Динара Акулованын эрке кызы Малика сахнадан өз ордун тапканга жетишкен. Мына эми көптү суктандырган ырчы кыз бой жетип, турмуштан да өз бактымды тапсам деп турган кези. Динара айымдын орун басары, ырдоо жагынан, сүйлөө жагынан апасынан кем калбаган Малика Дина жашоосунун жаңы барактары тууралуу кеп салып берди.
– Малика, кечээ сага байланышканымда «маанайым жок» деп бир аз кыялыңды көрсөттүң эле. Анчалык маанайыңды ким түшүрдү?
– Америкадан келгенден бери аба ылгаппы же бул жактын суук климатына көнө албайбы, айтор, ооруп жатам. Өзүмдү жаман сезип эч нерсе жакпай кыжырым келип, бир нерсе эле болуп жүрөм. Анын үстүнө өзүмдүн мүнөзүм да аябай катаал эмеспи. Көп жерден угуп калам, «кыялың атаңдыкындай» деп. Ачуум келип кыялымды көрсөтсөм, үйдөгүлөр «атаңсың, Маликтин эле өзүсүң» деп калышат. Бирок атам жөнүндө эч нерсе билбейм, аталык мээримин да көрбөдүм. Мүнөзүм, келбетим атам болгону менен, тарбиям апамдыкы. 95 пайыз апам эле болуп калдым окшойт. Негизи мен ак көңүлмүн, чарт-чурт этип алганым менен, кайра бат жазылам.
– Жакында сага сөйкө салып кеткенин уктук, той деле алыс эместир. Жакшылыгыңа атаңды чакырасыңбы?
– Чынын айтсам, аябай оор суроо экен. Мен бул туурасында азыркыга чейин ойлонуп келем. Кааласам да, каалабасам да жакшыбы, жаманбы Абдумалик Шерматов менин атам. Ал киши болбосо мен жаралмак эмесмин. Ошондуктан ата катары тоюма чакыруу менин милдетим. Милдетим гана эмес, ар бир ата кызынын бактылуу көз ирмемине күбө болуш керек деп ойлойм. Албетте, атамды тоюма чакырам.
– Ошондо үлпөт тоюңар качан болгону жатат?
– Жигитим экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү ата-энелерибиз билчү. Болочок куда-кудагыйлар жакындан таанышып, мага сөйкө салып кетишти. Тойдун күнүн деле белгилешкен болчу. Бирок мен быйыл эмес, эмки жылы жазга калтыралы деп каршы болдум. Анткени кар да жаап, күн суук болуп калбадыбы. Менин турмушка чыгуу тоюм жайында оюмдагыдай өтсө деп кыялданчумун. 8 жылдан бери сүйлөшүп келатып бир жылга чыдабай калмак белек? Өзүм 18демин, анын деле жашы өтүп кете элек. Мен мындай шашылыш тойду каалабайм. Жигитим экөөбүз шашпай өзгөчө той берүү үчүн эмки жылга калтырдык.
– Нике шакек тагынып алыпсыңар, эмне, үйлөнүп алдыңар беле?
– Сөйкө салып кетишти, нике шакек тагынып алдык, болочок жолдошум деп айтсам деле жарашат го. Көпкө сүйлөшкөндө ал адам жарымың болуп калат экен. Негизи алгач кыз-жигит, сөйкө салгандан кийин болочок жубай, андан кийин аялы-күйөөсү болот эмеспи. Биз азыр экинчи этапта, жубай болуунун алдында турабыз.
– Күйөө бала жөнүндө бир-эки ооз айта кетсең...
– Көптөр интернет баракчама «жигитиңдин жүзүн эмнеге көрсөтпөйсүң?» деп жазышат. Мен аларга «көзүңөр тиет» деп тамашалап коём. Жигитимдин аты – Нурдин, 24 жашта. Бишкекте төрөлүп-өскөн, шаардык жигит. Экөөбүз 10 жашымдан бери таанышпыз. Бирге ойноп чоңойгонбуз. Мурда ал мага ага, дос катары акыл үйрөтүп калчу. Бир жолу анын туулган күнүнө барсам, апасы апама чалып «Динара, кызыңа ак жоолук салып койбоймунбу?» дептир. Апам чочуп кетип «кой, ай, азыр эмес» деп салдырбай койгон. Азыр жигитимдин апасы айтып калат «ошондо эле Кудай оозума салган экен» деп. Сүйүктүүм дагы көбүнчө жумуштары менен чет жерде жүргөн адам. Акыркы эки жылдан бери экөөбүз эки өлкөдөбүз. Үйлөнгөндөн кийин каякта жашаарыбызды чече элекпиз. Балким, Америкага кетебиз.
– Бул жакта апаң жалгыз калбайбы же жаныңарга алып аласыңарбы?
– Кичинемде апама «мен турмушка чыкпайм, күйөөнү сатып алып сенин жаныңда болобуз» дечүмүн. Апам бул жакта жалгыз эмес, туугандар, эл-журт бар дегендей. Ар дайым апамдын жанында жүрүп, алыс кетип калуу мага да оор. Ал эркин адам, каалаган жерине учуп бара алат. Азыр бир тууган эжем Мэри Дина Санкт-Петербургдан үч баласы менен үйгө конокко келишкен. Апам неберелери менен бапырап үй толуп жыргап жаткан кези. Турмушка чыгарда, албетте, апамды жалгыз таштап кетпейм, ишеничтүү бирөөгө тапшырып кетем.
– Турмушка чыккандан кийин чыгармачылыгың калып кетпейби?
– Чынын айтсам, ал жөнүндө ойлобоптурмун, сүйлөшө да элекпиз. Мен чыгармачылыкка баш-отум менен кирсем өсүп кетмекмин. Баары каалоомо жараша болот. Ырдаганды жакшы көрөм, кичинемден бийлеп келгем. Апам менин кичинекейимдеги кыялымды орундатканга шарт түзүп берди. Эми өсөм деп Америкада вокалдык академияга барып окуп жатам. Мындан кийин ырдап укмуш болуп кетемби же супер келинчек болуп үйдө отуруп каламбы, муну убакыт көрсөтөт. Анын үстүнө кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм, аз дегенде 6 балалуу болгум келет.
– Кыргыз тилинде сүйлөй албай кыйналып жатасың, үйдө да орусча сүйлөшөсүңөрбү?
– Кичине кезимде бала багуучум да орус улутундагы аял болгон. Андан кийин балдар бакчасында да орус тайпага бардым. Орус классты бүттүм. Кыргыз тилин унутпаганга аракет кылам, орусча ойлонуп, кыргызчага которуп сүйлөп жатпаймынбы. Муну көптөр түшүнүшпөйт, «обу жоктонуп жатат, кыргызча сүйлөсө болмок» дешет. Үйдө апам деле «кыргыз тилинде сүйлө» деп урушат. Аны менен кыргызча сонун эле сүйлөшөм. Америкадан келгенде тилим англисчеге жакын болуп калганда кыргызча эмес, орусчага түшүнбөй калып жаттым.
– Окууңа кайра качан кетесиң? Ал жакка барганыңда тилден башка дагы кандай өзгөрүүлөр болду?
– Чөйрөгө карап баары өзгөрөт экен. Мурда бийик така кийгенди, боёнуп, тырмак өстүрүп жүргөндү жактырчумун. Азыр андай нерсеге такыр кызыкпай калдым. Мисалы, азыр үйдөн боёнбой эле чыгып баратсам эжем «интервьюга боёнбой эле баратасыңбы?» деп таң калды. Бишкекте дагы 3 ай жүрүп, анан кайра окуума кетем.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg