МУРУНКУ БАСКЕТБОЛЧУ, АЗЫРКЫ МИЛЛИОНЕР. СПОРТЧУЛАРДЫН СПОРТТОН КИЙИНКИ ИЙГИЛИКТЕРИ

Спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерге жетишип, миңдеген жаштардын кумирине айланган спортчулар толтура. Алардын кээ бирлери спорттон кетишсе да, жаңы жеңиштерден тажаша элек...

МАЙКЛ ЖОРДАН. БЕЛГИЛҮҮ СПОРТЧУ, БЕЛГИЛҮҮ ИШКЕР
Баскетбол десе дароо эле Майкл Жорданды элестетет эмеспизби. Ооба, ал дүйнөдөгү эң белгилүү баскетболчу. Анын баскетбол аянтында койгон рекорддору дагы да болсо жаңылана элек. Ийгиликтүү баскетболчунун спорттон кетиши ийгиликтүү ишкердин чоң жолун ачарын эч ким билген эмес.
Жордандын ишкерлиги 1985-жылы «Nike» компаниясы менен болгон келишимдин негизинде башталып, «Air Jordan» аталышындагы баскетбол ойноо үчүн ылайыкташтырылган бут кийим чыгарган компанияны түптөйт. Жордандын бул ишканасы азыр «Jordan Brand» аталып, ага жылына 60 миллиондон ашык доллар киреше алып келет. Мындан тышкары баскетболчуга ресторандар тармагы, мотокоманда жана УБАдагы (Улуттук баскетбол ассоциациясы) «Шарлотт» командасы тиешелүү.

«ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШПЕСЕМ, БАШКА ЖУМУШ КАРАШТЫРАМ»
XX кылымдын эң белгилүү спортчуларынын катарын «Улуу №1» лакап аттуу канадалык хоккейчи Уейн Грэтцки да толуктайт. Ал дээрлик 20 жылдык спорттук карьерасында Улуттук хоккей лигасында 60тан ашык рекорддун ээси, 9 жолу «Лиганын эң мыкты оюнчусу» наамына татыган.
Грэтцки чоң спортто жүргөндө эле ресторандар тармагын ачып, бизнесин ийгиликтүү иштетип келген. Мындан тышкары спортчу 2006-жылы жаңы бизнеске жең түрүп киришип, шарап жасап чыгаруу менен алектене баштайт. «Улуу №1» рекорддорду бул жаатта да коюп, анын шараптары алгачкы жылы эле Канададагы эң көп сатылган шарап деп табылган. Грэтцкинин шараптарынын белгилүүлүгү жыл сайын өсүп, азыркы тапта Канада жана АКШнын шарап рыногун ээлеп келет.
«Эгерде бала кезимде баштапкы 2 жылда хоккейде ийгиликке жетишпеген болсом, анда хоккейчи болмок эмесмин. Бизнесте да ошондой. Эгерде бул жумушумда ийгиликтин учу көрүнбөсө, анда башка жумуш караштырууга мажбур болмокмун»,- деп белгилеп келет шарап-ишкер.

ЖАҢЫ БРЕНД – ДЭВИД БЕКХЭМ
Дэвид Бекхэм спорт жаатында да, спорттон тышкары да ийгиликке жетишкен адам катары таанымал. Оюн талаасында ойноп жүргөн кезинде эле ага жарнамалык агенттиктер кезек талашып турушчу. Сыры эмнеде? Бирден-бир өзгөчөлүгү анын элге жага билүүсү деп айтылат. Тагыраагы, жөнөкөйлүк менен профессионалдуулуктун айкалышында эле.
37 жашка чейин мыкты калыпта оюн көрсөткөн Бекхэм азыркы муунга мыкты футболчунун үлгүсү боло алат. Бекхэм тартылган жарнамалардын саны жүздөп саналат. Белгилүү компаниялардын жүзү менен катар эле, өзүнчө бренд катары да таанылып калды. Азыркы тапта Бекхэм бул ишмердүүлүктөн тапкан каражатына АКШда жаңы футболдук клуб түзүү менен алектенүүдө.

ФУТБОЛДОН ЭМЕС, ТАСМАДАН ТАПКАН АТАКТУУЛУК
Англиялык футболчу Винни Жонс футбол талаасында 15 жылдан ашык убактысын өткөрсө да, спортчу катары ири ийгиликке жетишкен эмес. Атагы тасма айдыңында чыгары миң уктаса да түшүнө кирген эмес.
Ал Гай Ричинин «Оюн, акча жана эки тапанча» («Карты, деньги и два ствола») жана «Чоң олжо» («Большой куш») аттуу тасмаларында олуттуу каармандардын ролун аткарып, сынчылардын купулуна толот. Ага «Британдык Брюс Уиллис» деген ат да ыйгарып коюшкан. Мындай ийгилик экс-футболчунун жашоодогу жаңы карьерасына жол ачып, Голливуд жылдыздары менен бир канча тасмада роль жаратат. Учурда бул жааттан жолун тапкан Винни Жонс Британиянын мыкты актёрлорунун бири катары саналууда.

ЧЕМПИОН МЭР БОЛГОНДО
Дегеле спорттон саясатка бет алган спортчулар чанда кездешет. Бирок бокс боюнча оор салмак категориясындагы Дүйнөнүн экс-чемпиону Виталий Кличко жаштайынан саясатка кызыгат эле. Анын спорттук карьерасын аяктагандан кийин саясатка келиши көпчүлүктү таң калтырган жок.
Виталий саясатка 2008-жылы эле аралашып, Киев шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Ал эми спортту толугу менен жыйыштырганда (2012-жылы) «Удар» партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, Раданын депутаты болууга жетишкен. 2013-жылы айтылуу Евромайданга активдүү катышып, оппозициянын башында тургандардын бири болду. Жаңы өкмөт шайлангандан тарта Кличко Киев шаарынын мэри болуп иштеп келет.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Ал эми кыргыз спортчуларынын көпчүлүгү спорттук карьерасын аяктаган соң машыктыруучулукка ооп кетишет. Алардын арасында ири ишмердүүлүк менен алектенгендери жокко эсе. Бирок айтылуу кикбоксчу Александр Воинов, балбан Канатбек Бегалиев, спорт карьерасында экинчи демин ачкан кий чебери Каныбек Сагынбаев сыяктуу белгилүү чемпиондор жеке ишкерликке убакыт таап келишет.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kubzero
2014-12-02 12:03:04
Чемпион болууга кандай кана куч кетет.
+1
erik94
2014-12-03 01:08:20
Бегалиев Кыргызстанга алтын алып келмейимче спорттон кетпейм деген элего
0
erik94
2014-12-03 01:10:54
олимпиададан
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан