«БАЛАМДЫН ШИЛЕКЕЙИ КӨП АГАТ...»

– Баламдын төрөлгөнүнө 8 ай болду. Анын шилекейи дайыма ага берет. Уурту жарылып калган эмеспи? Дарылатыш керекпи?

Жибек, 31 жашта, Кант

-Эки жашка чейинки балдардын шилекейинин агышы физиологиялык көрүнүш. Анткени баланын сүт тиштери чыга баштайт. Мындайда эч нерсе кылуунун кереги жок. Убагы келгенде өзү токтойт.
Бирок баланын 2 жаштан кийин да шилекейинин агышы оорунун эсебинен жаралат. Себептери бир топ: тамакты, шилекейди жутуу рефлексинин бузулушу, оозул, шилекей безинин жугуштуу ооруга кабылышы, ичте мите курттардын пайда болушу, ичеги-карындын, ошондой эле уйку безинин оорусу, талма, балдардын шал оорусу, баштын шишиги жана башкалар. Андыктан кандай болгон күндө да балаңызды педиатрга алып барып текшертиңиз. Оорусу бар болсо өтүшүп кете электе дарылатыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» балдар дарыгери ТАМАРА ОМУРАЛИЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
istina
2014-11-17 11:14:27
бала шилекейди жутканды билбеген учун,шилекейи агат.Уурту жарылат оппо дешет го,андай эмес.Пюре,ботко жей баштагандан тартып шилекейин жутканды уйроно баштайт.
0
sergo
2014-11-17 13:45:12
Бизде ошентсе менда жолдошум менен урушуп журупмун коп опо кызымы деп кайненем педиятрда ал еще жутканды билбейт ошого агат деген анан тан калып журом ий деп.
0
4ok4oloi
2014-11-17 15:23:20
Ооооо менин баламында шилекейи укмуш агатда,уктаса да ага берет
0
Aisuluusha
2014-11-18 20:02:06
тагасынын наскиси менен эмдеп эле койгула акпай калат.
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан