Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу ажылык сапар учурунда биздин жарандар Мекке шаарында наристелүү болушту. Уулунун атын Ильяс койгон зыяратчылар Чыңгыз ажы менен жубайы Гүлнара ажы бизге маек куруп беришти.
«АЖЫЛЫК САПАРДЫ УТУП АЛДЫК»
Чыңгыз Иманбеков: – Гүлнара экөөбүз былтыр 2-ноябрда баш кошконбуз. Келинчегим 23тө, мен болсо 26 жаштамын. Экөөбүз тең билимдүүбүз, аялым Түркиядан куран окуганды үйрөнүп келген. Баары быйыл май айында өткөн кыз-келиндер арасындагы куран окуу боюнча сынактан башталды. Гүлнара аталган сынакта бир нече турдан өтүп 1-орунду багынтып, ажылык сапарга эки квота утуп алды. Абдан сүйүндүк. Ошентип сентябрь айынын 21инде Меккеге уча турган болдук. Ага чейин керектүү кагаздардын баарын чогултуп койгонбуз. Бардыгы мыйзамдуу болду. Бишкектен Ошко учтук, андан Дубайга, кийин транзиттик каттам менен Меккеге бардык. Кудайга шүгүр, ажылык милдеттерибизди аткардык.
Гүлнара Өмүрова: – Эсептеп көрүп, ажылык сапарга ичимдеги бала алты айлык кезинде барабыз дегенбиз. Кичинекей көтөрдүм, хиджабдан ичим билинчү эмес. Бирок Меккеге 7,5 айлык болуп бардык, бир ай ажылык милдетибизди аткарып, башында бир аз кыйналып, анан көнүп кеттим. Кайтар маалда 8,5 ай болуп калды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы биз менен сүйлөшүп, «бала төрөлгөнчө калгыла» дешти. Эки жумадан кийин, 26-октябрда уулдуу болдук. Пайгамбардын ысымынан жолдошум атын Ильяс деп койду. Бир нече күндөн кийин «Иманбеков Ильяс Чыңгызович Меккеде төрөлдү» деп бизге күбөлүк беришти. Уулум Ильяс 3 килограмм салмакта, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Ден соолугу азыркы тапта жакшы.
Чыңгыз Иманбеков: – Атайылап балабыз Меккеде төрөлсүн деп аракет кылган эмеспиз, бул да болсо Кудайдын буйругу экен.
Гүлнара Өмүрова: Сауд Арабиянын медицина тармагы абдан өнүгүптүр, төрөттү жакшы кабыл алышты, кыйналган деле жокмун. Кызыгы, бизден бир тыйын да алышкан жок.
18-ноябрь күнү бактылуу ата Ч.Иманбеков Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жалпы жамаатына миң мертебе ыраазы экенин билдирген катты муфтийдин орун басары Замир ажы Ракыевге тапшырды. «Ажылык сапарда биринчи жолу кыргызстандыктар балалуу болушту. Буга чейин Меккеде Чубак ажынын балдары төрөлүп, ошол жерде окушкан»,- деди Замир ажы.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
«Кош бойлуу аялга узак сапарга учак менен учууга уруксат берилеби?» деген сурообузга «Манас» аэропортунун медицина кызматынын жетекчиси ГҮЛМИРА БАТЫРКОЖОЕВА жооп берди:
-Боюнда бар аялдарга учууга 7,5-8 айына чейин уруксат бере алабыз, бирок жанында дарыгер тарабынан берилген «анын ден соолугу учакта көпкө чейин учууга жол берет» деген уруксат кагазы болушу керек. Ошол эле учурда биз кош бойлуу аялдарга колдон келсе 7 айынан кийин учакта учпай эле коюшун сунуш кылабыз.
Наргиза Бекжанова
koom@super.kg