Маанилүү маселе
Жер шарындагы 6 миллиарддан ашык эл болжол менен 6 миң тилде сүйлөйт. 21-кылымдын аягына чейин тилдердин 40 пайызы жоголуп кетиши ыктымал. Алардын арасында кыргыз тили да бар.
"Кыргыз тили колдонуудан чыгып, башка тилдерге сиңип кетет" деген кооптонуунун жаралышына, биринчиден, өлкөбүздөгү экономикалык абал себепкер. Көпчүлүк кыргыздар акча таап, өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн Орусия, АКШ өңдүү өлкөлөргө кетип жатышат. Ал жакта эл кайсы тилде сүйлөсө, барган кыргыздар да ошол тилде сүйлөөгө аргасыз. Экинчиден, Кыргызстанда туруп эле "киргизге" айланган кыргыздар бар. Бул да эне тилдин жоголуу коркунучун күчөтөт.
Изилдөөлөргө таянсак, тилдер көбүнчө эки тилдүү өлкөлөрдө жоголот. Үстөмдүк кылган тил мектептерде, телевидениеде жана соодада экинчи тилди кысып, акырындап сүрө баштайт. Кыргызстан да кош тилдүү мамлекет.
"Тилибиздин жоголушуна негиз жок"
"Кыргыз тили жоголуп кетиши мүмкүнбү?" деген суроо менен Маданият агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Азимжан Ибраимовго кайрылдык.
– 1 миллион калк сүйлөгөн тил эч качан жоголбойт. А бизде 3-4 миллиондон көп эл кыргызча сүйлөп, окуп, жазат. Демек, кыргыз тили жоголуп кетпейт.
“Кыргыз тили жоголуп баратат” деген маалымат БУУнун резолюциясында көрсөтүлгөн. Анда "дүйнөдө жоголуп бараткан 50 тилдин ичинде Кытайда жашаган фуюй кыргыздары колдонгон кыргыз тили да бар" деп көрсөтүлөт.
Учурда Түндүк Кытайда 3 миңдей фуюй кыргыздары жашайт. Алар кытайча, дунганча сүйлөп калгандыктан, алар сүйлөгөн кыргыз тили жоголуп баратат деген маселе көтөрүлгөн. Демек, бул сөз Кыргызстандагы жана Кытайдын СУАРында жашаган кыргыздарга тиешеси жок.
Азыркы мезгилде тилдердин жоголушуна глобалдаштыруу да таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, дүйнөдө 3 чоң тил: кытай, орус, англис тили үстөмдүк кылууда. Мисал келтирсек, орус тилинде дүйнөнүн 150 миллион эли, кытай тилинде 2 миллиардга жакын эл, англис тилинде 750 миллионго жакын адам сүйлөйт. Бул 3 тил майда тилдерди кысып, алардын жок болушун ылдамдатат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg