«ИЧИ ЭМНЕГЕ КАТАТ?»

– Менин балам эмчекте. Кичине экенине карабай ичи катып кала берет. Бул эмнеден?

Зеби, 28 жашта, Ош

-Баланын ичинин катуусу аны аз эмизүүдөн же эмчек сүтү менен тойгузбай, балага жасалма тамактарды (атайын аралашма) берүүдөн келип чыгат. Эгерде баланын энесинин ичи дамамат катып жүрсө, баланын да ичи катат. Анткени эне жеген тамак-аш сүт аркылуу балага барат. Эне суюк тамактарды, жашылчаларды, кургатылган жемиштерди жесе, бала да бат торолуп, организми керектүү витаминдер менен камсыздалып турат. Анемия да, итий да болбойт.
Баласын сүтү менен тойгуза албаган энелер уйдун сүтүн бербеши керек. Анткени ал кеч сиңет, балага керектүү витаминдер да аз. Андыктан курамында витаминдер камтылган даяр аралашма тамактарды берүү кажет. Бирок аны баланын ичи катпагыдай кылып өлчөмү жана убагы менен берүү шарт. Муну педиатрлар баланын салмагына, абалына жараша айтып беришет.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун» балдар дарыгери ТАМАРА ОМУРАЛИЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
4ok4oloi
2014-11-17 15:26:36
Менин баламын ичи торолгондон бери катат.азыр бир жаш эки айлык анча мынчада кан да келип кетет чыгара албай
0
gul.gul
2014-11-17 23:02:08
4ok4oloi, 1штук анжирдин кургагын кечтинде кайнак сууга салып эрте менен ач карын берин.Ичти жумшартат кандыда кобойтот
0
mersedes2013
2014-11-23 01:31:16
4ok4oloi, бул нерсеге беймарал карабастан аракет кылыныз катырбоого бул жаман оору .момо жемиш ,йогурт жана сокторду коп бериниз .менин уулум да торолгондон катат ичи
0
gogi55
2014-12-20 15:36:32
4ok4oloi, сок бербе соктун ордуна кайнак сууну тез тез бер
0
aminali
2014-11-18 03:03:44
Topurak (gul boto) jebegile,katpait.
0
Taalaibek.
2014-11-19 18:37:53
укропдун да жардамы жакшы.
0
abc123
2014-11-20 21:32:47
канча жашта кандай кылса болот? Мисаалы менин кызым 1.5жашта да ичи катат кээде не кылса болот?
0
mersedes2013
2014-11-23 01:29:10
менин уулумдун ичи коп катчу кичинесинде.Морковный сок же пюресин берсенер жакшы жардам берет .Кызылчанын согун да болот ,укроп кайнатып бергиле бир чай кашыктан .
0
asylai13
2015-02-08 18:54:37
чернослива тоже хорошо помогает.и дюфалак тоже можно. дюфалак тоже рекомендуется для беременных и кормящих мам)))
0
№ 628, 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан