатат. Теңир берген бак-дөөлөттөн, ден соолугунан, ырыскыдан, жолунан кармайт. Арбайлар, рухтар – ааламдык сыйкыр күчтөр (балаңдын жаман жоругу үчүн ата айылга жоопкер сыяктуу Теңир алдында жердеги пенделери, неберелери үчүн арбайлар жоопкер).
Ар кандай агым диндерде арбак жок жеп айтат экен. Орус элинде дух деп жардамга чакырып, шаманчылык кылат. Улуу кыргыз мазар, арбайдын ишаратын түшүнгөн. Табигый мыйзам өтө чоң от касиет менен жазылган, кайталап окуп, көп кырын таап алгыла.

(Уландысы бар)

Табигый илимдер: 0775 988 188, 0550 12 96 96
Facebook: Арстан Алай Абдылдаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
nurjasi
2014-11-13 02:22:05
зима не будет, ХХХ
+1
admin_superstan
2014-11-13 11:05:16
nurjasi, мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
+2
kara_kulzha
2014-11-17 08:48:44
Ушу кантип саясатчы болуп журот, башка улуттардан квргвздын эмне артыкчылыгы бар,баары бирдей эмесби?!!!!
0
jalgyzdyk
2014-11-17 10:54:12
Сиздин макалаларынызды дайым окйумун, ушундай адамдар кобуроок болсо го.
+2
narjan
2014-11-17 10:55:28
Сонун экен дагы чыгаргылачы Суперчилер
+2
MaksatXXI
2014-11-17 10:57:29
Бул кишини көптөр түшүнө бербейт. Түшүнүш үчүн анын дүйнөсүн түшүнүш керек. Жалпылап айтканда норма ой жүгүрткөн эл киши экен. "Ар инсан чын дилден ийилип, илим тереңине сүңгүп" деп башталган сүйлөм жакты. Кызыкпаса эч нерсе болбойт.
+3
Specsgruppa_NSS
2014-11-17 10:58:24
Жакшы, жакшыы... Быйыл кыш болот экенби ошону билип берсе жакшы болмок?))
+1
Tajatkyr
2014-11-17 11:13:21
Бул адамдын ой жугуртуусу башкача да. Кээде угуп отуруп мээмде лампочка куйгондой болом. Космос менен байланышты тузгусу келет окшойт. Аракеттене бериниз. Ийгилик ))
+3
adidilet
2014-11-17 11:17:37
Окуп көрсө кызыктуу экен...
0
aikow92
2014-11-17 11:18:52
Ар бир адамдын озунун позициясы болушу керек. Арстан Алай Абдылдаевди да жеке пикири бар адам катары тааныдым. Оз ою бар. Ал бироого жагат,экинчисине жакпайт. Оз ою жоктор башканы ээрчийт. Саясий окуялардан кийин коз карашын айта билген адамды коро албагандар коп.
0
Karakol-3922
2014-11-17 11:19:45
Эл учун куйгон мыкты адам!! Ишинизге ийлигик анча мынча коро албаган адамдарга конул бурбаныз, женишке жетчуу адамдын алдында бут тосуулар коп болот эмеспи....
0
Adik3922
2014-11-17 11:20:21
Кызыктуу статья экен, озум учун коптогон жаны нерселерди билдим. Уландысын созсуз кутом!
0
Asel-91
2014-11-17 11:26:38
Кыргыз деп куйгондор коп болсун!
0
deva
2014-11-17 11:31:37
окуп көрүп чындык деген жыйынтыкка келдим
0
Асылжан
2014-11-17 11:45:40
Башкача ой жүгүрткөн адам, элден өзгөчө. Мен кошулчу да, кошулбачу да ойлору бар.
0
bela77
2014-11-17 12:05:08
Арстан Алайдын интервьюларын көп эле окуйм бирок личность катары маалыматым аз экен. Өзү жөнүндө да биртке айта кетсе жакшы болот эле.
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан