«Sky Mobile» компаниясы (Beeline СМ) эскертет: агенттер оператордун абоненттеринен төлөм кабыл алууда комиссияны 5 сомдон жогору алуусу мыйзамсыз.
Кызматташуу боюнча белгиленген милдеттенмелерге ылайык терминалдардын ээлери (агенттер) Beeline абоненттеринен баланс толуктоо кызматы үчүн 5 сомдон ашык комиссия алууга укугу жок. Бул ченем бузулган учурда компания абоненттерин 0711 түз линия номуруна кайрылууга чакырат. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.
«Биздин абоненттерибиз гана өз балансын бүткүл өлкө боюнча кеңири таралган түйүндөрдө комиссиясыз толуктай алышат. Мындай түйүндөрдүн саны 400дөн ашты. Биз өз тармагыбызды өнүктүрүүгө инвестициялоону улантуудабыз»,- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
– Мен комиссияны белгиленген өлчөмдөн, 5 сомдон жогору алган бардык учурлар жөнүндө билдирүүгө чакырар элем. Биз мындай агенттерге чара көрүүнү мерчемдеп жатабыз. Beeline ак ниет, биздин баалуулуктарыбызга ортоктош болуп, компаниянын абоненттерине көргөн камкордугун түшүнгөн агенттер менен иштешүүгө дайым даяр. Эске сала кетсем, биз балансты акысыз толуктоонун көптөгөн альтернативдик жолдорун сунуштайбыз. Биздин абоненттерибиз мобилдик эсебин толуктоо кызматына ашыкча төлөөгө тийиш эмес.
Эске сала кетсек, балансты Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселеринде жана «Оптима Банктын» терминалдарында комиссиясыз толуктоого болот. Ошондой эле мобилдик эсепти Beeline компаниясынын сайтынан банк картасынын жардамы менен «Интернет-төлөм» кызматы аркылуу акысыз толуктоого болот. Мындан тышкары «Мобильник», GeoPay жана «Элсом» электрондук капчыктарын пайдаланса болот. Дагы бир жөнөкөй жол – БТК (ЕКО)-карталар. Учурда картанын минималдуу номиналы – 50 сом, чекене сатууда ал 55 сом турат. Жакынкы убакта номиналы 18 сом болгон БТК (ЕКО)-карталар чыгат, алар чекене сатууда 20 сомдон болот. Ошондой эле «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланганда комиссия төлөнбөйт. Балансты «Мобилдик которуу» кызматы жана «Өздүк кабинет» сервиси аркылуу дагы толуктоо мүмкүн.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнунан тартып бардык байланыш операторлорунун абоненттери Beeline Сатуу жана тейлөө кеңселеринде өз балансын акысыз толуктай алышат. Балансты акысыз толуктоо тууралуу мүмкүн болгон түйүндөрдүн даректери менен компаниянын www.beeline.kg расмий сайтынан билип алууга болот.