«20 жыл эңсеген таза сууну «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы бир айда чечип берди» деп Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Башат айыл элинин кубанычында чек жок. «Ар эшикти каккылап, майнап чыкпаган соң ак-башаттыктар Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге кайрылдык эле, сөзүнө иши дал келген азамат экен» деп ыраазы болуп отурушат. Эл өкүлү биринчи барып эл менен таанышып, экинчи барышында акчасын санап берип, үчүнчү жолугушууда айылдын таза суусунан өзү да ууртап келди. Мындай депутаттын жасаган кадамы башкаларга да үлгү болгудай. Анткени «куру сөздөн, ирип-чириген саясаттан сырт болуп, элдин камын ойлогон лидер бар экенине ынандык» дейт айыл эли. Айта кетсек, ак-башаттыктар бир тамчы сууну да алыстан ташып, бири-бири менен бөлүшүп жүрүшкөн. Эми минтип ар бир үйдүн короосунда таза суу чыгып калды.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg