Режиссёру – Эрнест Уметалиев
Оператору – Мирлан Саткымбаев
Сценаристи – Сергей Королевич
Жанры – Сүйүү комедиясы
Тасманын узактыгы – 1 саат 20 минут
Тартылган жери – Бишкек шаары
Сахнанын белгилүү жылдыздарынын актёрдук чеберчилигин көргүңүз келеби? Анда учурда кинотеатрларда коюлуп жаткан «Классташтар KG» тасмасын көрүңүз. Дос болгон классташтардын 10 жылдан кийинки жашоосун сүрөттөгөн комедия сизди кайдигер калтырбайт.
– Эрнест, сени буга чейин продюсер катары билчүбүз. Кино тармагына өтүшүңө эмне себеп болду?
– 6-7 жылдан бери музыка дүйнөсүндө иштеп, сиз айткандай, жылдыздардын ырларына үн жаздырып жүрүп, көп досторду күттүм. Ошентип жүрүп жылдыздарды катыштырып кино жаратсак деген идея келип, Эрнест Абдыжапаров менен биргеликте алгачкы «До+Фа» тасмасын тарткан элек. Өзүм чыгармачыл адам болгондуктан кино тармагына бат эле кызыгып кеттим. Андан кийин «До+Фа-2» тасмасын элге тартууладык. Аз да болсо тасма талаасында жүрүп, тузун татып калгандан кийин өзүм кино тартып көрөйүн дедим.
– Режиссёр катары биринчи эмгегиң экен, жыйынтыгы купулуңа толдубу?
– Туура айтасыз, «Классташтар KG» тасмасы менин режиссёр, продюсер катары дебюттук эмгегим болду. Андыктан мүчүлүштүктөр болбой койгон жок, аны моюнга алам. Мурун тажрыйбалуу режиссёрлор менен иштегендиктен тасмаларды бир айда бүтөт деп пландасак, ошол убакытта жыйынтыктап калчубуз. Мында өзүм болгондуктан бир эпизодду тартып бүткөндөн кийин жакпай калып, кайра декорацияларын өзгөртүп тартып убара болуп калдык.
– Тасманы тартуу идеясы кимдики? Кино аркылуу элге кандай ой берейин дедиңер?
– Чолпонайдын кыялы десем болот. Ал мурунтан эле ушундай тасма тартылса деп кыялданчу экен. Киного тартылган ырчылардын баары эле мени менен тыгыз иштешкен досторум. Аларга жаңы кино тартуу оюмду айтсам, баары колдошту.
Фильмдин башкы максаты – достукту көрсөтүү. Мектепте ынак достордун мамилеси мектепти бүткөндөн кийин кандай болушу мүмкүн? Чоёңдогон кыздар 10 жылдан кийин деле ошол бойдон кала береби, ушул нерселерди көрсөткүбүз келди.
– Ролдордо жалаң ырчылар экен, алар кастинг менен тандалдыбы, же сценарий аларга ылайыкталып жазылдыбы?
– Башында эле ырчылардын өзүнө жараша роль тандап, сценаристке жаздыргам. Ал эми, мисалы, татаал ролду жаратууда профессионал актёр Атай Өмүрбековду алдык. Калган ырчыларга өздөрүнө жараша турган ролдорду тандадык.
– Жылдыздар менен иштешүү кыйын болгон жокпу? Алар профессионал актёрлор эмес да...
– Образ жаратууда көп деле кыйынчылыктар болгон жок. Анткени Замир Сооронбаев кайсы учурда кандай ойнош керектигин көрсөтүп, актёрлор менен тыгыз иштешип жатты. Эң эле кыйнаганы бул каармандарыбыздын кечиккендиктери болду. Баары жылдыз болсо да кыйын экен. Чогултуп бир эпизодго тартайын дегенде бешөө келсе, бирөө кечигет. Аны күтүп баарыбыз отуруп калып жаттык.
– Тасма кызыктарсыз тартылбаса керек. Тасма талаасындагы эсте калган окуялардан айта кетсең?
– Баарынан кызыгы, эсте калганы Чолпонай менен Мээримдин (Мирбек Атабековдун жубайы) согушканы болду. Замир агай аларга кантип урушуш керек, эмоцияны кантип бериш керек экенин көрсөтүп жаткан. Экөө болбой эле бири-биринин көзүнө карап назик «ой-ой» деп чапкылашып жатышкан. Бир маалда эле агай китеп менен Чолпонайды бир чапты. Чолпонай да жаман болуп кетти окшойт, колундагы шакеги менен Мээримдин бетине бир тийди. Анын бети тытылып, ал да Чолпонайдын чачынан тартып кирбеспи. Бул репетиция учуру эле. Андыктан, мындай кызык уруш киного кошулбай калды.
– Катарынан тасма тартып жатасың. Сага демөөрчү болгондор барбы?
– Бизде азыр эч ким деле киноңду тартып ал деп көп акча бербейт. Ошентсе да мага демөөрчүлүк кылгандар бар. Нишарат Акчалов деген досум чоң жардам кылып, ушул тасма тартылып калды. Ага ыраазычылык билдирем.
– Рахмат маегиңе, жакшы тасмаларды элге тартуулап жүрө бер.
Гүлжамал Бөрүкулова