Өткөөл курак... Алгачкы сүйүү... Жактырган адамыңдын көзүн тик карай албай, каректер чагылышса жер чукуган учур... Дал ушундай учурда сага жаккан кыздын көңүлүн кантип бурдуруу керек? Сезимдер жоопсуз калбашы үчүн төмөндөгү кеңештерди эстеп калуу абзел.
1-КАДАМ. КЕЛБЕТТаза, тыкан жана өзүнө жарашкан кийим кийип, тыкыйып жүргөн жигитке ар бир эле кыздын назары бурулары ажеп эмес. Мындай гигиеналык этика чыныгы мырзанын жүзү болуп саналат. Кийим же атыр тандоодо тажрыйбалуу агалардан мастер-класс алуу ашыкча болбойт.
2. БИРИНЧИ СӨЗ БАШТАГАНДАН КОРКПО!Кыз менен учурашууну, биринчи сүйлөөнү дал сен башташың керек. Тартынчаактык – эркекке жат мүнөз. Кыздар өзүнө ишенген, таяныч жана коргоочу боло алган жигитке көз артат. Айтылбай калганча жоопсуз калган алда канча артык.
3. БИЛИМКыздар баалай турган негизги сапаттардын бири – бул жигиттин билимдүүлүгү. Кыздар менен таанышууда билимдин эмне кереги бар десең жаңылышасың. Мектепте болобу, көчөдө, үйдө жүрсөң да орундуу сүйлөп, сылык бол. Айланаңдагылардын «баланчанын баласы акылдуу, билимдүү жакшы бала» деген сөзү бир күн болбосо бир күнү сен жактырган селкиге жетет. Бул болсо сенин эсебиңе бир упай кошот.
4. СПОРТБайкасаң, кыздар жакшы көргөн кино каармандарынын булчуңдары буруюп, өзүн күтө билген мырзалар. Алардан сенин эмнең кем? Өспүрүм куракта спорт менен машыгуу эң оптималдуу. Спорттун кайсы түрүнө жакын болсоң, профессионалдуу жаатта болбосо да, өзүң үчүн машыксаң болот.
5. УГА БИЛ, АЙТА БИЛ!Бийкечтин сага чындап жагар-жакпасы сүйлөшө келгенде байкалат. Даяр бол, ал ар түрдүү нерсеге кызыгышы мүмкүн. Окуу, интернет, жаӊы технологиялар, түрдүү ийримдер, ар кандай чыгармалар жана башкалар. Кунт коюп уга билгениң, аны урматтай алганың.
Ошондой эле кыздар «кулагы менен сүйөрү» белгилүү. Андыктан сага жаккан кызга комплимент айтууну унутпа. Мейли, «тажаткан», «эскирген» комплимент сөздөр болсун, сулуу кыз үчүн бул жагымдуу болот.
6. СӨЗГӨ СЫНБА!Эгерде жактырган кызыӊ сезимдериңди жоопсуз калтырып жатса кайгырба, тырышчаак бол. Кыздар аракет кылып, аягына чейин барган жигиттерди жактырышары эсиңде болсун. Мындай учурда эки ыкманы колдонсо болот. «Стандарттуу» ыкма: гүл, шоколад берүү, ага арналган ырлар. Ал эми экинчиси – бул сенин фантазияң. Канчалык өзгөчөлөнсөң, ошончолук суктандыра аласың. Эң жөнөкөйү, жолугуучу жерди алдын ала белгилеп, ал жерди шариктер менен кооздоп, жумшак оюнчук же кыз жактырган гүлдестени катып койсо болот.
7. «ТОРМОЗ!»Өзүңдүн индивидуалдуулугуңду жоготуп алба. Кыздардын ар бир кылыгы, ою менен боло берсең, бат эле «моюнуңа мингизип» аласың. Андыктан кыздын каалоосун аткар, бирок «тормоз» баса бил, акыркы чечүүчү сөз сенде болсун. Кыздын каалоосунан көз каранды болуп калба!
ИНТЕРНЕТТЕ КАНТИП ТААНЫШУУ КЕРЕК?
Интернетте таанышуу чыныгы турмуштагы таанышуудан алда канча оңой көрүнгөнү менен, бул жерде бири-бирин кызыктыруу алда канча татаал. Чыныгы жашоодогу таанышууда сырткы келбет, кийим, жүрүш-туруш көп мааниге ээ болсо, интернетте өзүңдүн баракчаңдагы маалымат менен кызыктыруу керектелет.
НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР:
АЛГАЧКЫ КАДАМ:
МАЕКТЕШҮҮ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ ТЕМАЛАР:
Музыка (жакшы көргөн ырлары, баалаган ырчысы)
Адабият (жактырган жазуучусу, каарманы, чыгармасы ж.б.)
Спорт
Эсиңде болсун! Маектешүүдө кызды сурактагыдай суроонун кереги жок.
СУНУШТАЛБАЙТ!
Калп айтпоо керек. Калпычынын казанында баары бир эт кайнабайт.
Өзүңдү ашыкча мактоо, жарнамалоо кыздар үчүн кызыксыз.
Ошондой эле жактырган кызыңды ашыкча мактоодон алыс болуу.
Эң негизгиси, ар бир эрежеге баш ийгенди токтотуу керек. Анткени кызга жагуунун универсалдуу ыкмасы жок, болушу мүмкүн эмес. Ар бир кыз ар кандай. Андыктан маекти андан ары улап кетиш ар кимдин өз колунда.
Адилет Керимбеков
kenesh@super.kg