Австралиянын Сидней шаарында көчөдөгү суулар топтолуучу үстү бетондолгон чуңкурдан ымыркай табылган. Бактыга жараша көчөдөн ары-бери өткөндөрдүн бири чуңкурдагы баланын ыйлаганын угуп калып, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон. Бул кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүлүп, "күкүк эне" кармалып отурат. Полиция кызматы тарабынан берилген маалымат боюнча, 30 жаштагы айым 18-ноябрда уулун эл катары төрөтканада төрөгөн. Бирок анын эртеси эле баласынан кутулууну көздөгөнүнө эмне себеп болгону жана атасы ким экени азырынча белгисиз. Тереңдиги 2 метрлик чуңкурда 5 күн жаткан ымыркайдын ички органдары жаракатка кабылган. Анын аман калуусуна дагы бир себепчи болгон нерсе чуңкурдун түбүнө толуп калган желим бөтөлкөлөр болгон. Өз уулун өлтүрүүгө аракет кылып камакка алынган эне эми эсине келээр бекен белгисиз.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg