ТОКМОК ШААРЫНЫН ТУРГУНУ КЫЯЛЫНДАГЫ МИЛЛИОНДУ УТУП АЛДЫ

«Балтика» компаниясы уюштурган «Кыялыӊдагы миллионду утуп ал!» аттуу улуттук промоакциясы болуп өттү. Анда баш байгеге коюлган 1 миллион сомду Токмок шаарынын тургуну Максат Абдраимов утуп алды.

"УТКАН АКЧАМА ҮЙ САЛАМ"
27 жаштагы Максат буга чейин жүк ташуучу болуп иштеп келген. Үй-бүлөлүү болгондуктан достору, туугандары жана келечектеги балдары бата турган көп бөлмөлүү үй салуу анын эӊ негизги кыялы эле. Эми жогорудагы промоакцияны жеӊип алган соӊ анын таттуу кыялы иш жүзүнө ашмакчы.
Жаш миллионерди колдоп агасы, аялы жана эжеси Бишкекке келишти. Максат жеӊсем деп үмүт кылганын, бирок акыркы мүнөттөргө чейин утушка ээ болгонуна көзү жетпегенин айтат:
– Мага алгач 1 миллион сомду утуп алгандыгым тууралуу сүйүнчүлөп телефон чалышканда түшүнбөй калдым, ишенген да жокмун,- дейт Максат Абдраимов. – Бир аздан кийин кайра өзүм чалып бул чындыкпы же мени тааныштарым тамашалап жатабы деп тактадым. Качан гана мени акцияны уюштуруп жаткандар кеӊсесине чакырып, мени менен таанышып, бардыгын түшүндүрүп беришкенде ишендим.
Мен «Кыялыӊдагы миллионду утуп ал!» акциясынын жеӊүүчүсү болгонума жетине албай кубанып турам. Өзүнүн жагымдуу сыралары жана ушуга окшогон сонун, эӊ негизгиси таза, анан да укмуштуудай байгеси менен акция уюштургандары үчүн
«Балтика» компаниясына ыраазычылык билдиргим келет. Сиздерге чоӊ рахмат! Эми мен кыялымды иш жүзүнө ашырып, уткан акчама үй-бүлөм үчүн үй салам, ал эми артканын карылар үйүнө жана балдар үйүнө берем. Мындан ары мен ушуга окшогон акциялар таза өтөрүнө ишенип калдым жана дагы катыша берем. Бардык кыргызстандыктарга айтарым, эч качан ишенимиӊерди жоготпогула! «Балтика» компаниясы уюштурган акцияларга катышкыла жана уткула! Кийинки жолкуда ийгилик сөзсүз сиз тарапта болушу мүмкүн!

БАЙГЕЛЕР БААРЫНА ЖЕТТИ
«Кыялыӊдагы миллионду утуп ал!» аттуу улуттук промоакция 2014-жылдын 1-августунан 30-ноябрына чейин Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлдү. Бул акцияга катышуу үчүн «Кыялыӊдагы миллионду утуп ал!» акциясынын белгилери бар «Балтика 9», «Балтика 7», «Балтика 3» жана «Балтика 0» сыраларынын бөтөлкөлөрүндөгү жана банкаларындагы коддорду терип катталыш керек.
Өзүнүн өндүрүм товарларынын сапаттуулугу аркылуу дүйнөнүн 75тен ашуун өлкөсүндө бааланган «Балтика» компаниясы тарабынан акциянын катышуучуларына жалпысынан 1 815 510 даана ар түрдүү белектер берилди. Атайын белектердин арасында фирмалык бокалдар (7 код туура келгендерге), стилдүү футболкалар (14 код туура келгендерге), ыӊгайлуу спорттук баштыктар (42 код туура келгендерге) жана дүйнөлүк сыра өндүрүмүнүн бардык талаптарына жооп берген «Балтика» сырасын компаниянын Кыргызстандагы бардык бөлүмдөрүнөн бекер алууга мүмкүн болгон жылдык абонементтер ойнотулду.
Бул жолу ийгилик фортунасы Максат Абдраимовго жылмайса, эмки жолкуда сиздин да жолуӊуз болуп калышы мүмкүн. Андыктан «Балтика» сырасын ийгиликтер үчүн көтөрүүгө шылтоо бар!

Жеӊүүчүнүн кубанычында чек жок.

Асхат Субанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Eliza761024
2014-11-24 16:01:40
Куттуктайм!Байге кут болсун!
+1
Aksy-13
2014-11-24 19:50:44
иий !!! мен дагы уткум келип атат. Байген кут болсун, анан бизге да жуксун
+1
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан