ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ КӨТӨРҮЛДҮ. А ЭМГЕК АКЫЛАРЧЫ?

“Кыргызстанда электр энергиясына 8 түрдүү тариф бар экен. Бул коррупцияны жаратат. Ошондуктан өлкөдө калк үчүн 1,5 сом жалпыга бирдей гана тариф болот”,- деп билдирди өкмөт башчы Данияр Үсөнов парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

Анын айтымында, буга чейин калк 71, ишканалар 96 тыйын, эл аралык ишканалар 1 сом 19 тыйын төлөп келишкен. “Ал эми Токтогул районунун эли 4 тыйындан төлөшөт экен. Мындай башаламан тариф паракордукка жол ачууда”,- дейт Данияр мырза. “КМШ мамлекеттеринин дээрлик баарында энергетиканын тарифтери 2-4 сомго чейин. Эң арзаны эле Кыргызстанда. Энергетика тармагы эскирип, тезинен жаңыланууга муктаж. Аны сактап калуу үчүн тарифти өзүн актай турган баага көтөрүү керек”,- дейт эл өкүлдөрүнө кайрылып.
«Маселени кабыргасынан койгон өкмөт башчы ошол эле кошуналардын орточо айлык маяналарына көңүл бурду бекен?» деген суроо туулат. Мисалы, Кыргызстанда орточо айлык акы 100 доллардын тегерегинде болсо, Орусияда 750 доллар, Беларуста 390 доллар, Казакстанда 485, Украинада 356, Арменияда 293 доллар.
Ошентип, өкмөттүн өткөн аптадагы токтомуна ылайык электр энергиясына болгон баа 1,5 сомго кымбаттап, жалпыга бирдей тариф кабыл алынды. Коомчулукта “өкмөт элдин кызыкчылыгын коргобой эле ишканалардын кызыкчылыгын коргоп калды” деген сөздөр айтылууда.


ӨКМӨТ ТОКТОМ ТОКУДУ
Кыргыз өкмөтү 2010-жылдан тартып электр кубатынын баасын эки эсе, ал эми жылуулуктун наркын 5 эсеге көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды.

Премьер-министр Данияр Үсөнов отун-сууга тарифтердин жогорулашынын себептери жөнүндө парламент депутаттарынын алдында маалымат берди. Анын айтымында, тарифтерди жогорулатуу чечими 2007-жылы кабыл алынса да бүгүнкү күнгө чейин ишке ашкан эмес. “Кыргызстанда электр энергиясына төлөнгөн баа өзүн актабайт. Анан ким карыздарды төлөйт, “Камбар-Атаны” ким курат? Ошондуктан электр энергиясына бааларды жогорулатуу өтө маанилүү”-, дейт өкмөт башчы. Электр энергиясына болгон баа 2010-жылдын январынан тарта июлга чейин 1,5 сом, андан ары 1,90 сом болмокчу. Ал эми жылуулукка болгон баа боюнча маалымат берген Энергетика министри Ильяс Давыдов: “Бишкек ТЭЦти сатыкка чыгарсак, 1 долларга да эч ким албай койду”,- деп элдин оозун ачырды. Анын айтымында, эскирген жабдыктар жаңыланбаса, жакынкы жылдары ТЭЦ иштен чыгып калышы мүмкүн. Ошондуктан жылуулуктун баасы жаңы жылдан тарта эки эсеге, алты айдан кийин беш эсеге кымбаттамай болду. Эгер буга чейин шаардыктар жылуулуктун бир гигакалорийине 507 сомдон төлөп келген болсо, жаңы жылдан тарта 1050 сомдон, ал эми 1-июлдан баштап 2500 сомдон төлөй башташат. 1-июлдан баштап жылуулуктун бир гигакалорийине 2500 сомдон төлөй баштаганда, 5 айлык жылытуу сезонунда 1 бөлмөлүү квартирага 10 миң 525 сом, эки бөлмөлүү 14 миң 400 сом, үч бөлмөлүү квартирага 18 миң 450 сом төлөнө турган болду.


БАКЫТ БЕШИМОВдон ДУБАЙ САЛАМ
Океандын ары жагында жүргөн КСДПнын төрага орун басары Бакыт Бешимов “Азаттык” радиосуна интервью берип: “Президент Курманбек Бакиев уулу Максимди өзүнүн ордуна даярдоо менен өлкөнү орто кылымга сүйрөй баштады”,- деп билдирген.

Муну менен бирге К.Бакиев Кыргызстанда “Ханзаада” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Мамлекет башчынын акыркы бул кадамдарына өлкөдөгү мыйзамдуулукту коргой турган Парламент, Конституциялык Сот жана Жогорку Сот сыяктуу мамлекеттик институттардын бирөө да каршы пикирин билдирген жок. Булардан пайдаланып, «Кыргызстан – укуктук мамлекет» идеясын талкалоону андан ары улантып жатат”,- дейт
Бакыт Бешимов.


«АЛИБИ» ГЕЗИТИ АЙЫБЫНАН КУТУЛДУ
Ж.Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин арызынан улам доого жыгылган «Алиби» гезити жакында кайрадан чыга баштайт.

Мындай маалыматты учурда «Назар» гезитинин башкы редактору Б.Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, «Алиби» гезити сот тарабынан салынган айыпты жабырлануучуга толугу менен төлөп берди. Эми укуктук гезит кайрадан жарык көрө баштайт.


КЫРГЫЗСТАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА ДҮЙНӨДӨ 162-ОРУНДА
“Транспэрэнси Интернэйшнл” эл аралык изилдөө уюму 2009-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен коррупциялашкан мамлекет катары 162-орунда турарын аныктады.

Мындай тизмеде коррупциядан арылган өлкөлөрдүн сап башын Жаңы Зеландия жетектеп, Дания, Сингапур, Швеция жана Швейцария алдыңкы бештикте турат. Ал эми коррупция гүлдөп өнүккөн өлкөлөр Судан, Ирак, Ооганстан болуп барып, 180-орун Сомалиге берилген. Жылдык докладда айтылгандай, Кыргызстан Өзбекстан менен Түркмөнстандан алдыга чыккан. 2003-жылы жүргүзүлгөн ушундай эле иликтөөлөрдө Кыргызстан 118-орунда болчу. Ошол жылдан тартып жылдан-жылга начарлаган бул көрсөткүч быйыл гана өзгөрүлдү. Тактап айтсак, былтыркы жылга салыштырмалуу төрт позицияга алга жылган.


“АТА МЕКЕН” ЭЛДИ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ҮНДӨДҮ
Партия Кыргызстан элине кайрылуусунда: “Электр менен жылуулук кубатына баанын кымбатташы элдин жана экономиканын кызыкчылыктарына каршы келет”,- деп белгилеп, элди өз кызыкчылыктарын коргоого, өкмөттүн баа саясатына каршы массалык каршылык акцияларын өткөрүүгө чакырат.

Азыркы президент К.Бакиев 2002-жылы өкмөт башчы болуп иштеп турган мезгилде эле бардык энерготармактар сатылат жана тарифтер 7 центке чейин көтөрүлөт деген меморандумга кол койгон. Президент жакыр адамдарга бөлүп жаткан 200 сом эл жаңы баага көнгөнгө чейинки алдамай карыз акча. Бул карыз акчаны да эл өзү кайтарууга аргасыз болот”,- деп айтылат кайрылууда.


ЖЫЛ АЯГЫНА ЧЕЙИН КАРЫЗ ТӨЛӨНҮП БҮТӨБҮ?
“Кыргызгаз” ишканасынын акыркы маалыматына караганда, Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн кыргыз тарап дагы 3 миллион доллар төлөдү.

Калган 8,5 миллион доллар карыз газ пайдалануучулардан чогулган акчанын эсебинен жыл аягына чейин төлөнмөкчү. Өзбекстан менен Кыргызстан келерки жыл үчүн сатып алына турган газдын көлөмүн, баасын макулдашып чече элек. Өзбек тарап: “Карызыңарды толук төлөп бүткөндөн кийин гана сүйлөшүүлөргө барабыз”,- деп шарт коюп келүүдө.


АСКАР АКАЕВ ӨЛКӨГӨ КАЙТЫП КЕЛЕБИ?
“Экс-президент Аскар Акаев кол тийбестик укугуна ээ. Ал Кыргызстанга келсе эч ким кармап, камабайт. Бирок жакындарынын үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча күбө катары суралышы мүмкүн”,- деп билдирди журналисттерге Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев.

18-ноябрда прокуратура кызматынын 85 жылдыгына карата Башкы Прокуратурада ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, журналисттер менен прокуратура жетекчилери жолугушту. Анда Башкы прокурор мурдагы президент А.Акаевдин жакындарына каршы козголгон 98 кылмыш ишинин көпчүлүгү кыскарып, учурда 18 кылмыш иши калганын билдирди.


ЖАМУнун МУРДАГЫ РЕКТОРУ СОТ АРКЫЛУУ КЫЗМАТКА КАЙРА КЕЛЕТ
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Абдимамат Аширалиев кызмат ордуна кайтып барат.

Мындай чечимди Аширалиевдин арызынын негизинде Биринчи май райондук соту чыгарып, аны Жогорку Сот күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Билим берүү министрлиги ректордун 169 миң сом өлчөмүндөгү бир жылдык эмгек маянасын төлөп бермей болду.
Эскерте кетсек, былтыр министрликтин коллегиясы А.Аширалиевди “ЖОЖдорго кабыл алуу эрежелерин одоно бузду” деген негиз менен кызматтан бошоткон эле.


КАМБАРАЛЫ КОНГАНТИЕВ КАЙРАДАН ЭЭРГЕ МИНДИ
Мурунку Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев Өкмөт башчысынын Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды.

Камбаралы мырза буга чейин КРнын Башкы прокурору, Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү жана Президенттин кеңешчиси кызматтарында эмгектенген. Эми ЖКда Данияр мырзанын таламын талашуучу кызматты аркаламакчы болду.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан