САКТА! ЧОГУЛТ! КИРЕШЕ ТАП! «БАКАЙ БАНК» АМАНАТТАРЫНЫН 3 АРТЫКЧЫЛЫГЫ

СИЗ КАРАЖАТЫҢЫЗДЫ САКТАП, КӨБӨЙТКҮҢҮЗ КЕЛЕБИ?
Өлкөдөгү инфляциянын өсүүсү менен кыргызстандыктардын керектөө куржунунун баасы өсүүдө. Бул айрыкча пенсионерлерге жана пенсияга жаңыдан чыгып жаткан жарандарга таасирин тийгизет. Мындай учурда эмне кылуу керек? Чогулткан каражатыңыздан кантип пайда тапса болот?

«Мен 50 жаштамын. Буюрса, жакында пенсияга чыгам. Ушул убакытка чейин ак эмгегим менен иштеп тапкан каражатымды сактасамбы дейм. Жаш кезде тынбай иштегенимдин үзүрүн эми көрүш керек да. Банкка акча сактоодо эмнеге көңүл буруу керек?»- деп суроо салды Салкын апа.

Жооп беребиз: Биринчи кезекте, стабилдүүлүккө кө­ңүл буруу абзел. «Бакай Банк» ААКсы өз ишмердүүлүгүндө өлкөбүздөгү 2005-2010-жылдардагы оор учурларды башынан өткөрсө да, азыркыга чейин ийгиликтүү ишин улантып келе жатат. «Бакай Банкынын» аманаттары мамлекет тарабынан корголот. Биздин аманаттарга болгон кызматыбыз менен пайдаланып, каражатыңызды сактоо менен бирге аны көбөйтө аласыз. «Бакай Банк» – ачык акционердик коом катары түзүлүп, универсалдуу коммерциялык банк болуп саналат. Азыркы убакта 50дөн ашык сактоочу касса жана филиалдар иштейт. «Бакай Банк» республиканын бардык аймагында сапаттуу, ылдам жана элге ылайыктуу финансылык кызматтарын тартуулап келет.

«Балдарым Орусиядан акча салып турат, бирок ал да жетпейт. Канткенде акчаны туура үнөмдөсө болот?»- деп кайрылат токмоктук 63 жаштагы
Алмаз ата.

Жооп беребиз: Орусиядан салынып жаткан каражаттардын жарымын «Бакай Банкынын» филиалдарынан «Пенсиялык» аманатына салсаңыз болот жана бул сиз үчүн ыңгайлуу. Аманатты 1 жылдык убакытка салуу оптималдуу вариант. Анткени бул кызматты пайдала­нуу менен ыңгайлуу үлүштүк киреше ала аласыз. Аманатты ар түрдүү валюта (сом, доллар, рубль, евро) менен сактоо мүмкүн. Биздин банк кыргызстандыктар үчүн 16 жылдан бери көптөгөн банктык кызматтарды тартуулап келет.

«Биздин көйгөйдү эч ким түшүнбөйт. Пенсияны көтөрсө да биз үчүн аздык кылууда. Анткени базарда баары кымбат. Алайын десең акча жетпейт. Кантип жашайбыз?»- деген көйгөйү менен Карыгүл апа бөлүшөт.

Жооп беребиз: Каража­ты­ңызды аманатка сактап, анын па­йыздык кирешеси менен та­мак-аш, дарыларды алуудан тышкары, неберелериңизге жардам бере аласыз. «Бакай Банктын» күчтүү жери – банктын башкаруу бөлүмү. Тагыраагы, башкаруу бөлүмүнүн биринчи орун басары Мундузбае­ва Бакита Абдыкалыковна. Ал көп жылдан бери «Бакай Банктын» башкы бухгалтер кызматын аркалап келген. Кыргызстан Банк­тар Биримдигинин байкоочу ке­ңешинин мүчөсү, 2009-жылы бул биримдикке салым кошкону үчүн «Өнүгүүгө салым кошкону үчүн» деген Мактоо баракчасына татыган. 2006-жылдан тарта «Бакай Банкынын» башкаруу бөлүмүнүн биринчи орун басары болуп келет. Ал пенсионерлердин учурдагы бардык көйгөйү менен тааныш жана аларды чечүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

«Бакай Банкта» ар дайым мыкты кызматкерлер иштеп келет. Каражатыңызды аманатка сактоо үчүн паспорт жана салчу каражатыңыз менен банкка келишиңиз керек. Калган жумушту банктын кызмат­керлери 10 мүнөттүн ичинде бүтүрүшөт. Бул үчүн көп нерсе билүү керек деп баш оорутуунун кажети жок. Аманатты ачуу, жабуу, улантуу жана башкаруу үчүн эч кандай акы төлөнбөйт. Сизге гана төлөнөт!

Эске салсак, азыркы учурда аманатка сактоо жана пайыздык кирешени алуу үчүн банктын бөлүмдөрү көпчүлүк шаарларда жана конуштарда ачылган.
Акча болсо аны сөзсүз иш­те­түү керек. Каражатты банктык аманатка сактасаңыз сизге стабилдүү киреше менен бирге эртеңки күнгө ишенич алып келет. Пайыздык кирешени ай сайын алуу, акчаңызды пенсия­лык картага жөнөтүү же көп каражат топтоо жана башкалар үчүн десеңиз «Бакай Банктын» «Ылдам», «Универсалдуу», «Балакай үчүн», «Пенсия­лык», «Капитал», «Прогресстүү», «Адилеттүү» жана «Спринт» аманаттары дайым иштейт.
Дагы бир жакшы жаңылык, 2014-жылдын 1-октябрынан тарта аманаттык пайыздык кирешелер көбөйтүлдү! Эми ка­ра­жатыңызды сактоо менен бирге кирешеңиз көбөйөт!

АМАНАТ САКТАЙМ ДЕСЕҢИЗ:

Башкы бөлүм, Бишкек шаары: (0312) 61 00 61
Ош шаарындагы филиал:(03222) 8 75 62
Жалал-Абад филиалы: (03722) 2 37 85
Кара-Балта филиалы: (03133) 3 27 96
Ысык-Көл филиалы: (03943) 5 22 60
Токмок филиалы: (03138) 6 16 63
Нарын филиалы: (03522) 5 60 06
Талас филиалы: (03422) 5 46 66

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 629, 21-ноябрь-27-ноябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан