Даамдуу жасалган тамактан, болгондо да балыктан жасалган даамдардан баш тарткандар чанда кезиксе керек. Балыкты түрлөп бышыруунун жолун үйрөнүп алсаңыз кожоюнуңуз дагы, коногуңуз дагы ыраазы болот. Эмесе, балык бышыруунун бир нече оңой жолдору менен ашпозчу МАКСАТ СУЛТАНАЛИЕВ бөлүшөт.
ЭЛЕКТР МЕШИНЕ БЫШЫРУУ
Электр мешине балык бышырарда 180-250 градустан кем эмес ысыктыкка коюу шарт. Ошондой эле табаны малдын майы менен майлап койсоңуз, балык табага жабышпай, чыгарып алуу оңой болот. Кайсы түрлөрүн электр мешинде бышырууга болот десеңиз, анда сатып аларда форель, зубан, карась, карп, треска, сардина, окунь, скумбрия сыяктуу түрлөрүн тандап алганыңыз оң.
ГРЕК ЖАҢГАГЫ КОШУЛГАН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Карп балыгы – 1 килограмм (балыктын башка түрлөрүн да бул рецепт менен жасоого болот)
Грек жаңгагы – 100 грамм
Пияз – 2-3 баш
Татымына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты жууп-тазалап, туздап, калемпир сээп 20 мүнөт коё турабыз.
2. Пияз менен грек жаңгагын эт туурагычтан өткөрөбүз. Татымына жараша туз кошуңуз. Эгер кычкылды жакшы көрсөңүз, анардын ширесин сыгып 1 аш кашык кошуп фарш даярдайбыз.
3. Фаршты балыктын ичине салып, каймак май менен майланган фольгага оройбуз.
4. Мындан соң 180-200 градус ысыктыктагы электр мешине салабыз. Балык 50 мүнөттө даяр болот.
5. 50 мүнөттөн соң балыктын сыртындагы фольганы ачып, мешке дагы 10 мүнөткө сала туруу керек. Бул анын сыртын кызартып, кытырак кылып коёт.
6. Фаршталган балыкка гарнир катары сууга бышырылган күрүч, картошка фри же пюре кошуп дасторконго койсоңуз болот.
КУУРУЛГАН СЁМГА БАЛЫГЫ
Керектелүүчү азыктар:
Каймак (сливки) – 200 грамм
Эритилген сыр – 1 аш кашык
Атайын балык үчүн татымал (специи) – 1 чай кашык
Кургатылган райкан – 0,5 чай кашык
Лимон – 1 даана
Өсүмдүк майы –100 грамм
Татымына жараша туз, калемпир
Даярдоо ыкмасы:
1. Сёмга балыгын 2-3 сантиметр калыңдыкта кесип алып, кылканын тазалап, терисин сыйруу керек.
2. Идишке өсүмдүк майын куюп, татымал, райканды кошуп чаласыз. Ага балыкты салып, 20 мүнөткө коё турабыз.
3. Ага чейин каймактын үстүнө эритилген сырдан 1 аш кашык кошуп, жай отко коюп, коюулангыча 5-6 мүнөт чалабыз. Идиштин түбүнө тартып кетпеши үчүн аралаштырып туруу керек. 4. Балыкты ысыган майга салып кууруйсуз.
5. Куурулган балыкты тарелкага салып, үстүнө каймакты жылуу боюнча куясыз да, лимонду фантазияңызга жараша кесип айланасын кооздоп коёсуз.
БАКЛАЖАНГА ОРОЛГОН БАЛЫК
Керектелүүчү азыктар:
Сёмга балыгы – 250 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Жумуртка – 3 даана
Баклажан же цукини – 1 даана
Ашкөк – 1 боо
Татымына жараша туз, калемпир, майонез
Даярдоо ыкмасы:
1. Баклажанды узунунан жука кылып кесип алабыз. Андан соң идишке жумуртканы чагып, туз кошуп, ун чалабыз.
2. Аралашмага баклажанды малып, аны майга куурабыз.
3. Андан соң балыкты майда чарчы формада туурап, аны да майга кууруп алабыз.
4. Сарымсак менен ашкөктү майдалап, куурулган балыкка кошуп, майонез менен аралаштырабыз.
5. Мындан соң куурулган баклажанды тактайга тизип алып, ичине жогорудагы аралашманы салып ороп, тарелкага тизип, фантазияңызга жараша көк чөптөр менен кооздоп койсоңуз болот.
ПАЙДАЛУУ ЖАНА КЫЗЫКТУУ...
КУУРУП БЫШЫРУУ
Балыкты куурууда майды катуу отко ысытып алып, андан соң балыкты саларда отту жайлатып коюп куурсаңыз, текши бышат. Ошондой эле куурулган балыкты чыгарып алган соң анын майын жакшылап сарыктыруу керек. Куурулган балыкты кагазга тизип койсоңуз ашыкча майды соруп алат.
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg