Бала өзү теңдүүлөр катары ойноп-күлүп, ата-энесинин мээримин сезип чоңоюп келе жатат дейли. Анан канча бир убакыттан кийин мунун тескерисинче өзгөрүлүп кетиши мүмкүнбү? Буга психиатрлар мүмкүн дешет жана андай балдар аутизмден жабыркагандар. Булар тууралуу Бишкектеги «Психикалык ден соолук борборунун» балдар психиатры УУЛКАН ИТИКУЛОВА баяндайт.
СТАТИСТИКА
Кыргызстанда расмий түрдө аутист балдардын саны 220 деп көрсөтүлөт. Бирок расмий эмес маалыматтарда 24 миңге жетери айтылат.
АКЫЛЫ ОРДУНДА БАЛА ЭМНЕГЕ БИЛГЕНДЕРИН УНУТУП, ЖАПАЙЫГА АЙЛАНАТ?
-Аутизм бул – баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. Аутизм байыркы гректердин autos – "өзүм" деген сөзүнөн келип чыккан. Көбүнчө 1,5-3 жаштар аралыгында пайда болот. Аутизм менен жабыркагандар аутисттер деп аталат. Алар башында өзү теңдүү балдардан эч кандай айырмаланышпайт. Убагында басып, убагында сүйлөшөт. Ата-эне мээримин сезишет, аларга эркелеп күлөт, жылмаят, балдар менен чогуу ойнойт. Анан канча бир убакыттан кийин жүрүм-туруму, мүнөзү, чөйрөгө болгон мамилеси мурункудан тескери жакка өзгөрүлүп кетет. Башкача айтканда, акыл өсүшү начарлап, сөз байлыгы азаят. Ал тургай билген сөздөрүн кошуп айта албай калганга жетет. Күлүү жана адамдын көзүнө кароо деген жоголот. Ата-энесинин эркелетүүсү, колуна алып көтөрүүсү жат көрүнүшкө айланат. Алар көтөргүсү же башын сылагылары келип колдорун сунганда эле өзүнө жакындатпай чырдайт, ыйлайт. Кийингенди, жуунганды унутат.
Жаныбарлар менен куштардын атын, алардын өңүн ажыратуу кыйындайт. Мисалы, мурун өзү ойноп жүргөн ит же мышыкты көрсөтүп, «бул эмне?» десең билбейт. Ачууланып ыйлоо, өзүнө жана буюмдарына эч кимди жолотпоо адатын табат. Айрымдары оюнчугу турса аны карабай, ойнобой турган нерселер менен ойной баштайт, мисалы, идиш-аяк, үтүк. Коркууну унутуп, ысык нерсеге колун салат, бийиктиктен секирет, сууга түшүп кетет. Бирок чагылган жана күндүн күркүрөөсү менен коштолбогон жамгырды телмире тиктегенди сүйүшөт. "Аутисттер – жамгыр балдары" аталышы ушундан чыккан.
Төшөнчү орунун, кийимин, эмеректерин алмаштырууну, жуунтканды, чачын кырктырууну, тырмагын алдырууну сүйбөйт. Эгер аракет жасашса, болушунча каршылык көрсөтөт. Көндүм болгон тамактарды гана жейт. Ошол эле учурда жебей турган нерселерди, алып айтсак, кийим, кагаз, самынды жегенге аракет кылат. Эл көп жүрүүчү жерлерден, унаага түшкөндөн, көчөдөгү үндөрдөн, көпчүлүктөн коркот. Ушул себептүү аны көчөгө, сейил бакка, ооруканага алып баруу, аны менен кафеде чогуу тамактануу кыйынчылык туудура баштайт.
ООРУГА МЭЭРИМДИН ЖЕТИШСИЗДИГИ ӨБӨЛГӨ
-Оорунун эмнеден келип чыгары тууралуу илимий так түшүндүрмө жок. Бирок изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянсак, бала курсакта жана кичине экенинде ага терс таасир берүүчү факторлор анын аутист болуп калышына өбөлгө түзөт. Курсакта экенинде гендик мутация таасир этет дешет окумуштуулар. Ал эми кичине кезинде негизинен төмөнкүлөр себеп болот:
1) Психологиялык стресс. Кээ бир ата-энелер акча табуу максатында баласын туугандарына таштап кетишет. Алар ата-энесиндей мээрим беришпесе жана баланы кагып-силкип урушса, бала стресске батат да, бара-бара психикасы өзгөрүлүп, аутистке айланат.
Ата-эне кечке иште болуп, балага атайын убакыт бөлбөсө жана баласына мээрим төкпөй, муздак мамиле жасашса да бала өзү менен өзү калып, аутистке айланышы мүмкүн.
2) Оорулар (ич өткөк, сарык, пневмония жана башка) да айрым балдарды аутизмге жеткириши мүмкүн. Мисалы: ачуу дары ичкенден, ийне сайдырууга зордоп алып баргандан жана башкадан стресске түшүп, анан ооруга чалдыгышы ыктымал.
АЙЫКТЫРУУ ООР, БИРОК МҮМКҮН
-Баласында жогоркудай оору белгилери билинсе, ата-эне аны балдар психиатрына алып барып текшертүүсү, кеңештерди алуусу зарыл. Психиатрлар баланын нервин тынчытып, эс алдыруучу жана мээнин иштөөсүн калыпка келтирип, иштетүүчү дары-дармектерди жазып берет. Айрым дарыларды балдар үзбөй ичүүгө мажбур.
Ата-энелер өз алдынча интернет булактардан андай балдарды карап багуу, тарбиялоо, акыл-эсин өстүрүү жаатындагы маалыматтарды алышса же атайын китептерди сатып алып колдонушса болот. Албетте, абдан өзгөргөн баланы калыпка келтирүү оңой эмес. Айталы, итти башка жаныбарлардан ажыратып, тааный билгиче иттин сүрөтүн тажабай улам көрсөтүп, «бул ит» деп жүз же миң ирет кайталоого туура келет. Андыктан ата-энеге чыдамкайлык, ишеним анан логопед, психиатр менен тыгыз иштешүү керек. Аутизмдин жеңил түрү менен жабыркаган, акыл-эси азыраак өзгөргөн аутисттерди атайын класстарда окутуп, тарбиялап, анан кадимки класска кошууга болот.
Акыл-эси көп жабыркагандарды дарылоо кыйын, сакайбай калуусу толук мүмкүн. Алар окубай калышат.
ДҮЙНӨДӨГҮ БЕЛГИЛҮҮ АУТИСТТЕР:
Билл Гейтс (америкалык ишкер, Microsoft`тун түзүүчүлөрүнүн бири), Винсент Виллем Ван Гог (нидерланддык сүрөтчү), Сатоси Тадзири (япониялык геймдизайнер, "Покемон" сериалынын жаратуучусу), Альберт Эйнштейн (германиялык физик), Леонардо да Винчи (италиялык сүрөтчү) жана башка.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg