«Фабрика» тобу: «ЖЫЛАҢАЧ СҮРӨТКӨ ТҮШҮҮ – КАДИМКИ ЖУМУШУБУЗ»

Чырайлуу үч бийкечтен түзүлгөн ”Фабрика” тобу Кыргызстанга келип кетти. Буга Бишкек шаарында “Фараон” аттуу казинонун жаңыдан ачылганы себеп болду. Жаркылдаган шайыр кыздар гезитибизге эксклюзивдүү интервью берип, сырлары, чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөп беришти.

ИРА
Аты-жөнү – Ирина Тонева
Туулган жылы –
1977-жыл, 27- июнь
Туулган жери –
Орусия, Краснознаменск шаары
Параметри –
88-63-92
Жактырган кийими – Спорттук кийимдер жана
жынсы
Жакшы көргөн киноактёру –
Ж.Керри
Жакшы көргөн жазуучусу –
Пауло Коэльо, Ричард Бах
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

САТИ
Аты-жөнү – Сатаней Казанова
Туулган жылы –
1982-жыл, 2-октябрь
Туулган жери – Кабардин-Балкар Республикасы,
Жогорку Куркужин айылы
Параметри –
88-63-89
Жакшы көргөн киноактёру –
Ж.Траволта
Жактырган кийими –
Келбетти жакшы көрсөткөн кийимдер
Жакшы көргөн жазуучусу – Сергей Довлатов,
Гарсиа Маркес
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

САША
Аты-жөнү – Александра Савельева
Туулган жылы – 1983-жыл, 25-декабрь
Туулган жери –
Орусия, Москва шаары
Параметри –
85-62-90
Жакшы көргөн киноактёру – Н.Кейдж, Ж.Траволта,
О.Меньшиков
Жактырган кийими –
Жынсы
Жакшы көргөн жазуучусу – Пауло Коэльо,
Ричард Бах
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП
– Саша, спорттун кайсы түрүнө кызыгасың?
– Сууда сүзүүгө жана тенниске.
– Ира, дүйнөнүн кайсы жерине барууну өзгөчө каа­лайсың?
– Ди Каприо тартылган «Жээк» тасмасындагы Фиджи аралына.
– Сати, өзүңдү үч сөз менен мактап кетсең?
– Ажарлуу, жылдыздуу, жөнө­көй.
– Саша, сени тажаткан суроо?
– Маша Алалыкина эмне үчүн топтон кеткен?
– А эмне үчүн кеткен эле?
– Ал турмушка чыгып чыгармачылыкты эмес, үй-бүлө­нү тандады.
– Ира, фонограмма менен ырдайсыңарбы?
– Кээде эле. Негизинен, көп­чүлүк учурда жандуу ырдайбыз.
– Сати, жакшы көргөн ичим­дигиң?
– Кургак ак шарап.

– Саламатсыңарбы? Кыргызстанга куш келипсиңер! Билишимче, бул сапарыңар экинчи жолку болсо керек...
Сати: – Саламатчылык. Ооба, экинчи жолу келишибиз.
– Силерди өз көзүм менен көрүп, боёгу жок эле чырайлуу, мүчөңөр келишимдүү экенине күбө болдум. Сулуулук сырыңар эмнеде? Диета кармайсыңарбы?
Сати: – Аябай комплимент айттың го (күлүп). Рахмат. Менде өзгөчө деле сыр жок. Табият тартуулаган сулуулукту туура сактоо үчүн сулуулук салонуна барып косметологдун көзөмөлүндө болуп турам. Ал эми өзгөчө диета кармабайм деле. Майлуу, калориялуу тамактарды аз жегенге аракет кылам.
Ира: – Мен кичинемден бери бийлеп келем. Бош убактымда түнкү клубга барып, катуу секирип бийлегенди тим эле сүйөм. Мүмкүн ошондуктан ашыкча салмак кошпой, бир калыпта жүрсөм керек.
Саша: – Биздин иш салмак кошууга жол бербейт. Дайыма иштеп, ары-бери чуркап жүрөбүз. Бош болгондо бассейнге барып коём. Сулуулуктун негизги сыры бул. Дайыма күзгүнү карап, баарынан мен эң сулуумун деп өзүңдү сүйүп турсаң, жаныңдагыларга жана башкаларга сулуу көрүнөсүң.
– “Жылдыздар фабрикасы” музыкалык теле­дол­боору силерди элге таанытты. Топ түзүл­гөн­дөн бери 7 жыл өтүптүр. Бөлүнүп жеке ырчы бо­луу планыңарда жокпу?
Ира: – Биз 7 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келатабыз. Азыр баары жакшы. Бөлүнүп, бирөөбүз жеке карьера жасоо тууралуу ойлоно элекпиз.
– Көпчүлүк сүйүп угуп, хитке айланган ырларыңар көп. Сурайын дегеним, ырларыңардын сөзүн жана обонун ким жазат?
Сати: – Ырларыбыздын көбүн продюсер Игорь Матвиенко жазып берет. Анан Сашанын чымындары ойгонуп калганда да сонун ырларды жаратып коёт (Сати ушул учурда Сашаны чачынан сылап койду). Мисалы, популярдуу “Ой, мама, я влюбилась” деген ырыбыздын сө­зүн Саша жазган.
– Ортоңордо атаандаштык барбы?
Саша: – Ооба, азыр ары басып барып бири-бирибиздин чачыбызды жулуп, тытышып жатып калабыз (күлүп). Албетте, атаандаштык жок. Болушу да мүмкүн эмес. Биз кесиптеш эмес, бир туугандардайбыз. Бири-бирибиздин ысыгыбызга күйүп, суугубузга тоңуп дайыма жөлөк болууга даярбыз.
Ира:"Адамдар көпкө чогуу иштешип калса, бири-бирин жарым сөздөн түшүнүп калышат" деп коюшат го. Мен Саша менен Сатини 5 колумдай билем. Андыктан ортобузда андай атаандаштыктын жыты да жок деп айта алам.
– Түстүү журналдардан жарым жы­лаңач түш­көн сүрө­тү­ңөр­дү көрүп калам. Буга жакын­дарыңар, ата-энеңер кандай карайт?
Ира: – Журналдарга жарым жылаңач сүрөткө түшүүнү кадимки жумуш деп түшүнөбүз. Саша экөөбүздүн жакындарыбыз мындай нерсеге түшүнүү менен эле карайт. А Сатинин абалы бир аз оорураак.
Сати: – Ооба, менин ата-энем түшүнөбүз деп эле айтышат. Бирок коңшу-колоң, тууган деген бар экен. Алар айыл жергесинде жашагандыктан, ар нерсенин башын бир сүйлөшкөндө атам ыңгайсыз абалда калып, алар менен урушуп кетерин көп айтат.
– Чыгар­ма­чы­лыгы­ңар­ учурда гүлдөп турган чагы. Ал эми жеке жашооңордо эмне жаңылык? Ира, сени интернет булактарынан "MTV музыкалык каналдын алпаруучусу Юрий Пашковго турмушка чыгат" деген маалыматты окудум эле.
Ира: – Бул биздин жеке жашообуз. ММКларга бул тууралуу маалымат берүүдөн дайым алыспыз. Мени "турмушка чыгат" деген сөздөр ушак. Сен уккан маалыматты гастролдо жүргөндө угуп алып өзүм таң калгам.
– “Фабриканын” кыздары туулган күн­дөрүн кантип бел­ги­лешет?
Саша: – Туулган күнүбүздү кадимки эле адамдардай белгилейбиз. Эң негизгиси, маанай жакшы болсо белгилей турган орундун эч кандай мааниси болбойт. Мисалы, бир ай мурун Сатинин туулган күнүн сонун өткөрдүк.
Сати: – Ооба, жакшы өткөрдүк. Сахналаш жана жакын курбу-курдаштардын баарын чакыргам. Сырадан ичип, аябай бийлеп эс алдык. Саша мага жакшынакай ич кийим, Ира болсо стилдүү булгаарыдан билерик белек кылды.
– Сахналаш досторум деп калба­дыңарбы. “Жылдыздар фабрикасы” долбоорунан тараган кайсы ырчылар менен жакшы мамиледесиңер?
Саша: – Биз алардын баары менен кезиккен жерден саламдашып, жакшы сүйлөшүп турабыз. Бирок арасынан Ира Дубцова, Полина Гагарина, Вика Дайнеко, “Корни” тобунун балдары менен мамилебиз жакын.
– Жылуу маегиңерге чоң рахмат. Силерге чыгармачылык ийгилик. Биздин гезитибиздин окурмандарына жана бардык кыргызстандыктарга болгон каалоо-тилегиңер...
Саша: – Мен биздин топтун атынан кыргыз элине эң биринчи ден соолук каалап кетким келет. Азыр чочко тумоосу элдин тынчын алууда. Эң негизгиси, дүрбөлөңгө түшпөгүлө демекчимин. Ден соолугуңарга көп көңүл бөлгүлө. Мындан башка жалпыңарга сүйүү, ишиңерге ийгилик каалайм.
– Бул сапарыңар акыркы эмес. Дагы келип ырларыңарды кыргыз жерине жаңыртасыңар деп ойлойм. Аман-эсен мекениңерге жетип алгыла. Дагы бир ирет рахмат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kgjigit
2009-11-24 18:57:34
мына сага шоу бизнес
0
yusup
2009-11-24 20:44:24
А интересно сколько они зарабатывают за один концерт
0
anam
2011-09-10 16:23:57
да ну мне они вообще не нравятся, из-за того что у них был слабый голос, создали группу "фабрика", мне чем они нравится Алсу, у нее голос хороший и песни хорошие!!
+1
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан