ПОПКОРН КАЙДАН ЧЫККАН?

Байыркы кезде. Попкорнду миңдеген жылдар бою Американын индейлери колдонуп келген. Алар жүгөрүнүн (индейлер маис дешет) айрым түрү ысыганда жарыла турганын байкашкан да, ошондой жүгөрүнү пайдаланууга өтүшкөн. Мындай жүгөрү данынын өзгөчөлүгү курамында биртке суусу бар крахмалга ээ экендигинде. Данды ысытканда суу кайнайт да, буу кабыкчаны жарып, дандын көлөмү чоңоёт.
Биздин заманда. Колумб Американы ачкандан кийин акырындап индейлердин бул азыгы башка өлкөлөргө тарай баштаган.
1885-жылы Чикагодо­ Чарльз Криторз аттуу адам попкорнду чыгаруучу алгачкы аппаратты ойлоп таап, аны өркүндөтүүгө өткөн.
1984-жылы микротолкундуу мештер үчүн попкорн ойлонуп табылган.
Попкорнду даярдоонун жөнөкөй жолу болуп данды көмөчтан же мискейдеги майга кууруу болуп саналат.
Кээ бирлер попкорндун даамын жакшыртуу максатында кумшекер кошушса, кээлери туз кошушат.

КЕТЧУПТУН МЕКЕНИ – КЫТАЙ

Алгачкы кетчуп XVI кылымда Кытайда пайда болгон. Бирок ал кездеги кетчуп азыркылардан айырмаланып шарап, сарымсак, жаңгак, козу карын, буурчак жана майда балыктардын кошундусунан турган аралашма болгон. Ал кытайча “koechiap” же “ke-tsiap” деп аталып, мааниси «баклажандын ширеси» дегенди түшүндүргөн.
Ушул эле аралашма XVII кылымда Англияга алынып келинип, аталышы алгач “catchup”, андан кийин “ketchup” болуп өзгөргөн. Ошентип, Англиядан баштап бүткүл Европага, андан ары жер жүзүнө тараган.
Ал эми негизин помидор түзгөн азыркы биз колдонуп жүргөн кетчупту 1896-жылы АКШлык Генри Хайнц ойлоп тапкан. Ал жаңы табылгасын өзүнүн атындагы ишканасында көбөйтүп чыгарып, жер жүзүнө жайылта баштайт. Ошондон тарта помидордон жасалган кетчуп жер жүзүн каптап, алгачкы кетчуптар унутта калып кеткен.


КОНКУРС!!!

Төмөнкү суроолорго жооп берген алгачкы 10 окурман «Аралаштын азили» аттуу концертине 2 кишилик чакыруу кагазына ээ болот.

  1. www.super.kg сайты качан иштеп баштаган?
  2. Пиязды алмадай тиштеп жеген ырчы?

Эскертүү: Жооптор 1-декабрь, шейшемби күнү саат 16:00дөн 16:30га чейин 32-33-26 телефону аркылуу кабыл алынат.
Утушка ээ болгон окурмандар билеттерди 4-декабрда редакциядан алып кетсеңиздер болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан