3-ноябрь күнү Токмок шаарында «Бренд» менчик күзөт компаниясына тиешелүү инкассатордук унаа тонолду. Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, инкассатордук унааны бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. 4 кылмышкер инкассаторлорго тапанча такап, 5 миллион сомго жакын акча салынган баштыкты жана «Сайга» мылтыгын тартып алышкан. Акча «Бренд» май куюучу жайларынын ишканасына таандык деп айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин Панфилов көчөсүнөн белгисиз адамдар тарабынан инкассатордук унаа тонолуп, бир адамды атып таштаган каракчылар 1,7 миллион долларды алып кетишкен. Айрым маалымат булактары бул кылмышка шектелип, Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн эки кызматкери УКМК тарабынан кармалганын жазып чыгышкан. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү «эки милиция кызматкери УКМК тарабынан карактоого шектелип кармалган. Бирок кайсы карактоо боюнча экенин так айталбайбыз» деп билдирген.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg