«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Актёр Халит Эргенч Сулейман султандын ролун аткаргандыгы үчүн канча гонорар алган? Даңазалуу Сулеймандын таажысынын баасы Осмон империясынын карызы менен тең болгонун билесизби? Ушул жана башка суроолордун жоопторун төмөнкү макаладан окуңуз.

Халит Эргенч: «СУЛЕЙМАН БОЮНЧА ДОКТОРЛУК ЖАКТАГАНДАЙ ЭЛЕ БОЛДУМ»

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
138-139-сериялар:

СУЛЕЙМАНДЫН АКЫРКЫ ЖҮРҮШҮ ӨЛҮМ ЖАНА ЖЕҢИШ МЕНЕН АЯКТАЙТ
Персиянын шахы Тахмасп Баязидди Селимдин адамдарына сатат. Туткундан бошонгон Баязид жана анын төрт уулу Селимдин буйругу менен муунтулуп өлтүрүлөт. Эң кенже уулунун өмүрүн алууга Нурбану өзү Бурсага келет, бирок Баязиддин күңү Дефне баласы менен кошо уу ичип жан берет. Мустафадан кийин Баязиддин өлүмүн көтөрө албай койгон Гүлфем хатун Сулейман султанды ооруп жаткан жеринен өлтүрмөкчү болот. Падышанын жан жөкөрү жетишип келип, колундагы канжар капысынан Гүлфем хатундун өзүнө сайылып, набыт болот.
Сулейман султан улгайып, муун оорусу да күчөп, алдан-күчтөн тая баштайт. Тагын, таажысын таштап кетчү уулу Селим шарап ичкенин токтотпойт. Селимдин уулу Мурат Михримахтын жардамы менен Осмон империясынын аймагы түшүрүлгөн картаны тартуу кылып султандын көңүлүнөн түнөк табат. Падыша соңку жүрүшкө аттануу чечимин кабыл алат. Буга султандан башкасынын баары каршы болот, дарыгерлер ага «эгерде согушка катышам десеңиз, анда кайтпай каласыз» деп эскертишет. Сулейман султан Стамбулдан кепин кийингендей аппак чапан жамынып, боз ат минип жолго чыгат. Жүрүштө падыша душман менен да, оорусу менен да күрөшөт. «Сигетвар чебин аласыңар» деп акыркы жолу буйругун айтып, бул аалам менен кош айтышат. Бул аралыкта Сигетвар чеби да кулайт. «Өкүмдарым, убактыңыз келди» деген маркум Ибрагим паша Сулейман султанды о дүйнөгө ээрчитип кетет.

СУЛТАНДЫН РОЛУ АКТЁРДУ ТАЗ КЫЛЫП КОЁ ЖАЗДАГАН
Сулейман султандын ролун аткарган Халит Эргенч тартуу иштери тууралуу мындай дейт: «Карьерамда эң узакка созулган сериалдын баш каарманынын 42 жылдык өмүрүн 4 жыл бою ойноп, Сулейман султан боюнча докторлук жактагандай эле болдум.
Мындай масштабдуу долбоор майда-чүйдөгө чейин кылдат көңүл бурууну талап кылат. Тарыхый факттар менен иштөөнү алалы, эң жөнөкөй мисал: табакта турган мөмө-жемиш, жашылчалардын арасынан апельсинди, помидорду учуратуу мүмкүн эмес. Султанга кирип-чыккан адамдардын учурашуусу, коштошуусу тууралуу маалыматты да таба алган эмеспиз».
Халит Эргенч «Даңазалуу кылымга» тартылып бүткөндөн кийин биринчи болуп чачтарачканага баш багып, төрт жыл бою өстүргөн сакалын кырктырган. Анан да актёрдун маңдайынан баштап чачы түшүп, дарылоо курстарын алууну баштаган. Айрым маалыматтарга таянсак, ага чачты көчүрүү боюнча операция да жасалмай болгон. Халит Эргенчтин сериалды тартуу учурунда чалма, таажы сыяктуу баш кийимдерди кийип жүрүүсү да тазга айлануу процессин тездеткен.
Ал эми гонорарга келсек, «Даңазалуу кылымдын» баштапкы сезондорунда Халит Эргенч ар бир сериал үчүн 35 миң доллардан кем эмес акы алып турган. Жакында эле түрк-араб биргелешкен долбоору тарабынан ар бир бөлүм үчүн 75 миң доллар гонорар төлөнө турган сериалга тартылуу сунушу түшүп, бирок актёр «мен эс алышым керек» деп катышуудан баш тарткан. Октябрь айында 10 секундалык жарнамалык роликтердин бирине тартылуудан эле Халит Эргенч
18 миң доллар акы алган. Муну менен ал Түркияда гонорар боюнча рекорд койду.
Акча маселеси боюнча актёрдун кызык маек курган жайы бар: «Жумуш издеп, бүтүндөй Стамбул шаарын велосипед менен кыдырган күндөрүм болгон. Бий боюнча сабак берип, алган айлыгым батир акысынан ашчу эмес. Кино көрүүгө да чөнтөк жукалык кылчу. Азыр Кудайга миң мертебе шүгүр, жакшы жашоо кечирүүгө каражатыбыз бар. Бирок атактуулуктун да акысы болот экен. Кайсы бир жакка баргым келсе, анда жалгыз калуу үчүн кошумча акча төлөө зарыл. Антпесе, тегеректеген эл мени менен сүрөткө түшкүсү келет, кол тамга алгысы келет. Үй-бүлөм менен Грециядагы аралдардын бирине барууну кыялданып келебиз, бирок, менимче, ал жакка барганда, аэропорттон ары бир эркин кадам таштай албасак керек».

СУЛЕЙМАНДЫН 15 УУЛУ, 3 КЫЗЫ БОЛГОН
Тарых барактарында Сулейман I Европада «Даңазалуу Сулейман», Осмон империясында «Адилеттүү Сулейман» деп атыккандыгы жазылат. Ал такка 26 жаш курагында отуруп, 72 жашында кайтыш болгон. Бийлик башында турган 46 жылдын 10 жыл 1 айын согушка катышуу менен өткөрүп, баш-аягы 13 жолу жүрүшкө чыккан. Жеңиштердин эсебинен атасы Селим султандан калган империянын аймагын эки эседен ашык аймакка кеңейткен. Ошондой эле жемкордукка каршы аёосуз күрөшүп, паракордукка шектелген адамдын султандын тукуму болгонуна да карабай жазаланып тургандыгы аңыз кепке айланган.
Сулейман султан ичер суусу аз калганда армия башчысына мындай керээз калтырганы айтылат: «Менин табытымды империянын эң мыкты дарыгерлери көтөрүп чыксын жана баары эң мыкты дарыгерлер да өлүм алдында жардам бере албасын түшүнүшсүн. Табытым көтөрүлүп өткөн жолго алтын тыйындар чачылсын жана баары тапкан байлыгымды көрүмө көтөрүп кете албаганымды көрүшсүн. Табытымдан колдорум чыгып турсун жана баары бүт дүйнөнүн падышасы Сулейман султан бул дүйнөдөн куру кол кеткенине күбө болушсун».

ИМПЕРИЯНЫН КАРЫЗЫ МЕНЕН ТЕҢ БААЛУУ ТААЖЫ 
Султандын баалуу таштар менен шөкөттөлгөн таажысы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Актёр бул тууралуу: «Таажы чоң көлөмдө металлдан жасалгандыктан, аны кийгенде башым кысылып, моюнум талып чыкчу. Баарынан кыйыны, сүйлөгөнүмдө таажы кулакты да жаап тургандыктан, үнүм баш кийимдин ичинде жаңырып, мээм жарылып кетчүдөй болор эле»,- дейт. Тарых барактарында бул таажы султандын буйругу менен Мохачтагы жеңишинен кийин Европада эң чоң көлөмдө жана төрт ярустуу болуп алтындан жасалгандыгы айтылат. Рим папасынын таажысы үч ярустан турган. Зымырыт, лаал жана алмаз таштары менен кооздолгон. Чыгымы 115 миң алтын тыйынды түзгөн. Бул таажыга байланыштуу уламыш да бар. Осмон империясы кулай баштаган мезгилде казынада алтын калбай, өтө чоң карызга батат. Ошондо сөз болгон таажынын баалуу таштарын алышып, өзүн эритишип, карызды төлөшөт. Мындайча айтканда, таажынын баасы бүтүндөй мамлекеттин карызын жабууга жеткен.
Темир соот кийимдери жөнүндө Халит Эргенч мындай дейт: «Согушка катышуудагы темир соот кийимдердин салмагы аябай оор. Аны кийгениң аз келгенсип, атка минип да тартыласың. Ошол үчүнбү, чечкенден кийин өзүмдү чымчыктай жеңил сезип калып жаттым».
Темир соот кийимдеринин, кылыч менен калканды кошкондо салмагы 25-40 килограммды түзгөн.

12-ноябрда Түркиядагы «GQ» журналы Халит Эргенчти «Жылдын мырзасы» деп таап, актёрго бул наамды Мерьем Узерли тизе бүгүп тапшырды. «Халит үчүн Африкага да барууга даярмын. Сыйлык берүү аземине чакыруу алганымда Түркияга кайтып келүүгө күч таптым»,- дейт Хүрремдин жаш кезин ойногон актриса.

(Аягы)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
femidakg
2014-12-01 09:31:22
Жагат да ушу актер,Мерьем Узерли экөө реалдуу жашоодо да идеальный пара болушчуудай))
+2
nazi25
2014-12-01 13:59:39
Керээз айткан жери жакшы экен.Кызыктуу кино калтырбай коруп жатам.
0
Faina
2014-12-01 15:13:54
Мага Сулейман жакпай калды
0
Ainura_kg85
2014-12-01 16:10:48
Суйууну даназалаган кино
0
tina-janka
2014-12-01 18:16:44
Халит эргенчтин озунун аялы да сулуу бири бирине пара.
+2
kindly_girl91
2014-12-01 19:49:42
halit ergenchtin ozunun ayalin ati berguzar korel.ali attuu baldari bar.
0
angelo4ka_96
2014-12-02 01:25:15
Селим кандай мыкаачы адам! Бир канын, бир боорун, анын балапандарын... Ээх, ушунча көргөнүм текке кетти дегеним менен тарыхты өзгөртө алышпайт тура..
+2
rus.sayk
2014-12-04 17:52:26
Суйуунун козу сокур деген ушу да. Сулейман канчалык адилеттуу жана кайраттуу болсун суйуунун алдында алсыздык кылды.
0
Deniza88
2014-12-05 14:55:41
Укмуш
0
kanyshaikg
2014-12-07 18:46:31
Мыйзам ошондой болчу да. Бирок чын эле мыкаачы адам. Мен дагы абдан кутуп кордум
0
laziza
2014-12-09 09:58:57
зор
0
№ 630, 28-ноябрь-4-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан