“АЙЛУУ КЕЧТИН” АВТОРУ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Бир ырдын тарыхы

Ырчы Ынак Осмоналиевди «Айлуу кеч» аттуу ыры элге таанытты окшойт. Ырчы жигит ырды “өз калемиме таандык” деп айтып жүргөнүн кулагыбыз чалган. Бирок бүгүн редакциябызга баш баккан Турдакун Ниязалиев аттуу жигит “ырдын автору менмин” деп билдирди.

– Турдакун, “Айлуу кеч” ырынын жаралуу тарыхы жөнүндө кеп салсаң...
– Өзүм таластыкмын. Кесибим башка болгону менен музыкага абдан жакынмын. Негизи, бул ыр балалык сүйүүмө арналган. Мектептеги кечеде гитара ойноп отурсам, бизден жогорку класста окуган бир кыз жаныма басып келип “сонун чертет турбайсыңбы, мага да үйрөтчү”деп жоодураган көздөрү менен карап калды. Аны сыртынан таанычумун. Ошондуктан сунушун четке кага албадым. Ал кыз аябай татынакай болгондуктан, көп жигиттер көз кырын салып жүрүшкөнүн байкачумун.
Ошентип, анын суранычы боюнча күнүгө кечинде ага гитара үйрөткөнү барам. Жүзүнө тигилип карай берип сулуулугуна кантип арбалып калганымды билбей калдым. Бир күнү гитара кармап отурсам, ырдын сөзү өзүнөн-өзү оюма келе калды. Дароо кагазга чиймелеп, гитара менен обон жараттым. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпа! Мен ыр чыгардым деп ага ырдап да бердим. Тилекке каршы ал сүйүүмдү сезбеди. Азыр ал турмуш куруп, үй-жай күткөн. Ырдын кыскача тарыхы ушундай.
– Бул ырың Ынак Осмоналиевдин колуна кандайча тийип калган?
– 1-курста болсо керек, маршруткада баратсам, радиодон ушул ырымды берип калды. Уккан кулагыма ишенбей, ушунчалык да окшош ыр болобу, ким ырдап жатат? Бул менин ырым го, ооба, менин ырым деп өзүмө-өзүм суроо узатып калдым. Үйгө барарым менен апа, менин ырымды бир ырчы ырдап жатат десем, апам “жөн отурчу, сен ыр чыгарчу белең” деп күлүп койду. Шаарга келип группалаштарыма бул тууралуу айткам. Бир күнү Назик деген группалашым “мен таптым, Ынак Осмоналиев деген ырдайт экен” деп сүйүнчүлөп келди. Назик сабактан соң дүкөндө отурчу да. Дүкөндө “Супер-Инфо” окуп отурса, бир жигит келип «гезитти бере турчу, мен жөнүндө эмне жазылыптыр» дептир. Экөө таанышып, Назик ага мен жөнүндө айтыптыр. Ынак “мага байланышсын” деген экен. Экөөбүз байланышып, жолуктук. “Үйгө өт, таанышалы. Мындан кийин автору сен болосуң” деген. Кийин чалсам, телефону өчүк экен. Ошондон бери унчукпай калганмын. Кийин клип тарттырды. Сөзү, обону Ынак Осмоналиевдики деп жазылып жүрөт. Радио, теледен деле, гезитке берген интервьюсунда деле ыр өзүмдүкү дегени мени капа кылды. Бир эле жолу кайсы бир гезитке менин ысымымды атаганы болбосо, дале өзүмдүк кылып келгенине кейип, Кыргыз патентке барып документтештирип жатам. Патенттин кызматкерлери Ынак менен байланыша албай жатыптыр. Эми мен башкаларга окшоп соттошуп-жаакташкым келбейт. Болгону, автордук укукка ээ болсом дейм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
uLiUs
2011-10-09 01:18:55
Обидно блин(
0
prezent
2012-10-15 11:14:36
Турдакун азамат!ыйман тууралуу ырларын мага эмес мусулмандарга жагат.кантип сага байланышса болот?
0
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан