БООР – ӨЗГӨЧӨ КАМ КӨРҮҮГӨ МУКТАЖ ОРГАН

Боор – биздин организмдин фильтри жана фабрикасы. Эгер ал дартка чалдыкса, анда башка органдарда да оорулар жаралат. Андыктан боорду ооруга чалдыктырбаш үчүн туура тамактанып, аны убагында тазалап туруу керек. «Кантип?» деген суроого тиешелүү адистер жооп берди.

БООРДУН КЫЗМАТЫ ЖАНА БООР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ
Булар тууралуу Бишкектеги «Улуттук хирургиялык борбордун» боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси АСАНБЕК СЫДЫГАЛИЕВ баяндайт:

– Боордун негизги кызматтары – өттү иштеп чыгаруу, канды чыпкалап тазалоо. Канды суткасына 400 иреттей тазалоодон өткөрөт. Кан менен кошо андагы зыяндуу заттардын баарын
(уу, бактерия, вирус, нитрат жана башка) өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат.
Эгер мындай заттар организмге тамак-аш, дары-дармек аркылуу көбүрөөк кирип кетсе, боордун аларды зыянсыздандырууга алы жетпей калат. Зыяндуу заттар боордо топтоло баштайт да, боор акырындап дартка чалдыгат. Чыпкалоодон жакшы өтпөй калган кан курамындагы уулуу заттар менен башка органдарды дартка чалдыктырууга өтөт. Ошентип боор ооруса башка органдар да дартка чалдыгышат.
Боор оорулары жаралбашы үчүн туура тамактанып, өз алдынча жана ашыкча дары ичпөө кажет.

Боорго жакчу тамак-аштар: кайнатма жана акшактардан жасалган тамактар, канаттуулардын жана жаш малдын майлуу эмес эти, балык, жашылча-жемиштер, кургатылган кактар жана башкалар.
Жакпай турган тамак-аштар: майлуу эт, куурулган, ышталган, туздалган жана абдан таттуу, ачуу азыктар, ичимдик, газдалган суусундук, кычкыл жемиштер, уксус жана башкалар.

БООРДУ ТАЗАЛОО ЖОЛДОРУ

АЙРАН ЖАНА БАЛ МЕНЕН
КАБЫЛЖАН ЮЛДАШЕВ, тибеттик медицина боюнча адис:
– Эртең менен ачкарын 200 грамм айранга 1 аш кашык бал кошуп ичүү кажет. Ошону менен саат 11ге чейин тамак ичпөө зарыл. Муну 10 күн кайталап, анан 10 күн эс алып, кайра баштай берсе болот.

СУЛУНУН КАЙНАТМАСЫ МЕНЕН
ДҮЙШӨНБЕК ЧОМО УУЛУ, табып:
– Кечинде 1 стакан сулуну сырдалган идишке салып, 1 литр кайнаган сууга чылап коёбуз. Эртең менен ал идишти ичинде ысык суусу бар башка идиштин ичине (мисалы, мискейге) салып, 1 саат кайнатабыз. Анан муздатып, сүзөбүз. Сүзгөндө сулунун кайнатмасы 1 литрден азаят. Андыктан тундурма 1 литр болгудай кылып, үстүнө кайнаган суу кошобуз. Анан 5 маал 150 граммдан ичилет. Рецепт 16 жаштан жогоркуларга сунушталат.

ШИРЕ ЖАНА СОРБИТ МЕНЕН
АЙША КАПАРОВА, гастроэнтеролог:
– Боорго зыяндуу заттар толо баштаганда көпчүлүк адамдардын териси, айрыкча кол-буту кычышып баштайт, тери кургайт. Демек, боорду тазалоо кажет. Бул ыкма ичине 3 этапты камтып, боор менен кошо өт жолдорун да тазалайт. 1 жылда 2 ирет колдонсо жакшы.
1-этап. 3 күнгө созулат жана диета кармоо менен жашылча-жемиш ширелери ичилет. Бир күндө 1-1,5 литр.
Диетада тамак 4 маал аз-аздан ичилет. Жалаң кайнатма тамактар сунушталат. Коёндун, торпоктун, канаттуулардын этин сууга бышырып жесе болот. Перловка, гречка боткосун жесе, организмден уулардын чыгышын шарттайт. Жашылча-жемиштерди, өзгөчө капуста, кызылча, ашкабакты тамакка көп колдонсо, ичегилер да тазалана бермекчи. Ун азыктарын чектеп, таттуу, ышталган, куурулган, туздалган азыктарды жебеш керек.

2-этап. Шире ичүү токтойт, бирок диета кармоо дагы 7 күнгө созулат.

3-этап. 7 күндөн кийин бизге сорбит (жасалма кант, кант диабети менен ооругандар колдонот) же магний сульфаты керектелет. Магний сульфаты өт айдоочу жана ичти өткөрүүчү каражат. Эртең менен эрте ачкарын экөөнүн биринен 1 аш кашык алып, аны 100 грамм жылуу сууга кошуп ичүү кажет. Анан жылуу төшөккө жатып, боордун тушуна 2 сааттай жылуу грелка басуу кажет. Анткени жылуудан өт жолдору кеңейет да, жакшы тазаланат. Анын үстүнө эгер магний сульфатын ичсеңиз, ал чыйрыктырат, грелка ушул үчүн да керек.
Кокус грелка жок болсо, анда желим бөтөлкөгө жылуу суу куюп колдонсо болот.
Бул ыкма 1 гана жолу колдонулат.
Кааласаңыз үч этап бүткөндөн кийин боорду жашартуучу дарылардын бирин иче баштасаңыз болот. Кандай дары экенин врачтан сурасаңыз, айтып берет.

Эскертүү: Боорунда, өтүндө, бөйрөгүндө жана табарсыгында ташы барларга бул ыкма болбойт. Колдонулган каражаттардын таасиринен улам кокус таш жылып кетип, өт жолдорун тосуп калса, карышуу, түйүлүү (спазм, приступ) келип чыгат. Өмүргө коркунуч келиши да мүмкүн.

 Кыстарылган видео 
Боор ооруларын алдын алуунун жолдору
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
suiuktuujar
2014-11-24 19:22:58
жакшы кенеш учун рахмат
0
Patrik
2014-11-25 16:13:16
Боору ооругандарга сабиз ширесин сунуштайм.
0
Pandora
2018-06-06 14:47:48
Patrik,+++аш кабак
0
ayzharkyn
2014-12-19 11:39:39
Мен да врач айткан диетаны кылып корушум керек экен
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан