КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ИРЕТ 3D ФОРМАТЫНДАГЫ МУЛЬТФИЛЬМ ЖАРЫК КӨРДҮ

2014-жылдын 18-ноябрында Кыргызстанда алгачкы ирет 3D форматында тартылган «Акылбек менен Билимбектин кызыктуу окуялары» аттуу анимациялык фильмдин расмий бет ачары болуп өттү. Ал телекоммуникациялар, жаңы технологиялар, интернет жана мобилдик байланыш тууралуу маалымат алууга багытталган. Аны менен катар айлана-чөйрөнү, илимди, тарыхты да таанып-билүүгө арналган. Долбоордун демилгечиси болгон улуттук MegaCom мобилдик операторунун тапшырыгы менен мультфильмди ата мекендик аниматорлор тартышкан.

БУЛ ДОЛБООР «MEGAБИЛИМДИН» УЛАНДЫСЫ
Кыргызстандыктарды кубанткан таанып билүү мүнөзүндөгү, 3D форматындагы алгачкы мультсериал MegaCom компаниясынын «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорунун алкагында жаралган. Өсүп келе жаткан муундун мобилдик сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн бул мультфильм кыргыз жана орус тилдеринде. Аталган эмгекти жаратууда аниматорлордун, сүрөтчүлөрдүн, сценаристтердин, психологдордун, композиторлордун жана үн коштоочулардын калың тобу иш алып барган. Мындан сырткары долбоордун көркөм жетекчиси Сергей Кролевичтин билдиришинче, мультфильмди тартуунун алдында каармандарды тандоо үчүн атайын компьютердик программа иштелип чыккан. Ал аркылуу 5-12 жаштагы балдар, кыздар башкы каармандардын ысымдарын жана кийимдерин тандашууга катышышкан.
Алгач мультсериалдагы башкы каарманга долбоордун уюштуруучулары тарабынан Уюлбай, Уюлча, орусча Сотик деген ысымдар сунушталган. Ал эми бөбөктөр Акылбек деген нукура
кыргызча ысымды тандашкан. Кийимдердин өңдөрүн айкалыштыра тандай билген табиттеринин күчтүүлүгү да мультфильмдин ачылышына баргандардын баарын сүйүнттү жана суктандырды десек жаңылышпайбыз.
Буга чейин компания алыскы айыл жерлериндеги мектептерди компьютерлештирүү менен окуучулардын заманбап технологиялар боюнча билимин кеңейтүүнү максат кылган
«MegaБилим» долбоорун баштап, аны ийгиликтүү ишке ашырган.

Аталган долбоордун уландысы, тактап айтканда, экинчи этабы «Акылбек менен Билимбектин окуялары» аттуу мультсериал экендигин белгилеген MegaCom компаниясынын PR жана жарнама департаментинин жетекчиси ЖЫЛДЫЗ МАМЫТОВА:

-Бул мульт­фильм мектепке чейинки жана мектеп окуучуларына, тактап айтканда, колуна телефонду жаңыдан кармап жаткан аудиторияга багытталган. Өзүбүздүн иликтөөлөрүбүзгө таянсак, балдар 7 жаштан тарта уюлдук телефон көтөрүшөрү анык болду. Мультсериалдагы башкы каарманыбыз Акылбек досу Билимбек экөө виртуалдуу саякаттап, баарыбызды кызыктырган татаал суроолорго жооп издешет. Мында базалык станциянын, уюлдук байланыштын түзүлүшү боюнча, мобилдик этикет, интернет коопсуздугу, спамдардан, мобилдик шылуундардан кантип коргонуу керек деген учурдагы актуалдуу маселелер чагылдырылган.
Интернеттин, баарыбыз билгендей, жакшы жана жаман жактары бар. Анын жакшы жагын пайдалануу үчүн бир катар уюлдук операторлор ар кандай аракет көрүп келишүүдө. Алсак, Орусиянын Мегафон компаниясы студент, кары-картаңдар менен жолугушууларды өткөрөт. МТС комикстер аркылуу элге маалымат жеткирүүгө аракет жасаса, дагы башкалары радио маектерди уюштуруу менен алек. Ал эми кыргызстандык MegaCom компаниясы 3D форматындагы, мааниси зор мультфильм тартуулады. MegaCom компаниясы өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Анын ичинен билимге салым кошуу компаниябыз үчүн да, өлкөбүз үчүн да чоң артыкчылык. Биздин максат – өсүп келаткан муунга билим берип, алардын аң-сезимин өөрчүтүү. Анткени балдар коомдун келечеги.

«АЛГАЧКЫ ИРЕТ КЫРГЫЗ КОМПАНИЯСЫ КАРЖЫЛАГАН МУЛЬТФИЛЬМ»
«5palcev» анимациялык студиясынын директору УЛАН ДУБАНАЕВ:
-Буга чейинки кыргыз тилиндеги мультфильмдерди чет элдик уюмдар гана каржылап келген. Ал эми өсүп келе жаткан муундун келечегин ойлоп, каржылык колдоо көрсөткөн MegaCom алгачкы кыргыз компаниясы болуп калды,- дейт. 10 бөлүмдөн турган жана ар бир бөлүгү 4 мүнөткө созулган мультипликациялык фильмде телекоммуникациялык гана эмес, мектеп программасы боюнча жалпы билим берүүдөгү маанилүү маалыматтар да чагылдырылган.

Аталган мультсериал тууралуу КРнын Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки жана мектептик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси РАИСА ТОЙБОЛОТОВА өз пикирин төмөнкүчө билдирди:

-Биздин министрликке MegaCom компаниясы кайрылып, мектеп окуучуларына мультфильмди көрсөтүү боюнча сунушун киргизишти. Мектептерди башкаруу бөлүмүнүн адистери болуп биргеликте мультфильмди толугу менен көрүп чыгып, абдан ыраазы болдук. Кооз тартылып, аң-сезимди өстүрүү боюнча жана таалим-тарбиялык мааниси чоң экен. Аймактардагы биздин министрликтин бөлүмдөрүнө мультфильмди колдон келишинче окуучулар арасында кеңири жайылтып көрсөтүүгө жардам берүү боюнча кат жөнөттүк. Окуучуларыбыз үчүн өз учурунда, зарыл болуп турган маалда тартылды. Бул компания менен байланышыбыз ушул мультфильм аркылуу гана түзүлүп жаткан жери жок. Компания бир нече жылдан бери билим берүү жаатында алыскы аймактагы айылдардагы 143 мектепти 1000ден ашуун компьютер менен камсыздады. Бүгүнкү күндө бул абдан чоң жардам. Учурдан пайдаланып бардык билим берүү тармагында иш алып баргандардын атынан ыраазычылык билдирип кетким келет.

«АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА МУГАЛИМДЕР КӨПТӨН КҮТКӨН ИШ БОЛДУ»
Мына ушундай ойду баса белгилеген «Баластан» балдар телеканалынын продюсери КУНДУЗ АМАНОВА:
-Бул мультсериал балдардын телефонду чукулап ойноп отура бербей, билим алуусуна жакшы таасирин берет деген максатта обого чыгаруунун алдында турабыз. Себеби, телефонго алаксып кырсыкка учураган, мектепте кулагына наушникти тагып алып мугалимдин сөзүн укпаган окуучулар бар. Мына ушул маселелер боюнча бизге мугалимдер жана ата-энелер кайрылышып, «бир программа даярдасаңар боло» деп көп айтышат. Мына эми Акылбек менен Билимбектин кызыктуу окуялары аркылуу балдарга көп нерсени жеткире алабыз деген ишеничтебиз.


БИЛИМ АЛУУ МЕНЕН ГАНА ЧЕКТЕЛБЕЙ, СПОРТКО ДА ҮНДӨЙТ
Мультсериалдын ачылыш аземинде анын алты бөлүмүн көрүүгө жетиштик. Мында телефондон оюн ойноп отурган Акылбекке Билимбек жинденип, «оюндан көрө билим алууга аракет кыл» дейт. Билимбек Акылбекти ээрчитип, телефондогу кызматтар жөнүндө, тактап айтканда, ЖПС навигатору багытты көрсөтөрүн, сүрөткө, видеого тартууга болорун жана аны дароо интернетке жүктөө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтүп берет. Кыскасы, мультфильмдин 4 мүнөттүк бөлүмүндө уюлдук телефондогу интернеттин жардамы менен дүйнөнү кезип, билимди кеңейтүүгө болору чагылдырылган. Соңунда каармандар эртеден кечке телефонду тиктеп отура бербей, эс алып, денени чыңдоо үчүн спортко да көңүл бурууга үндөшөт.
Мультсериал республикабыздын жалпы калкына ноябрь айынын аягынан тарта жергиликтүү телеканалдар, социалдык тармактар жана компаниянын расмий сайтындагы видеогалерея аркылуу көрсөтүлөт. Ошондой эле мультфильмдин алгачкы бөлүгүн бул жерден көрүүгө болот.

Акылбек менен Билимбек көпчүлүккө кызык болгон суроолорго жооп издеп жатышкан учурлар. Мультфильмде Баткенде гана өсүүчү айгүл гүлү тууралуу да маалымат камтылган.


Кубаныч Сыдыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aibars
2014-11-25 00:18:13
Bul dagy bolso MegaCom ozun jarnamaloo. Birok choon ish jasalgan eken...
0
gulnara2014
2015-06-04 15:06:07
видеосу барбы
0
admin_superstan
2015-06-04 15:19:00
gulnara2014, саламатсызбы!
Албетте, бар: http://www.super.kg/media/?search_term=билимбек&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан