Мирлан Абдулаев, актёр, режиссёр: «ТАСМА АРКЫЛУУ БАЛАЛЫКТЫН БААЛУУ ЭКЕНДИГИН ЧАГЫЛДЫРДЫМ»

Кыргыз киносунда жандануу байкалууда. Аз убакыт илгери актёр Мирлан Абдулаев тарткан «Балакай» аталышындагы кино көрөрмандарга сунушталды. Тасманын бере турган ою эмне, кандайча тартылып калды? Мына ушундай көптөгөн суроолордун тегерегинде тасманын режиссёру Мирлан Абдулаев менен маек курдук.

Аталышы – «Балакай»
Убактысы – 1 саат 10 мүнөт
Режиссёру – Мирлан Абдулаев
Оператору – Болсунбек Таалайбек уулу
Монтаждаган – Малика Алыбекова
Жанры – Үй-бүлөлүк комедия
Тартылган жери – Бишкек шаары

– Саламатсызбы, Мирлан мырза? Режиссёр катары биринчи тасмаңызды жарыкка чыгардыңыз, куттуктайбыз!
– Рахмат. Алгачкы тасмамды тартып, жарыкка чыгардым. Мурда кинолордо роль жаратып жүргөндө өзүм дагы кино тартууну ойлоп койчумун. Ойлор бышып-жетилип, өзүм тарткан тасманы көрөрмандарга тартууладым.

– Режиссёр тарткан тасмасы менен бир ойду бергиси келет. Сиздин бере турган оюңуз эмне эле?
– Ар бир нерсенин убактысы болот. Мезгил деген бат өтөт. Адамдар шашпасын, ансыз да өмүр кыска экенин айткым келди. Бир келген жашоодо татыктуу жашап өтүү керектигин, балалык деген таттуу, керемет, кайталангыс нерсе экенин ачып берейин дедим. Балдар кичине кезинде тез чоңойсок дешет. Бирок чоңойгондон кийин балалыгын сагынышат. Балдарга чоңойгонго шашылбай, балалыктын балдай таттуу күндөрүн татсын деген ойду бердим десем туура болот.

– «Сын адамды өстүрөт» деген кеп бар. Тасмаңызга карата сындар айтылып жатабы? Сынды кандай кабыл аласыз?
– Чыгармачыл адам үчүн сын угуу жакшы. Эч ким сын айтпай койсо, анда сенин өнөрүңө эч ким кызыкдар эмес. Бизге да сындар айтылып жатат. Ошону менен катар эле жылуу пикирлерди да угуудабыз. «Балакай» тасмасын көрүүчүлөр жакшы кабыл алууда. Кино абдан кызыктуу, ошонусу менен баарына жагып жатат деген ойдомун.

– Тартуу учурундагы сизди түйшөлткөн учурларды эстей кетсеңиз?
– Кыйынчылыксыз иш болбойт. Ага карабай бардыгы же­ңил жана бат өттү. Баары бүт­көндөн кийин артта калган кы­йынчылыктар унутта эле калат экен.

– Эмне үчүн кинонун аты «Балакай»?
– Жакшы, сапаттуу тасманы тартууну болжогондон кийин жакшы ат табуу керек болду. Кинонун өзөгүнө жараша ушундай атадык.

– Кино тартууга бир кадам таштап, даамын татып алдыңыз. Келечекте дагы кино жаратайын деген максаттарыңыз болсо керек?
– Буюрса, бул жаатта иштейм деген ой-максаттар күчүндө. Тарбиялык мааниси бар кинолорду жаратабыз. Актёр катары да, режиссёр катары да кыргыз киносуна салым кошсом деген ойлорум бар.

– Актёрлуктан шак эле режиссёрлукка кадам таштадыңыз. Кино тартуу менен киреше табууну көздөгөн жоксузбу?
– Жок, мага тасма тартуу ою бү­гүн эле келген жок. Мен мурда­тан бери режиссёр болгум келчү. Бир учурда актёр дагы, режиссёрго жардамчы да, продюсер да болдум. Жалпылап айтканда, кино тармагынын бардык тарабынан өттүм. Анан өзүм тартууну чечтим. Ошондуктан мен дароо эле бул тармакка кирип кеттим десем болбойт. Көп убакыт, талыкпаган эмгектин аркасында келдим.

Султан Төрөбеков

 Кыстарылган видео 
Көрүүчүлөрдү жашыткан "Балакай" тасмасы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Patrik
2014-11-10 09:32:12
Он каарман болуп деле тартылчы бай болгур...
0
Wave.
2014-11-10 10:22:31
Бул жигитке терс каарамандын ролу ото жарашат. Суротто Хитман болуп калыптыр го.
0
prime_gul
2014-11-10 15:00:00
Супер инфо, Мирлан Абдулаевдан кенири интервью алсаныздар жакшы болмок. Бул инсанды аябай сыйлайм!
0
admin_superstan
2014-11-10 15:05:53
prime_gul, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
0
fittoniya
2014-11-10 15:09:10
Ушул актёрду страшный красавчик дээр элем.Терс каармандын ролун аткарса деле жагат.Акбалбандын ролун жакшы аткарыптыр.
0
sarishka
2014-11-15 06:28:04
Maga abdan jagat ushul akter prosto krasavchik
0
kaltunlu
2014-11-16 23:28:59
maga da jagat rolun abdan mıktı oynoyt ters kaarmandın rolu oto jarashat ıygılık sızge
0
№ 627, 7-ноябрь-13-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан