АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ ЖӨН ЖАТКАН ЖОК

Жылдыздар турмушунан

АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап жаткан мушкерибиз Алмазбек Раимкулов учурда кезектеги беттешине даярданып жаткан учуру. Анын атаандашы ким болору азырынча белгисиз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул арада Алмазбек Раимкулов өзү машыгып гана тим болбостон, 2 жаш мушкерди беттештерге даярдоодо. Алардын рингге 19-декабрда чыгуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу спортчубуз: “Мен тарбиялап жаткан жигиттердин экөө тең башка улуттун өкүлдөрү. Кыргыз жигиттерин машыктырып чыгарсам сонун болмок. Бирок бул жакта шыктуу кыргыз жигиттери жоктугунан ушул балдарды машыктырып журөмүн. Анан дагы алар рингге кыргыз желегин көтөрүп чыгышат. Өзүм дагы желегибиз чагылдырылган машыктыруучунун кийимин кийип чыгам”,- деп билдирди. Ошондой эле Алмазбектин айтымында, Жаңы жылга карата ал Лос-Анжелес шаарында учурда АКШда сапарда жүрүшкөн кыргыз ырчылары жана режиссёр Нурбек Эген менен жолугушмакчы.

КАНЫБЕК – ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУ
21-ноябрда бильярд чеберибиз Каныбек Сагынбаев бильярд спорту көптөн күткөн жеңишти тартуулады. Ал эркин пирамида түрү боюнча Новосибирскте өткөн Дүйнө биринчилигинде күмүш медалга ээ болду. Финалда орусиялык Павел Мехововго кошумча партияда (оюнда 6:6 эсеби катталган) гана жеңилип, Дүйнө чемпиону наамынан куру калды. Кыргызстандан аталган мелдешке Каныбектен тышкары Кубанычбек Сагындыков, Антон Нетесов, Камолиддин Еседдинов, Ильяз жана Зайлан Адамовдор катышып келишти.

БЕКХЭМ “ЛОС-АНЖЕЛЕС ГЭЛАКСИНИ” САТЫП АЛМАКЧЫ
Англия курама командасынын оюнчусу Дэвид Бекхэм өзү курамында ойноп жаткан АКШнын “Лос-Анжелес Гэлакси” клубун сатып алуу тилегин билдирди. Ал мындай оюн командасынын АКШнын чемпиондугунун финалында “Реал Солт-Лейк” командасына жеңилип калгандан кийин айткан. Эске салсак, Бекхэм учурдагы командасынын курамында келишим боюнча 2012-жылга чейин ойнойт. Ал эми 2010-жылдын январынан тартып былтыркыдай эле ижаралык негизде италиялык “Миландын” курамына кошулмакчы.

БОЛТ МЕНЕН РИЧАРДС ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ
Эл аралык жеңил атлетика федерациясы жылдын мыкты спортчулары деп ямайкалык Усэйн Болт менен АКШлык Саня Ричардды аныкташты. Салтанаттуу сыйлоо аземи 22-ноябрда Монако шаарында өттү. Сөзгө чыгышкан аталган эки күлүк эмки жылы да жаңы рекорддорду орнотуп, жылдын мыктыларынын катарына кошуларын белгилешти. Ал эми былтыр мыкты деп аталган орусиялык Елена Исинбаева быйыл сыйлыкка илинген жок.


Эл аралык кабарлардан

ФУТБОЛ

ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫ ЧЫР МЕНЕН АЯКТАДЫ

Эмки жылы Түштүк Африка Республикасында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышуучу 32 команданын баары белгилүү болду. 18-ноябрда «ЮАР-2010» багыты боюнча жүрүп бараткан поездге акыркы 7 команда жетишип, кошула калышты. Тандоо оюндарынын жүрүшүндө келечекте көп сөз боло турган талаш жагдайлар болбой койгон жок.

БАКТЫСЫЗ АЯКТАГАН ОРУС ЖОМОГУ
Тандап алуу оюндарында башкы сенсацияны 2 миллион калкы бар Словения ишке ашырды. Чыныгы командалык духту көрсөткөн словендер Гус Хиддинк башчылыгындагы Орусияны жолдомосуз калтырышты (оюн 1:0 эсебинде аяктаган). Марибордо өткөн тарыхый оюнда орусиялыктар нервден алдырышып, Кержаков менен Жирков шерменделүү түрдө оюндан четтетилишкен. Ал эми голландиялык сэр Хиддинк оюндан кийинки маалымат жыйынына келбей койгон. Ошентип, орусиялык жомок бактысыз аяктап калды. Учурда Орусия коомчулугунда «Хиддинк командадан кетеби же жокпу?» деген суроо турат. Оюнчулар анын калуусун суранып жатышат. Күйөрмандар да “Гус Хиддинк калсын!” аттуу сайт ачышты. “Күнөөкөрдүн” өзү акыркы чечимин бир айдан кийин айтмакчы.

ӨЛКӨ БАШЧЫЛАРЫНА ЧЕЙИН ТАЛКУУГА АЛЫШЫП...
Талашсыз түрдө эң көп резонанс жараткан оюн «Франция–Ирландия» тирешүүсү болду. Парижде өткөн оюнда француздар чыр голдун эсебинен (оюн 2:1 эсебинде аяктаган) “ЮАР-2010го” жолдомону илип кетишти. Ошол талаш эпизоддо гол киргизген Галласка топту узаткан Анри топту колу менен токтотконун бүт дүйнө көрдү. Өз кезегинде ФИФА ирландиялыктардын кайра ойноо тууралуу арызын четке каккан. Кубандырганы, Анринин колу менен ойногондугун моюнга алгандыгы болду. Жадакалса өлкө президенти Николя Саркози Евробиримдиктин Брюсселде өтүп жаткан саммитинде чырдуу гол үчүн Ирландиянын премьер-министри Брайан Коуэнден кечирим сураган.
Эми күйөрмандардын көңүлү 4-декабрда өтүүчү чүчү кулак таштоо аземине бурулду десек жаңылышпайбыз.

“ЮАР-2010дун” БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫ:

Европа: Англия, Дания, Швейцария, Словакия, Германия, Испания, Сербия, Италия (учурдагы Дүйнө чемпиону), Голландия, Словения, Португалия, Греция, Франция.
Африка: ЮАР (кожоюн),­ Камерун, Нигерия, Гана, Кот­-д'И­в­уар,­ Ал­­ж­ир.
Түштүк Америка: Аргентина, Бразилия, Чили, Парагвай, Уругвай.
Түндүк Америка: АКШ, Мексика, Гондурас.
Азия: Австралия, Япония, Түштүк Корея, Түндүк Корея.
Океания: Жаңы Зеландия.


«ЛИВЕРПУЛЬ» КҮРӨШТӨН ЧЕТТЕП КАЛДЫ

УЕФАнын ЧЛсынын 24-25-ноябрда жыйынтыкталган группалык оюндарынын башкы окуясы англиялык «Ливерпулдун» мелдештен четтеп калгандыгы болду.

Аталган англиялык команда жылда чемпиондукка башкы талапкерлердин катарында болору белгилүү. Бирок быйыл ал өз тобунда франциялык «Лион» менен италиялык «Фиорентинанын» каршылыгына туруштук бере албады. Кызыгы, кечээги оюндардан кийин «Ливерпулдун» артынан Чемпиондор Лигасы дагы бир атактуу командасыз калары билинди. «А» группасында эки жолдомонун бирине «Бордо» ээ болгондуктан, 8-декабрда “Ювентус–Бавария” оюнунда кимиси жеңсе, ошол команда гана кийинки баскычка чыга алат. Азырынча мелдеште каралган 16 жолдомонун 8и өз ээсин тапкан. Калган 8 жолдомо ээлери 8-9-декабрда өтүүчү соңку тур оюндарынан кийин белгилүү болот.

5-ТУРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

“А” группасы
«Бордо» (Фра.) – «Ювентус» (Ита.) – 2:0
«Бавария» (Гер.) – «Маккаби» (Изр.) – 1:0

“В” группасы
«ЦСКА» (Ору.) – «Вольфсбург» (Гер.) 2:1
«МЮ» (Анг.) – «Бешикташ» (Түр.) – 0:1

“С” группасы
«Милан» (Ита.) – «Марсель» (Фра.) – 1:1
«Реал» (Исп.) – «Цюрих» (Швейц.) – 1:0

“D” группасы
«Порту» (Пор.) – «Челси» (Анг.) – 0:1
«АПОЭЛ» (Кипр.) – «Атлетико» (Исп.) – 1:1

“Е” группасы
«Фиорентина» (Ита.) – «Лион» (Фра.) – 1:0
«Дебрецен» (Вен.) – «Ливерпуль» (Анг.) – 0:1

“F” группасы
«Рубин» (Ору.) – «Динамо» (Укр.) – 0:0
«Барселона» (Исп.) – «Интер» (Ита.) – 2:0

“G” группасы
«Рейнжерс» (Шот.) – «Штутгарт» (Гер.) – 0:2
«Униря» (Рум.) – «Севилья» (Исп.) – 1:0

“Н” группасы
«Арсенал» (Анг.) – «Стандард» (Бел.) – 2:0
«АЗ Алкмар» (Гол.) – «Олимпиакос» (Гре.) – 0:0


Жергиликтүү кабарлардан

ВАЛЕ ТУДО

НОКАУТТАР КЕЧЕСИ

21-ноябрда Бишкектеги “Стронг” бокс жана фитнес борборунда эрежесиз мушташ боюнча кезектеги мелдеш болуп өттү. Бул жолку турнир оор салмактагылар арасында Азия биринчилиги деп аталды.

Мелдешке кыргызстандык эр азаматтардан тышкары Казакстандын 3 командасынын өкүлдөрү катышышты. Көрүүчүлөр баш-аягы былчылдашкан 22 мушташка күбө болду. Жалпысынан бул кечти нокауттар кечеси деп атасак болчудай. Анткени анда
1 гана беттеш аягына чейин болсо, калгандары мөөнөтүнөн мурда аяктады.
Күйөрмандардын өзгөчө кызыгуусун чемпиондук кур үчүн болгон 75 килограммга чейинки жана андан оор салмактагылар арасындагы мушташтар туудурду. 75 килограммга чейинкилер арасында чемпиондук үчүн 9 спортчу күч сынашып, чемпиондук курга кара-суулук Асанов Жаныбек (лакап аты Бостон) ээ болду. Ал эми 75 килограммдан оор салмакта Ош командасынын өкүлү Тиленчиев Нурланга (Алгыр, башкы сүрөттө) атаандаш табылган жок.
Кошумчалай кетчү нерсе, вале тудо боюнча кезектеги мелдеш 4-6-декабрь күндөрү Жалал-Абадда өтмөкчү. Бул күндөрү КРнын Вале тудо федерациясы аталган облусттун мыктыларын аныктайт.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jigito
2009-11-30 21:28:13
Molodes Kyrgyzdar Alga Ooosh uvhahahah )))))
0
talasstyn jigiti
2009-12-02 04:23:06
Jon Jatkan jok ddep , vaaahhahaha kechke kuldum ushul sozdorgo !
0
№ 369, 27-ноябрь - 3-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан