КАЙРАДАН ЖАШООГО КАЙТЫП КЕЛҮҮ

Бактысыз күндөр

Башы зыңылдап ооруп турган Мелис ордунан туруп жан жагын карады. Парктын бир бурчунда көк чөпкө жатып калган экен. Колдорун араң кыбыратып кара күрмөсүнүн эки жагын кымтылаган болду. Күн көтөрүлүп калыптыр. Ары-бери өткөн адамдар өз тиричилиги менен убара. Мезгил кеч күзгө таяп калгандыктан, денесинен өткөн сууктан ичиркенип алды. Жука күрмөсүнүн жакасын кайрып алып темтеңдеп жөнөдү. Эптеп тамагына бир нерсе табылса, анан денесин жылытканга жүз грамм ичсе болду.
Анан... анан бардыгына кол шилтеткен кайдыгер жашоо кылдырап уланмак. Болгондо да барың менен да, жогуң менен да иши жок бомждун кадимки жашоосу.
– Эй, Меке, сен кайда?
Артына кылчайса бөтөлкөлөш досу аны ыржыя тиктеп турган экен.
– Кайран досум, тишиңе эч нерсе илинбей турган экен, ээ? Жүрү, экөөбүзгө бүгүн бир иш чыгып калды. Менин каруум келчүдөй эмес.
– Эмне иш?
– Анчалык деле оор эмес. Даараткана тазалайбыз...
Мелис сүйүнүп кетти. Эптеп кандай иш болсо да аткарып, алган биртке акчага курсагын тойгузуп алганы олжо эмеспи. Жанатан араң басып келе жаткан жаны эми ылдамдай досунун артынан түштү. Кечке иштешти. Эмгегине жарыбаган акча алып, эки дос кечкурун шаардын көчөлөрүн аралап жөнөштү. Бир жерге токтоп, арак менен азыраак тамак-аш алып чөп үстүнө отуруп калышты. Канча отурушту белгисиз. Мелис бир кезде караса темтеңдеген досунун карааны узап бара жаткан экен. Эми түндүн камын көрүү керек. Жанатан кекиртегин куйкалап өткөн арактан соң, кечке чарчап талыкшыган денеси ша­лактап оор тарта баштады. Бирок, кечээ паркта чыйрыгып калганын эстеп, кичине болсо да буйга жер издеп барып жатмай болду.

Жолугуу

Кычыроон сууктан ичиркенип алган аял чоң имаратты карай басты. Бул жерде Раянын кийим тигүүчү цехи бар эле. Эшигине жакындай берген Рая кимдир бирөөнүн бүрүшүп босогодо жатканын көрдү.
– Эй, сен кимсиң?
– ...
Жооп болгон жок. Түйүнчөктөй бүрүшүп жаткан эркекти эңкейип карап туруп, мурдун чүйрүп алды. «Бомж тура, карасаң келип жаткан жерин, башка жер таба албай калгансып... Азыр мен муну...» деп кыжырланып алды.
– Эй, бул жерде эмне жатасың? Тур деп жатам сени...
Мелис көзүн ушалап өйдө болду да, өзүн карап турган сымбаттуу аялды көрдү.
– Кечиресиз, сууктан коргонуп...
– Тиги темир тосмодон кантип өттүң?
– Боорунда мен баткандай жер бар экен...
Корунуп тиктеп калган Мелистин жалтак көздөрүн карап туруп урушайын деп бара жаткан Рая башын чайкап туруп калды. Байкаса анча деле мас эместей. Эшиктин суугу тиги...
– Болуптур, тигинде кароолчунун будкасы турат. Ичинде плитка бар. Ошол жерге барып бүгүн түнөп ал да, эртең кет. Экинчи сени бул тегеректен көрбөйүн...
Рая муздак сүйлөдү да, өзү эшикти ачып кирип кетти. Анын артынан ээрчий караган Мелистин оозун кыбыратып рахмат айтканын уккан жок.

ххх

Ооба, тагдырдын бурганагы менен күрөшүп келген бул аялдын да өзүнчө аянычтуу тагдыры бар эле. Бойго жетип, окуйм деп эч кимди көзүнө ил­бей турганда өздөрүнүн айылындагы жашы кыйла улуу Баратбай деген ала качып алган. Бирок, асыл жардын баркына жетпей кор тута бергенинен Рая баса берген эле. Күйөөсүнүн мыкаачылыгын ойлогондо азыр да ичиркенип кетет. Кычыраган суукта жылаңаяк эшикке кууп чыгып, анысы аз келгенсип көгала койдой сабап, көргөзбөгөн кордугу калган эмес. «Сен тигини карап күлүп койдуң. Сен буга сүйлөп койдуң» деп кылдан кыйкым тапкан суук сөздөрү жүрөгүнө ийнедей кадалып, ого бетер муздатчу. Ошондон кийин эркек аттуудан көңүлү калып өз алдынча турмуш кечирип келе жаткан. Бул кичине ишканасын ачып алганына да бир топ болуп калган.
Мелис ордунан туруп Рая көргөзгөн будканы көздөй жөнөдү. Ичинде чын эле плитка, чайнек бар экен. Сүйүнүп кетти. Чай кайнатып ичип отуруп машинанын жүрүп кеткенин укту. Көз алдында сумсая тигилген бейтааныш аялдын элеси кала берди.

Жылуулук жана ишеним

Ошол күндөн тартып Мелис ушул тегеректи айланчыктап калды. Балким, эч кимден жылуу сөз укпай келген шордууну бир күн болсо да жылуу жай берген аялдын мамилеси тарттыбы же күндүн суугунан тоңуп өлүп калбайын деген коркунучтанбы, айтор, ушул короонун ичинде байыр алып калды. Алгач кууп, урушуп жүрсө, кийин короонун алдын шыпырып, майда-барат жумуштарды жасай коюп жүргөн Мелиске бул жердегилер көнүп калышты. «Шордуу көп деле ичпейт көрүнөт. Кароолчу табылганча цехти карап короону шыпырып жүрө берсин. Кыш өтүп кетсе кетээр» деп ойлогон Рая азыраак акча берип коюп жүрдү. Бир күнү Рая адаттагыдай эле кеч чыгып машинесине отуруп жүргү­зөйүн десе машинеси жүрбөдү. Ачып алып ары карап, бери карап, айласы кеткенде дөңгөлөгүн буту менен тээп-тээп алып дарбазага жөнөй берди.
– Эмне болду?
Угулган үндөн башын көтөрө берип маңдайында турган Мелисти көрдү.
– Сага эмне? Өз ишиңди билчи...
Бурк этип басып кетмей болгон Раяны кайрадан салмактуу үн токтотту.
– Мен карап көрөйүн, балким, оңдоп берээрмин...
– Сенби? Өмүрүңдө машина эмне экенин билбесең керек...
Ызалуу күлгөн аял мыскыл сүйлөдү.
– Билем.
Мелис жай басып барып машинени карай баштады. Алгач шылдыңдап карап турган аял эми Мелистин эптүү кыймылдаган колдорун таңкала карап калды. Бир сааттай алышып жатып машинаны оңдоп бүткөн Мелис колун аарчый берип Раяга карады.
– Кана эми, жүргүзүп көргүлөчү...
Рая машинасына отуруп от алдырып көрдү. Машинасы шар эле от алып жүрүп кетсе болобу...
Рая өзү да байкабай Мелиске жылмайып койду. Ансайын жигиттин жүрөгү дүрбөлөңгө түшүп кала берди.

Көз жаш жана сүйүү

«Ал мени эмне кылат эле? Кааласа солкулдаган жигиттер колун сурайт. А мен ким? Эч ким эмесмин. Келечегим да, атүгүл, өткөнүм да жок шордуумун. Кетишим керекпи? Бирок, кайда? Кантип аны жалгыз таштап кете алам? Ал жалгыз да... анан назик, боорукер дагы... Кээде кабагы ачылбай муңканып калат. Эмнени ойлойт болду экен ошондо? Мен ал үчүн баарына даяр экенимди, керек десе ал үчүн жанымды кыйып коё алаарымды билет болду бекен?» Канчадан бери ушундай ой күрөшү менен күрөшүп келет. Азыр да тамекисин тартып ойлуу отурган Мелис жанына Раянын келип калганын байкабай калды.
– Эмне болду сага?
Маңдайында турган Раяны көрүп селт чочуп кетти.
– Менби? Жөн эле..
Биринчи жолу Рая Мелистин жүзүнө тигиле карады. Каректе чөгүп турган муң аны кошо өзүнө тартып кетчүдөй жүрөгү болк эте түштү. Бул эмнеси?
– Рая, мен...
Канча айдан бери тилинин учунда турган нерсени айта албай шалдырап турду.
– Мен кетишим керек.
Оозунан таптакыр күтүлбөгөн нерсе чыкты.
– Кайда кетесиң?
– Билбейм.
Дудуктай болуп экөө тең бири-бирин карап тура беришти. Рая билинбей жүрүп Мелистин өзүнө жө­лөк болуп калганын туйду. Кетиргиси жок. Күнүмдүк бир нерселерди кобурап укмаксанга салып жанынан оолактаганча шашты. Раянын ишканасындагы электриги да, кароолчусу да, айдоочусу да Мелис болуп калган эле. Мелистин да убагында көр­бөгөн кордугу, жасабаган жумушу калган эмес. Табиятынан тырышчаак жаны техника болсо техниканы, усталык десе усталыкты узанаар эле. Тээ ки­чине кезинен эле бир нерсени карап туруп эле үйрөнүп алчу. Ушундай жөндөмү менен бул ишканага да өз адам болуп калган. Бирок, өмүр бою жугуп калгансыган «бомж» деген ат чекесине бүт­көндөй, эч качан ушул нерседен кутула албачудай сезилип кетээр эле. Мелис Раянын артынан карап селейип турду.


Сыр чечүү

Жаз да келди. Бирок, жоготкон жогун тапкансып Мелис ушул жерден кеткиси жок. Бир күнү Раянын машинесинен бир кишини көрүп калды. Көзүн бардап ачып кайра карады. Кийинки кездерде ушул киши Раянын жанына имерчиктеп калганын байкаган. Бирок, кезектеги кардар болсо керек деген эле. Жаны жанчыла сыздап, дем тартпай көпкө карап турду да, көрбөйүн да күйбөйүн дегендей бурула берди да, өзү жашаган будкага кирип, эндиреп отуруп калды. Эки ийни солкулдап ичтен түтөп, эмне кылаарын билбей кыйналды. Эчен айдан бери колун кармаганга даай албай, бийик, ыйык деген аялды тиги уйпалап жатканына дили эч макул болбой турду. Тиги Раяны бир нерсеге макул кыла албай жаткандай бир нерселерди эле тү­шүндүрүп жатат. Рая болсо башын чайкап көнбөй жаткандай. Бир кезде ал Раянын каршылык көр­сөткөнүнө карабай кийимине асыла баштады. Муну күтпөгөн Рая кыйкырып жиберди.
– Акмак десе, наадан. Коё бер мени...
Раянын үнүн угуп Мелис ордунан ыргып кетти. Кантип жетип тигини машинеден желкелеп алып чыкканын, канжалаган бетин баса калган кишини жүндөй сабап жибергенин байкабай калды.
– Жогол!
Энтиге көзүнөн заары учкан Мелисти кекете караган тиги киши ызырына берди.
– Эй, эбак эле бул бомжуң менен ойнош болуп алгам дебейт белең? Анда сага акчамды да коротпойт элем. Ха, эми бомж-кароолчуң менен жашай бер!
– Жогол дедим...
Экөө аздан соң цехтин ичине кирип отуруп калышты. Ичтен сызган армандарын, сырларын төгүп, бири ыйласа бири сооротуп, бирине-бири эш болуп отурушту.
– Өх, ушунчалык кыйналып кеттим. Менде азыр баары бар. Бирок, жалгыздык жанга батты. Анан жа­­нагыга окшогон немелердин жабышканы да кө­көйгө көк талкандай тийди. Мына жакында 38ге чыгам. Өмүрүм куру бекер өтүп бара жаткандай сезилет.
Мелис алдында бышактап ыйлап отурган аялды карап отура берди. Бир кезде Рая жашын сүртүп Мелиске карап калды.
– Кызык, мен ушуга чейин сенин турмушуң жө­нүндө сурабаган экем. Канчадасың?
– 36да.
– Кантип эле? Мен сени менден бери дегенде беш жаш улуу экен деп жүрбөйүмбү...
Мелис муңайым жылмайып койду.
– Эмне болуп?..
Раяны эмнени сурай албай жатканын сезип башын көтөрө берди.
– Кантип бомж болуп калдың дейсиң го...
– ...
– Мен балдар үйүндө өстүм. Кичинемден апам- атам ким экенин билбейм. Бирде ач калып, бирде ток калып көп азап тарттым. Жайкы каникул болду дегенче агайым мени үйүнө алып кетчү. «Мелис, сен жакшы баласың. Мындан ары биздин үйдө жүр. Жеңеңе оокатка каралашып, балдарга жардам бер» деп. Ошол агайым менен жүрүп көп нерсени үйрөн­дүм. Көрүнгөндүн жумушун жасатып, анан мен үчүн акча алчу эле. Мен ал акча алып жүргөнүн алгач билчү эмесмин. Жөн гана куруучулар менен жүрүп куруучулукту, электрик менен жүрүп анын ишин үйрөнгөн кызык эле мага. Анын үстүнө колум өзү жөндүү. Кызматыма кызыгып жай бою иштетип туруп бир тыйын акча бербей кайра балдар үйүнө жеткирип салчу агайым. Анан союз чачырап кетти. Балдар үйү тарады. Көптөгөн жетимдерге кошулуп мен дагы көчөдө калдым. Ошол боюнча жашоодон үмүтүмдү үзүп жалгыз күн кечирип күндүн өткөнү эсеп болуп калган эле мага.
– Анан?
– Анан бир адам кезигип калды. Өмүрүмдө бир адамдын мээрими жылытты мени. Түндө түшүмө киришин Кудайдан тилеп, күндүз бир көргөндү бакыт санап жашап калдым. Оңолоюн деп чечтим. Балким, адам катарына кошулуп кетем деп ойлодум. Мен дагы эл катары үйбүлө күтүп, бала сүйгүм келет. Кийинки кездери мен ал адамсыз жашай албай бара жатам. Анткени, ал адам мендеги... жалгыз... үмүт...
Мелис мукактанып токтоп калды.
Аял ордунан козголгондон коркконсуп отура берди. Рая «ал адам ким?» деп сурабады. Мелис «ошол сенсиң» деп айткандан кысынды. Ошол боюнча таң атканча үн катпай отура беришти.

Түбөлүккө биргебиз

Эртең менен келип жумушуна бара жаткан Рая кийим тиккен эки кыз кимдир бирөөнү карап шыңкылдап күлүп жатканын байкады.
– Байкең кеткени калган го...
– Аны кетирбей эмне кылат элең? Же күйөө кылып аласыңбы?
– Эмне экен күйөө кылса...
Рая кызыкчылык үчүн көз жиберип алып турган ордунда ката түштү. Мелисти айтып жатышкан экен. Кайдадыр узун жолго аттанчудай кийимдерин, көр- жерин иреттеп, кичинекей будканын ичин жыйнап жаткан экен. Раяны байкаган деле жок.
– Кайда барасың?- деди жакын келген аял.
– Аа, кандай ? Жөн эле досторума жолугуп келе­йин деп...
Мелис көңүлсүз экенин көрүп, Рая үн катпастан артына бурула берди. Ошондон баштап Мелистин жоголуп кеткени көбөйдү. Кээде ичип келчү да болду. Мурунку иштерман, күйүмдүү Мелис кайрадан бомжга айланып бара жатканын баары байкашты.
Рая да Мелиске көнүп алган экен. Эмне кылса да оюнда турганы турган. Ушул жашоосунда пайда болгон камкор адам колунан чыгып кетээрин ойлогондо ичи түтпөй кетет. Азыр да бир жерге токтой албай ээн үйүндө бушайман боло берди. «Сыртта жамгыр... Кайда болду экен? Эски досторуна кошулуп, бар үмүтүн жоготуп кайрадан карыптын кейпин кийсе өмүр бою күнөөлүү болом го. Бирок, кимдин алдында? Анынбы же өзүмдүнбү? Балким, келечегибиздин алдында болуп жүрбөсүн... Кой, Кудай анын бетин ары кылсын. Мен аны сактап калышым керек. Бул менин адамдык парызым.»
Ойлору менен алышып жатып кантип туруп кийинип жөнөп калганын байкаган жок. Бир нерседен кечиккендей шашып баратты. Машинасынан өткөн-кеткен кишилердин арасынан Мелистин караанын издейт. Бир кезде жол жээгинде жалгыз отурган Мелисти көрдү. Машинасынан түшүп, жакындай берди. Чөгөлөп маңдайына отура калды.
– Мелис...
Мелис башын көтөрүп маңдайында бактылуу жылмайган аялды көрдү.
– Рая?! Сен кайдан?
– Сени издеп...
Мелистин кубанычтан үнү буула түштү.
– Кандайча?
– Мен сага өзүм келдим. Биз эми бир болобуз... Мен сени эки айрылыш жолго таштай албайт экем.
– Чынбы? Рая, менин үмүтүм үзүлүп калбады беле? Мени жашоого кайра алып келээриңди билген элем. Рахмат сага, жараткан... Рахмат!
Мелис Раяны бооруна кысып жиберди. Бетинде салаалаган көз жаш... Бул анын биринчи жолу кубангандан аккан көз жашы эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kansuluu
2010-07-02 13:25:55
Умуттун шамын очурбош керек!
0
erkekyz22
2012-08-25 04:15:03
ммдаа айдын 15ши карангы болсо 15ши жарык деп бекер айтышпаса керек.
0
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан